Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезексиз XXXI сессиясы
2021-жылдын 1-майы № 31/2
Өзгөн шаардык кеңешинин 2019-жылдын 10-декабрындагы кезексиз XX сессиясынын №20/10 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезексиз XXXI сессиясынын отуруму “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамынын, Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясын 2021-жылдын 20-апрелиндеги №6 протоколунун жана Өзгөн райондук прокуратурасынын 2021-жылдын 13-апрелиндеги № 11-753-21 катынын негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин 2019-жылдын 10-декабрындагы кезексиз XX сессиясынын “Өзгөн шаарынын “Курулуш жүргүзүү жана жерди пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү”20/10 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |