Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХXXX заседаниеси
2020-жылдын 29-декабры № 40/1
2019-жылга социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы,2020-жылга маалыматы, ошондой эле социалдык-экономикалык өнүгүү планын 2021-жылга бекитүү, 2022-2023-жылдарга болжолдуу пландары жөнүндө
2019-жылга социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы, 2020-жылга маалыматы, ошондой эле социалдык-экономикалык өнүгүү планын 2021-жылга бекитүү, 2022-2023-жылдарга болжолдуу пландары жөнүндөгү Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдырахмановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХXXX заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы, жылдын жыйынтыгы боюнча Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдырахмановдун билдирүүсү жактырылсын ( № 1 тиркеме тиркелет).
2. Айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө белгиленгендерди камсыздоо үчүн Ата Мекендик, Чет Элдик инвестицияларды тартуу менен жамааттарды катыштыруу, жергиликтүү бюджеттин киреше булагын толтуруу үчүн муниципалдык менчикти максаттуу пайдалануу, айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин конкурстук негизде берүүнү уюштуруу, кыймылсыз мүлктөрдүн так жана толук эсебин алуу боюнча иштерди аткаруу айыл өкмөтүнүн тиешелүү жооптуу кызматкерлерине жана жамааттын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына, айылдык кеңештин төрагасына калтырылсын.
Төрага: | З.Боронов. |