Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 161 токтомуна) |
Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө түзүүнүн жана жүгүртүүнүн УБАКТЫЛУУ ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Убактылуу тартип электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураны ыктыярдуу тартипте колдонуу боюнча пилоттук долбоордун катышуучуларына карата колдонулат жана квалификацияланган электрондук кол тамганы колдонуу менен электрондук документ түрүндөгү, анын ичинен кошумча (оңдоп-түзөтүлүүчү) эсеп-фактураны жүгүртүүдө (мындан ары - тариздөө/алуу) электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын (мындан ары - электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучулары) ортосунда документ жүгүртүүнүн жол-жоболорун белгилейт.
2. Ушул Убактылуу тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
"виртуалдык кампа" - товарларды жана электрондук документтерди эсепке алууга мүмкүндүк берген маалыматтык система;
"электрондук документтер түрүндөгү эсеп-фактурлардын маалыматтык системасы" - ыйгарым укуктуу салык органынын салыктык башкаруу жана контролдоо маалыматтык системасынын модулу (мындан ары - ЭЭФ МС);
"салык төлөөчү" - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жагдайлар болгон учурда салыктарды төлөө жана эсеп-фактураны тариздөө милдети жүктөлгөн субъект;
"эсеп-фактуранын номери" - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык ЭЭФ МС түзүлүүчү эсеп-фактуранын уникалдуу генерирленген номери;
"эсеп-фактура" - салык мыйзамдарына ылайык товарларды сатууда, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө электрондук документ же кагаз жүзүндөгү документ түрүндө салык төлөөчү тарабынан таризделүүчү салыктык документ;
"кабарлоо" - электрондук формада түзүлгөн ЭЭФ МС билдирүүсү;
"ЭЭФ МС катышуучусунун эсептик системасы" - алгачкы эсепке алуу документтеринин маалыматын, бухгалтердик эсепке алуу регистрлерин, салык салынуучу объекттер жана/же салык салууга байланыштуу объекттер жөнүндө маалыматты камтыган, салыктык милдеттерди аткаруу максатында жүргүзүлүүчү бухгалтердик жана салыктык эсепке алуу системасы;
"салык төлөөчүнүн электрондук кол тамгасы" - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан берилген квалификацияланган электрондук кол тамга;
"электрондук документ жүгүртүү" - эсеп-фактураларды тариздөө/алуу, ошондой эле ЭЭФ МСда эсеп-фактураларына номерлерди ыйгаруу;
"Excel форматы" - Microsoft Office Excel электрондук таблицалары менен иштөө үчүн программалык камсыздоо файлдарынын форматы;
"салык төлөөчүнүн кабинети" - электрондук документ жүгүртүүгө катышуу үчүн ЭЭФ МСдагы электрондук сервис.
3. Ушул Убактылуу тартипте колдонулуучу терминдер жана аныктамалар ушул Убактылуу тартипте аныкталган мааниде чечмеленет. Ушул Убактылуу тартиптеги терминдердин жана аныктамалардын чечмелениши болбогон учурда, терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарында жана/же Евразия экономикалык бирлигинин укугунда аныкталган мааниде түшүнүлөт.
4. Электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
- салык төлөөчү - ушул Убактылуу тартипке ылайык ЭЭФ МСда катталган жеткирүүчү жана сатып алуучу;
- салык кызматынын органдары.
5. ЭЭФ МС эсеп-фактураларын жүгүртүүдө (тариздөөдө/алууда) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде маалыматтын сакталышын камсыз кылат.
6. Эсеп-фактуранын түрлөрү:
1) "электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактура" (мындан ары - ЭЭФ) ЭЭФ МСда таризделген электрондук салыктык документ;
2) "кагаз жүзүндөгү эсеп-фактура" (мындан ары - кагаз жүзүндөгү ЭЭФ) - ЭЭФ МСда түзүлгөн белгиленген реквизиттерди жана номерди камтыган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келген кагаз жүзүндөгү салыктык документ.
2-глава. Электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусун - салык төлөөчүнү каттоо жана аны жокко чыгаруу
7. ЭЭФ МСда электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары катталган салык төлөөчү ЭЭФ МСда ЭЭФти тариздейт/алат жана ыйгарылган номерлерин колдонот.
8. Электрондук кол тамганы текшерүү ачкычынын квалификацияланган сертификаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан берилет.
9. Салык төлөөчү - электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу (мындан ары - салык төлөөчү):
- Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык квалификацияланган электрондук кол тамганы алат;
- ушул Убактылуу тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча электрондук документ жүгүртүүгө катышуу жөнүндө арызды салыктык катталган жери боюнча салык органына берет;
- салык төлөөчүнүн кабинетине уруксат алат.
10. Эгерде салык төлөөчү пилоттук долбоорго катышууну токтотуу жөнүндө чечимди кабыл алса, анда мындай салык төлөөчү салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу ушул Убактылуу тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча квалификацияланган электрондук кол тамга коюлган ЭЭФ МСдагы каттоону жокко чыгаруу жөнүндө тийиштүү арызды жөнөтүүгө укуктуу.
11. Салык органы ушул Убактылуу тартиптин 10-пунктунда көрсөтүлгөн арыз келип түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирбей салык төлөөчүнүн ЭЭФ МСдагы каттоосун жокко чыгарат.
3-глава. Электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураны тариздөө жана колдонуу
3.1-§. ЭЭФ МСда ЭЭФти тариздөө/алуу (колдонуу) жол-жоболору
12. ЭЭФ МСда ЭЭФти тариздөө/алуу виртуалдык кампа менен төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:
1) ЭЭФ МСда ЭЭФти бир жолу тариздөөнү/алууну же ЭЭФти пакеттик жүктөөнү/түшүрүүнү реалдуу режимде жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берген салык төлөөчүнүн кабинети;
2) салык төлөөчүнүн эсептик системаларына салык төлөөчүнүн кабинетинде каралган бардык операцияларды ЭЭФ МСда аткарууга мүмкүндүк берген тышкы программалык интерфейс.
13. Виртуалдык кампа менен иштөө нускамасы жана ЭЭФти пакеттик жүктөө/түшүрүү форматы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
14. ЭЭФ МСда камтылган, салык төлөөчүнүн квалификацияланган электрондук кол тамгасы коюлган электрондук документ ЭЭФ түп нускасы болуп саналат.
15. ЭЭФ таризделген дата болуп ЭЭФ МС аркылуу жеткирүүчүдөн сатып алуучуга ЭЭФ келип түшкөн дата эсептелет.
Эгерде жеткирүүчүгө ЭЭФ МСдан тийиштүү кабарлоо келип түшсө, ЭЭФ таризделген болуп эсептелинет.
16. Сатып алуучу ЭЭФти алган дата болуп ЭЭФ МС аркылуу сатып алуучуга жеткирүүчү тарабынан ЭЭФ тариздеген дата эсептелет.
Эгерде сатып алуучуга ЭЭФ МСдан тийиштүү кабарлоо келип түшсө, ЭЭФ алынды деп эсептелет.
17. Сатып алуучу ЭЭФ алууда:
- ЭЭФ алганын ырастайт;
- ЭЭФти алуудан баш тартуу жөнүндө кабарлоону ЭЭФ МС аркылуу жөнөтүү менен ЭЭФти алуудан баш тартат.
Жеткирүүчү сатып алуучунун ЭЭФти алуудан баш тартуусу жөнүндө кабарлоону алганда, сатып алуучуга оңдоп-түзөтүлүүчү ЭЭФти жөнөтөт же алгачкы ЭЭФти кайра чакыртып алат.
Жеткирүүчү оңдоп-түзөтүлүүчү ЭЭФти тариздеген учурда, алгачкы ЭЭФ жокко чыгарылды деп эсептелет.
Жеткирүүчү таризделген ЭЭФти кайра чакыртып алган учурда, бул ЭЭФ жокко чыгарылды деп эсептелет.
18. Ушул Убактылуу тартиптин 17-пунктунда каралган сатып алуучунун жана жеткирүүчүнүн иш-аракеттери сатып алуучу алгачкы ЭЭФти алган күндөн тартып он календардык күндүн ичинде ишке ашырылат.
19. Эгерде сатып алуучу ушул Убактылуу тартиптин 18-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде ЭЭФти алгандыгын ырастабаса же ЭЭФти алуудан баш тартпаса, ЭЭФ алынды деп эсептелет.
20. Жеткирүүчү мурда таризделген ЭЭФти ал таризделген күндөн тартып он күндүн ичинде кайра чакыртып алууга укуктуу.
Жеткирүүчү мурда таризделген, анын ичинде оңдоп-түзөтүлүүчү ЭЭФти кайра чакыртып алган учурда, мындай ЭЭФ жокко чыгарылды деп эсептелет.
21. ЭЭФти кайра чакыртып алуу ал таризделген күндөн тартып он календардык күн өткөндөн кийин мүмкүн эмес.
22. Жеткирүүчү сатып алуучуга ЭЭФти тариздөөдө:
а) ушул Убактылуу тартипке ылайык ЭЭФти түзөт;
б) ЭЭФ МС аркылуу сатып алуучуга ЭЭФти жиберет.
23. Салык төлөөчү КНС боюнча өткөн салыктык мезгилдин акыркы күнүнөн кийинки беш жумуш күндөн кечиктирбестен КНС боюнча ошол өткөн салыктык мезгилде ишке ашырылган жеткирүүлөргө эсеп-фактураларын тариздөөгө укуктуу.
Мисалы: салык төлөөчү 10-майда товарларды жеткирген же кызматтарды көрсөткөн. Ал счет-фактурада жеткирүүнүн иш жүзүндөгү датасын - 10-май деп көрсөтүү менен ошол жеткирүү боюнча эсеп-фактураны 5-июнга чейин тариздөөгө укуктуу.
3.2-§. ЭЭФ МСда катталган жеткирүүчү тарабынан ЭЭФ МСда катталбаган сатып алуучуга ЭЭФтин таризделиши
24. Эгерде сатып алуучу ЭЭФ МСда ЭЭФ электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары катталбаса, жеткирүүчү:
1) квалификацияланган электрондук кол тамганы колдонуу менен ЭЭФ МСда ЭЭФти тариздейт;
2) ЭЭФ МСдан каттоо номери менен таризделген ЭЭФны басып чыгарат;
3) ЭЭФ ЭЭФти тариздеген жетекчинин жана башкы бухгалтердин, же болбосо башка ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын колдору менен күбөлөндүрөт жана өзүнүн же өз филиалынын (өкүлчүлүгүнүн) мөөрү менен бекитет. Электр байланыш, жылуулук энергиясы, электр энергиясы, суу менен камсыздоо, канализация кызматтарын көрсөткөн жеткирүүчү, ошондой эле ай сайын 5000 ашык ЭЭФти тариздеген башка жеткирүүчүлөр ЭЭФтин басып чыгарылган бланктарында жетекчинин, башкы бухгалтердин колдорунун ордуна факсимиль кол тамгаларын коё алышат;
4) ушул пунктка ылайык таризделген кагаз жүзүндөгү ЭЭФтин нускасын сатып алуучуга берет.
4-глава. Тышкы факторлор боюнча ЭЭФ МС ишинде бузулууларда жана ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыкканда кагаз жүзүндөгү ЭЭФти жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрү
25. ЭЭФ кагаз жүзүндө төмөнкү мезгилде таризделиши мүмкүн:
1) тышкы факторлор боюнча ЭЭФ МС ишиндеги бузулууларда;
2) ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыкканда, башкача айтканда алдын алууга же болтурбоого мүмкүн болбогон, же болбосо алдын алууга мүмкүн, бирок болтурбоого мүмкүн болбогон жер титирөө, суу каптоо сыяктуу табигый кырсыктардын же башка жагдайлардын натыйжасында келип чыккан өзгөчө жана болтурбоого мүмкүн эмес жагдайлар келип чыкканда. Көрсөтүлгөн жагдайлар атайын далилдөө каражаттарына муктаж эмес жалпыга белгилүү фактылар, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы басылмалар же башка ыкмалар менен белгиленет.
26. Тышкы факторлор боюнча ЭЭФ МС ишинде бузулуулар болгон учурда, салык төлөөчүгө техникалык бузулуулар жөнүндө тийиштүү кабарлоо жиберилет.
27. Ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыккан же тышкы факторлор боюнча ЭЭФ МС ишинде бузулуулар болгон учурда, салык төлөөчү:
1) ЭЭФти кагаз жүзүндө тариздөө зарылдыгы келип чыкканда салыктык катталган жери боюнча салык органына берилүүчү, ушул Убактылуу тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча кагаз жүзүндөгү ЭЭФ номерлерин алууга арызда ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыккан датаны көрсөтөт;
2) салыктык катталган жери боюнча салык органына кагаз жүзүндөгү ЭЭФтин экинчи нускасын төмөнкүлөр менен бирге берет:
- эгерде ал КНС салык төлөөчү катары катталса, салыктык мезгил үчүн КНС боюнча отчет менен бирге;
- эгерде ал КНС боюнча катталбаса, кагаз жүзүндөгү ЭЭФ таризделген айдан кийинки айдын 25инен кийинки күндөн кечиктирбестен, Excel форматында электрондук алып жүрүүчүдөгү ЭЭФти милдеттүү түрдө берүү менен, ушул Убактылуу тартиптин 3-тиркемесине ылайык кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуралардын колдонулбаган номерлеринин калдыгы жана таризделген ЭЭФ реестри менен бирге;
3) үчүнчү нусканы өзүндө сактайт.
28. Салык органы ушул Убактылуу тартиптин 27-пунктунун 2-пунктчасына ылайык документтер келип түшкөн күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде ЭЭФтин колдонулбаган номерлеринин калдыктарын ал жеткис күчтүн жагдайлары же тышкы факторлор боюнча ЭЭФ МС ишиндеги бузуулар токтогон учурдан тартып жараксыз деп тааныйт.
29. Кагаз жүзүндөгү ЭЭФтин номерлерин алуу, тариздөө, колдонуу жана номерлерин жараксыз деп таануу ушул Убактылуу тартиптин 5-главасына ылайык ишке ашырылат.
5-глава. Тышкы факторлор боюнча ЭЭФ МС ишиндеги бузууларда жана ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыкканда салык төлөөчү тарабынан кагаз жүзүндөгү ЭЭФтин номерлеринин алынышы, таризделиши жана колдонулушу
30. Ушул Убактылуу тартиптин 4-главасында көрсөтүлгөн учурларда, жеткирүүчү:
1) салыктык катталган жери боюнча салык органына ушул Убактылуу тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча кагаз жүзүндөгү ЭЭФтин номерлерин алууга (мындан ары - номерлерди алууга арыз) арыз берет;
2) кагаз жүзүндөгү ЭЭФти үч нускада тариздейт:
а) биринчи нусканы сатып алуучуга берет;
б) экинчи нусканы салыктык катталган жери боюнча салык органына берет:
- эгерде ал КНС төлөөчү катары катталган болсо, салыктык мезгил үчүн КНС боюнча отчет менен бирге;
- эгерде ал КНС боюнча катталбаса, кагаз жүзүндөгү ЭЭФ таризделген айдан кийинки айдын 25инен кийинки күндөн кечиктирбестен, Excel форматында электрондук алып жүрүүчүдөгү ЭЭФти милдеттүү түрдө берүү менен, ушул Убактылуу тартиптин 3-тиркемесине ылайык кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуралардын колдонулбаган номерлеринин калдыгы жана таризделген ЭЭФ реестри менен бирге;
в) үчүнчү нусканы өзүндө сактайт.
31. Кагаз жүзүндөгү ЭЭФ эсеп-фактураларын тариздөөнүн жана колдонуунун убактылуу тартибине ылайык толтурулат.
32. Номерлери алууга арыз салык төлөөчү же болбосо анын жазуу жүзүндөгү буйругуна ылайык дайындалган ыйгарым укуктуу адамы тарабынан салыктык катталган жери боюнча салык органына кагаз жүзүндө, өзү баруу тартибинде берилет.
Ыйгарым укуктуу адамды дайындоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү буйруктун түп нускасы салык төлөөчү тарабынан ошол адам дайындалган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде салыктык катталган жери боюнча салык органына берилет.
33. Номер алууга арыз бирдей маалыматтар менен эки нускада толтурулат.
Номер алууга арыздын формасындагы бош жерлер сызып өчүрүүсүз, булгабай жана оңдоолору жок толтурулушу керек.
34. Номер алууга арыздын биринчи нускасы салык органында анын катталгандыгы жөнүндө (келип түшкөн датасы жана убактысы) белги менен, ошондой эле ушул арызды кабыл алган салык органынын кызматкеринин маалыматтары менен салык төлөөчүгө кайтарылат.
Номер алууга арыздын экинчи нускасы салык органында калат, анын негизинде ушул Убактылуу тартипке ылайык салык органы тарабынан тийиштүү чечим кабыл алынат.
35. Салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык органынын кагаз жүзүндөгү ЭЭФке номер берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген форма боюнча кабыл алынат жана тапшырылат:
1) учурдагы жумуш күндүн аягына чейин, эгерде номер алууга арыз салык төлөөчү тарабынан саат 12ге чейин берилсе;
2) эгерде номер алууга арыз салык төлөөчү тарабынан саат 12ден кийин берилсе, кийинки жумуш күнү саат 12ге чейин.
36. Салык төлөөчү номер алууга арыз берген күндөн тартып он календарлык күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде өзү келип ыйгарым укуктуу адамынын ким экендигин ырастоочу документинин түп нускасын көрсөтүү менен кагаз жүзүндөгү ЭЭФке номер берүү жөнүндө чечимди же ЭЭФке номер берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат.
37. Эгерде салык төлөөчү ушул Убактылуу тартиптин 36-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде келбесе, салык органы ыйгарым укуктуу салык органы белгиленген форма боюнча кагаз жүзүндөгү ЭЭФке номер берүү жөнүндө чечимин жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат.
38. Кагаз жүзүндөгү ЭЭФке номер берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим, ушундай чечим кабыл алынган күндөн тартып он календарлык күн бүткөндө иш жүзүндө жайгашкан жери же юридикалык дареги боюнча почта аркылуу заказ кат менен жиберилет.
39. Кагаз жүзүндөгү ЭЭФке номер берүү жөнүндө мурда кабыл алынган чечимди жокко чыгаруу тууралуу чечим иш жүзүндө жайгашкан жери же юридикалык дареги боюнча почта аркылуу заказ кат менен жиберилет.
40. Эгерде салык төлөөчүдө календарлык айдын ичинде кагаз жүзүндөгү ЭЭФ номерине кошумча керектөө пайда болсо, салык төлөөчү салыктык катталган жери боюнча салык органына төмөнкүлөрдү берет:
1) кагаз жүзүндөгү эсеп-фактурага номер алууга салык төлөөчүнүн арызын;
2) Excel форматында кагаз жана электрондук түрдөгү таризделген ЭЭФтин экинчи нускаларын;
3) ушул Убактылуу тартиптин 3-тиркемесине ылайык формада учурдагы календарлык айда кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуралардын колдонулбай калган номерлеринин калдыктарын жана таризделген ЭЭФ реестрин.
41. Андан ары салык органы ушул Убактылуу тартипке ылайык салык төлөөчү номер алууга берген арыздын негизинде кагаз жүзүндөгү ЭЭФке номерлердин билдирилген санын ыйгарат:
1) кагаз жүзүндөгү ЭЭФке мурда берилген пайдаланылбаган номерлерди эске алуу менен үч эсе орточо керектөөнүн өлчөмүнөн кем эмес санда;
2) алар салык отчетун мөөнөтүндө берген шартта.
42. Салык органы тарабынан кагаз жүзүндөгү ЭЭФке номер берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) отчетту берүү мөөнөтү келген учурда мурунку салыктык отчет мезгили үчүн отчетту бербөө;
2) салык органынын тиешелүү чечимин алууга ыйгарым укуктуу адам жөнүндө салык төлөөчүнүн жазуу түрүндөгү буйругунун түп нускасынын жоктугу;
3) ушул Убактылуу тартипте каралган документтерди бербөө;
4) салык төлөөчүнү башкаруу органдарынын кызмат адамдары, субъекттердин уюштуруучулары болуп саналган же уюштурган, субъекттерге жетекчилик кылган же мурда жетектеген, өз ара көз каранды субъекттин аныктамасына туш келген бир же бир нече катышуучулар жөнүндө маалыматтын болушу:
- алардын ишинде жалган бүтүмдөрдү түзүүдө, жеткирүүнү көздөбөгөн түрлөр үчүн таризделген эсеп-фактуралар, анын ичинде ЭЭФ аныкталган;
- аларга карата салыктык укук бузуу фактылары боюнча кылмыш иши козголгон учурда.
43. Кагаз жүзүндөгү ЭЭФке мурда берилген номерлерди салык органынын жараксыз деп таануусу кагаз жүзүндөгү ЭЭФтин номерлерин жараксыз деп таануу жөнүндө арыз берилген учурда ушул Убактылуу тартиптин 4-тиркемесине ылайык формада жүргүзүлөт:
а) жеке ишкер экономикалык ишти токтоткон же жоюлган учурда уюм тарабынан;
б) КНС төлөөчү катары каттоо жокко чыгарылган учурда салык салынган субъект тарабынан;
в) КНС төлөөчү катары каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арызды кошкондо салык төлөөчү банкрот деп таанылган учурда атайын администратор тарабынан.
44. Кагаз жүзүндөгү ЭЭФтин колдонулбаган номерлерин жараксыз деп таануу жөнүндө чечим кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуралардын колдонулбаган номерлеринин калдыгынын жана таризделген ЭЭФ реестринин, ошондой эле салык төлөөчү берген тиешелүү салыктык мезгил үчүн КНС боюнча салык отчетторунун негизинде салык органы тарабынан кабыл алынат.
45. Салык төлөөчү төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) кагаз жүзүндөгү ЭЭФке алынган номерлерди өсүү тартибинде катар номери боюнча гана пайдаланууну;
2) күн сайын, иш күндүн аягында кагаз жүзүндө таризделген ЭЭФтин реквизиттерин салык төлөөчү тарабынан бекитилген салык саясатына ылайык жеткирүүлөрдү жана сатып алууларды эсепке алуу боюнча атайын регистрлерге киргизүүнү. Жеткирүүлөрдү жана сатып алууларды эсепке алуу боюнча атайын регистрлер кагаз жүзүндөгү ЭЭФтин бекитилген формасынын бардык реквизиттерин камтууга тийиш;
3) бардык жүргүзүлгөн операцияларга кагаз жүзүндө таризделген ЭЭФти сактоо. Жеткирүүлөрдү жана сатып алууларды эсепке алуу боюнча көрсөтүлгөн атайын регистрге киргизилген суммалар салык отчетунда камтылган суммаларга шайкеш келиши керек.
46. Салык төлөөчү кагаз жүзүндөгү ЭЭФке алынган номерлерди башка субъектке берүүгө укуксуз.
Салык органы тарабынан бир салык төлөөчүгө кагаз жүзүндөгү ЭЭФке берилген номер, башка салык төлөөчү тарабынан таризделген ушундай номер менен кагаз жүзүндөгү ЭЭФ башка салык төлөөчү тарабынан колдонулган фактысы аныкталган учурда жараксыз деп таанылат жана мындай ЭЭФ боюнча КНСтин суммасы чегерилүүгө тийиш эмес, ал эми товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алуу боюнча чыгымдар эсептен чыгарылбайт.
Мындай фактылар боюнча материалдар тиешелүү чараларды көрүү үчүн экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу органга жана маалымат катары ыйгарым укуктуу салык органына жиберилет.
47. Кагаз жүзүндөгү ЭЭФке салык органы тарабынан берилген номерлерди колдонуу боюнча иштерди уюштуруу үчүн жоопкерчиликти мыйзамда белгиленген тартипте, ушул Убактылуу тартиптин 34-пунктунда аталган жетекчи, башкы бухгалтер жана салык төлөөчүнүн ыйгарым укуктуу адамы тартат.
48. Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар жеке жак болуп эсептелген салык төлөөчүнүн ыйгарым укуктуу адамы төмөнкүлөргө жооптуу:
1) ушул Убактылуу тартипте каралган арызды салык органына берүүгө;
2) салык органынын тиешелүү чечимин алууга;
3) кагаз жүзүндөгү ЭЭФти тариздөөгө, колдонууга жана сактоого.
49. Контрагенттердин бири (жеткирүүчү же сатып алуучу) тарабынан таризделген кагаз жүзүндөгү ЭЭФ бузулган же жоголгон учурда башка контрагент тарабынан биринчи контрагентке таризделген кагаз жүзүндөгү ЭЭФтин күбөлөндүрүлгөн колу жана мөөрү бар сакталып калган түп нусканын көчүрмөсү берилиши мүмкүн.
6-глава. Эсеп-фактураны жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрү
50. Эсеп-фактурага оңдоп-түзөтүлүүчү ЭЭФ, анын ичинде ЭЭФ МСда камтылбаган, кагаз жүзүндө жазып берилген КНСтин эсеп-фактурасы жана аны көчүрүү учурунда пайда болбогон электрондук түрдө тариздөө боюнча милдет ушул Убактылуу тартиптин 3, 4 жана 5-главаларына ылайык жеткирүүчү тарабынан таризделет.
51. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген мөөнөттө КНС боюнча отчет берилүүчү айдан кийинки айдын 15ине чейин КНС боюнча отчет берилбесе жана/же Эсеп-фактураларды тариздөөнүн жана колдонуунун убактылуу тартибинде белгиленгендерди, ошондой эле ушул Убактылуу тартипти бузуу менен берилсе салык төлөөчү тарабынан таризделген эсеп-фактураны жараксыз деп таануу жөнүндө чечим салык органы тарабынан кабыл алынат.
Эсеп-фактураны жараксыз деп таануу жөнүндө чечимдин формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
52. Жараксыз деп таанылган эсеп-фактуранын номерлери ушул Убактылуу тартипке ылайык салык төлөөчү тарабынан пайдаланылышы мүмкүн эмес.
53. Жараксыз деп таанылган эсеп-фактура боюнча сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНСтин суммасы жана салык салынуучу жеткирүүнүн наркы оңдоп-түзөтүлүүгө жатпайт.
Бул ченем КНС боюнча салык милдеттенмелерин көбөйтүү жагына түзөтүү жүргүзүлгөн учурларда колдонулбайт.
ESF STI-001 |
| Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө түзүүнүн жана жүгүртүүнүн убактылуу тартибине 1-тиркеме |
ЭЭФМСда салык төлөөчүлөрдү каттоо/кайра каттоо же каттоону жокко чыгаруу үчүн АРЫЗ
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
ESF STI-002 |
| Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө түзүүнүн жана жүгүртүүнүн убактылуу тартибине 2-тиркеме |
Кагаз түрүндөгү эсеп-фактураларга номерлерди ыйгаруу үчүн салык төлөөчүнүн АРЫЗЫ
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
ESF STI-003 |
| Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө түзүүнүн жана жүгүртүүнүн убактылуу тартибине 3-тиркеме |
Таризделген ЭЭФ жана кагаз түрүндөгү эсеп-фактуралардын колдонулбаган номерлеринин калдыктарынын РЕЕСТРИ
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
ESF STI-004 |
| Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө түзүүнүн жана жүгүртүүнүн убактылуу тартибине 4-тиркеме |
Кагаз түрүндөгү эсеп-фактуралардын номерлерин жараксыз деп таануу тууралуу АРЫЗ
Графикалык көчүрмөнү караңыз.