Загрузка документа…
Өзгөн шаардык кеңешинин 2021-жылдын 1-майындагы № 31/2 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XX сессиясынын отуруму
2019-жылдын 10-декабры № 20/10
Өзгөн шаарынын «Курулуш жүргүзүү жана жерди пайдалануу эрежелери»не өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги ХX сессиясынын отуруму «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 22-ноябрындагы отурумунун №9 жана «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 26-ноябрындагы отурумунун №4 протоколдорунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Борбор” кварталынын башкы планындагы №32 “г” көп кабаттуу турак жайынын батыш тарабындагы автоунаа токтоочу жер тилкесин көп кабаттуу турак жай куруу үчүн өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзамдарга ылайык шаардын башкы планына өзгөртүү киргизүү Ош КНИИП проект институтунан суралсын жана тийиштүү документтерди даярдоо жагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Х.Ибрагимовго жана Өзгөн шаар курулушу жана жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы А.Анарбаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» жана «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А.Джалилов |