Загрузка документа…
Улахол айылдык кеңешинин 2023-жылдын 3-февралы № 133 токтомунун редакциясына ылайык
КУЧУН ЖОГОТТУ
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Улахол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XI сессиясы
2022-жылдын 14-апрели № 57
Улахол жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлер боюнча жобону иштеп чыгуу жөнүндө
(Улахол айылдык кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 71 токтомунун редакциясына ылайык)
Улахол жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлер боюнча жобону иштеп чыгуу жөнүндөгү М. Бейшеевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Улахол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Улахол айылдык кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 71 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (Улахол айылдык кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 71 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. ЖПБнин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлер өнүктүрүү программасы менен катышсын.
4. 20-апрель саат 17-00 чейин талапкерлерди каттоо, 23-апрелде шайлоо саат 10-00 до өткөрүлсүн, шайлоо комиссиясын түзүү жана шайлоону өткөрүү айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
5. ЖПБнин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо КР «Жайыттар жөнүндө» мыйзамына ылайык жүргүзүлсүн.
6. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | А.Жолалиев |
Катчы | И.Жээнтаев |