Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Улахол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2022-жылдын 30-июну № 71
Тоң райондук прокуратурасынын билдирүүсү жөнүндө
Тоң райондук прокуратурасынын билдирүүсү боюнча Укук, депутаттык этика, жаштар иштери жана маданият боюнча туруктуу комиссиясынын протоколун эске алуу менен комиссиянын төрагасы Ж.Орускожоевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Улахол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улахол айылдык кеңешинин депутатарынын 14.04.2022-жылдагы №57 токтомунун 1-2 пунктчасы жокко чыгарылсын.
2. Бул токтом Тоң райондук прокуратурасына жолдонсун.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Укук, депутаттык этика, жаштар иштери жана маданият боюнча туруктуу комиссиясына жана Улахол айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
5. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А.Жолалиев |
Катчы | И.Жээнтаев |