Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы финансылык жардам берүү жөнүндө ПРОТОКОЛ
Бишкек шаары, 2018-жылдын 1-сентябры
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Тараптар жана өз алдынча - Тарап деп аталып), узак мөөнөттөгү достук мамилелерди жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн реформалоого колдоо көрсөтүү алкагында, аскердик кызматташтыкты бекемдөө максатында,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Максаты
Ушул Протоколдун максаты болуп Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө грант түрүндө берилүүчү 360000 (үч жүз алтымыш миң) АКШ долларынын эквивалентиндеги түрк лирасы суммасындагы финансылык жардамды өздөштүрүүнүн принциптерин аныктоо эсептелинет.
2-берене. Колдонуу чөйрөсү
Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилүүчү финансылык жардам Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн Түркия Республикасындагы кыска мөөнөттөгү окуу курстарын (бир айдан ашык эмес) жана Түркия Республикасынын атынан Тынчтык үчүн Өнөктөштүк Борбору, Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча борбору жана Эл аралык деңиз коопсуздугун сактоо борбору сыяктуу алдыңкы тажрыйбалуу борборлор тарабынан берилүүчү/координациялануучу сапарларын төлөөдө ташуу, тамактануу жана жашоо, курстарды төлөө (көп чыгымдарды алып келген курстар/тренингдерден тышкары) менен байланышкан чыгымдарын жабуу үчүн колдонулат, жана ошондой эле Бельгиянын Моне шаарындагы НАТОнун "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" Координациялык тобуна жылына 30000 (отуз миң) АКШ доллары өлчөмүндө жана Түркия Республикасынын Измир шаарындагы НАТОнун Штаб-квартирасына дайындалган жылына 24000 (жыйырма төрт миң) АКШ доллары өлчөмүндө кыргыз өкүлдөрүнө ай сайын төлөмдөр үчүн жана жогоруда аталган өкүлдөрдүн миссиясы аяктагандан кийин кызмат ордуна чейин жана кайра келүүгө авиабилеттерди алуу үчүн колдонулат.
3-берене. Компетенттүү жана координациялоочу органдар
Ушул Протокол Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Коргоо иштер боюнча мамлекеттик комитети тарабынан жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлиги тарабынан аткарылат. Ушул Протоколду аткаруу боюнча координациялоочу органдар Түркия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги жана Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Элчилигине караштуу Аскердик атташенин Аппараты болот.
4-берене. Ишке ашыруу принциптери
1. Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында Түркия Республикасынын Элчилигине караштуу Аскердик атташенин Аппаратынын банк эсебине которулуучу финансылык жардам Түркия Республикасынын Генералдык штабынын буйруктарына ылайык Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Элчилигине караштуу Аскердик атташенин Аппаратынын көзөмөлү алдында чыгымдалышы керек.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бөлүнгөн финансылык жардам ушул Протоколдун 9-беренесинин белгиленген мөөнөттө колдонулушу керек. Колдонулбаган акча каражаттары Түркия Республикасынын Мамлекеттик казынасына кайтарылат.
3. Ушул Протоколдун жоболору Тараптар катышуучу болгон башка эл аралык макулдашуулардан келип чыгуучу милдеттенмелерди чектебейт, жана башка мамлекеттердин укуктарына, коопсуздугуна жана аймактык бүтүндүгүнө каршы колдонулбашы керек.
5-берене. Жашыруун маалыматты коргоо
Тараптар ушул Протоколдун маалыматтарын жана Тараптар алмаша турган жашыруун маалыматты үчүнчү тараптын өкмөтүнө, компанияга же адамга башка тараптын макулдугу жок ачпоого милдеттенет. Жашыруундуулуктун бул принциби ушул Протоколду колдонуу аяктагандан кийин дагы колдонулат.
6-берене. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу
Ушул Протоколду ишке ашыруунун же талкуулоонун жүрүшүндө талаш-тартыш маселелер келип чыккан учурда үчүнчү Тарапты, арбитражды же эл аралык сотту тартууга жол берилбейт, жана дипломатиялык каналдар аркылуу сүйлөшүү жолдору менен чечилиши керек. Эгер Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча чечимге келе алышпаса, ушул Протоколдун 9-беренесинде келтирилген жоболорго ылайык өзүнүн аракетин токтотот.
7-берене. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор
Тараптардын ар бири ушул Протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү сунуштай алат. Тараптар жазуу түрүндөгү кабарлоону алаары менен 30 күн ичинде өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү башташы керек.
Тараптар менен макулдашылган жана жазуу түрүндө таризделген толуктоолор ушул Протоколдун 8-беренесине ылайык күчүнө кирет.
Эгерде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн жүрүшүндө 60 күндүн ичинде жыйынтыктар болбосо, ушул Протоколдун 9-беренесине ылайык ушул Протокол өзүнүн аракетин токтотот.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Тараптар ушул Протокол менен каралган өзүнүн милдеттерин аткарууну улантат.
8-берене. Бекитүү жана күчүнө кирүүсү
Ушул Протокол, анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду тараптар бүтүргөндүгү жөнүндө акыркы кабарлоону дипломатиялык каналдар боюнча алган убактан баштап күчүнө кирет.
9-берене. Колдонуу мөөнөтү жана токтотуу
Ушул Протокол 5 (беш) жыл ичинде күчүндө болот. Эгерде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бөлүнгөн акча каражаттар толук колдонулуп бүтсө, ушул Протоколдун колдонулушу акыркы жазуу түрүндөгү билдирүүнү алган убактан баштап токтотулат.
Эгерде Тараптардын бири ушул Протоколдун жоболорунун талаптарын сактабаса же экинчи Тарап сактабай жатат деп эсептесе, Тараптар жазуу түрүндөгү кабарлоону алгандан кийин 30 күндүн ичинде баштала турган жазуу формасындагы кеңеш берүүлөрдү сунуштай алышат. Эгерде 60 күндүн ичинде макулдашууга келбесе, кайсы гана Тарап болбосун жазуу түрүндөгү кабарлоону алган убактан баштап 60 күн ичинде ушул Протоколдун колдонулушун токтото алат.
Ар кандай себеп боюнча Протоколдун аракетин токтотуу ушул Протоколдун 4-беренесинин жоболоруна таасир эте албайт.
10-берене. Текст жана кол коюу
Ушул Протокол эки нускада, ар бири кыргыз, түрк, орус жана англис тилдеринде даярдалды, ошондой болсо да бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Протоколду ишке ашыруунун жүрүшүндө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Ушуну тастыктап, төмөндө кол койгон эки Тараптын өкмөттөрү ыйгарым укук берген өкүлдөр ушул Протоколго Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында 2018-жылдын 1-сентябрында кол коюшту.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан |
| Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан |
Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы |
| Коргоо министри |
генерал-майор Райимберди Дүйшөнбиев |
| Хюлюси Акар |