Загрузка документа…
| Ош облусунун Алай районундагы Жошолу айылдык кеңешинин 2020-жылдын 29-декабрындагы 40-заседаниесинин №____ токтому менен бекитилген Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХXXX заседаниесинин №____ токтомунун № 1 тиркемеси |
Жошолу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2020- жылдын бюджети боюнча маалымат жана айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин 2021-жылга бекитүү жана 2022-2023- жылдарга болжолдуу пландарын бекитүү жөңүндө айылдык кеңештин заседаниесинде Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы Абдырахманов Туратбектин ДОКЛАДЫ
Урматтуу депутаттар, райондон келген өкүлдөр жана сессиянын катышуучулары!
2019-жылга отчет
Жергиликтүү бюджеттин өз алдынчалуулугунун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджеттердин шайкештигинин жана бюджеттик каражаттардын аткарылышынын натыйжалуулугуна жетиштик. Жошолу айылдык Кенештин өткөн 2019-жылдын 24-декабрындагы чакырылышынын 33-сессиясында 2019-жылга айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү каржы министрлиги тарабынан берилген контролдук цифранын негизинде 14123,5 мин сомго бекитилген. Анын ичинде айыл өкмөткө республикалык бюджеттен каржылануучу тендөөчү гранттын планы 10360,5 мин сом жана өздүк кирешелер 3765,0 мин сом жана атайын каражат 200,0 мин сом. (№ 1 таблица)
2019-жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн такталган планы15673,8 мин сомду түздү, анын ичинде Жошолу айыл өкмөтүнө республикалык бюджеттен каржылануучу тендөөчү гранттын планы 10360,5 мин сом, өздүк кирешелер 5313,3 мин сом жана атайын каражат 200,0 мин сомду түздү.
Мындан тышкары жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен электр энергиясы үчүн калкка женилдиктерге 719,2 мин сом, статисттер үчүн ыйгарымдуу каражат ( делегирование) 211,2 мин сом кошумча бөлүнүп берилген.
Ошондой эле 2020-жылдын 1-январына карата калган калдык 1600,1 мин сом, анын ичинен атайын каражаттан 36,5 мин сом акча каражаттарын айылдык Кенештин чечимдери менен жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө тиешелүү беренелерге бекитип бергенсиздер.
Өздүк киреше такталган план боюнча 5313,3 мин сом болуп, аткарылганы 5501,1 мин сомду түзүп, 187,8 мин сомго көп же 101,2 пайызга аткарылган.
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча:
Республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттардын (средства передоваемаядан) жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүндө каржыланышы төмөндөгүдөй болду:
- Айыл өкмөттүң аппаратында эмгектенген статисттердин эмгек акысына 2111,2 мин сом,
- электр энергиясы үчүн калкка женилдиктерге 712,2 мин сом.
2019-жылдын жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы төмөңдөгү (№ 2 таблица) таблицадагыдай:
№ | Чыгаша бөлүмдөрү | Бекитилген план | Такталган план | Кассалык чыгым | Аткарылганы | Аткарылган % (гр 4/3) |
1 | Мамлекеттик башкаруу | 7814 | 7205,3 | 7179,5 | 6128,8 | 99,6 |
2 | Коргонуу | 200,0 | 92,0 | 71,0 | 71,0 | 77,0 |
3 | Экономикалык маселе | 300,0 | 611,8 | 576,6 | 553,9 | 94,2 |
4 | ЖКХ | 260,0 | 310,0 | 222,0 |
| 71,6 |
5 | Мадаият | 1483,1 | 1686,2 | 1644,7 | 1201,0 | 97,5 |
6 | Билим берүү | 3928,4 | 4540,2 | 4333,0 | 2522,1 | 95,4 |
7 | Социалдык коргоо | 200,0 | 952,2 | 952,2 | 952,2 | 100,0 |
|
|
|
|
|
|
|
| Жалпысы: | 14165,5 | 15227,7
| 14401,8 | 11327,8 | 94,5 |
Жалпы айыл өкмөтү боюнча төмөндөгү беренелер боюнча:
- Жалпы эмгек акы - 5066,7 миң сом,
- соц фондго төлөмдөр - 753,9 миң сом,
- кызматтык сапар чыгымдарына - 96,2 миң сом,
- байланыш кызматына жана интернетке - 45,7 миң сом,
- транспорт чыгымдарына - 148,4 миң сом,
- ар түрдүү чыгымдарга - 1557,5 миң сом,
- балдар бакчаларынын тамак - ашы үчүн - 215,6 миң сом,
- мекемелердин кезектеги ремонту үчүн - 201,1 миң сом,
- ар түрдүү инвентарь жана оборудованиелерди алуу үчүн - 1034,7 миң сом,
- көмүр үчүн - 849,6 миң сом,
- электр энергияга коммуналдык чыгымдар - 464,5 миң сом
- электр энергиясы үчүн калкка жерилдиктерге - 719,2 миң сом,
- имараттар жана курулмаларга
- атайын каражаттар - 230,0 миң сом,
- резервдик фонддко - 16,0 миң сом го аткарылган
Анын ичинен:
Балдар бакчаларынын атайын каражаттар эсебине 2019-жылда ата-энелерден түшүүчү мүчөлүк акы (род взнос) 200,0 мин сом план бекитилген болсо, ата-энелер тарабынан 207,9 мин сом төгүлүп, аткарылганы 104,0 мин сомду түздү.
Ошентип 2019-жылда жогоруда көрсөтүлгөн бюджеттик акча каражаттар өз максатында мыйзамдуу, сарамжалдуу пайдаланылып жумшалды.
2019-жыл ичинде келип түшкөн акча каражатын бекитилген сметанын чегинде, кошумча республикалык бюджеттен келип түшкөн акча каражатын жана өткөн жылдан калган калдыктарды, ошондой эле салыктан пландан ашыкча аткаруунун эсебинен мыйзамга ылайык айылдык кенештин токтомдору менен бөлүнүп берилди.
Айыл өкмөтүндө жана райондо өткөрүлүүчү маданий массалык иш-чараларга жалпысынан 235,5 мин сом акча каражаты жумушалган.
2020-жылга маалымат:
Жошолу айылдык Кенештин 2019-жылдын 24-декабрындагы сессиясында 2019-жылга айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги тарабынан берилген контролдук цифранын негизинде 12985 мин сомго бекитилген, анын ичинде республикалык бюджеттен каржылануучу тендөөчү гранттын планы 9501,2 мин сом жана өздүк кирешелер 3484,0 мин сом (анын ичинде атайын каражат 200,0 мин сом)
2020-жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн такталган планы 12892,5 мин сомду түзүшү күтүлүүдө, анын ичинде Жошолу айыл өкмөтү республикалык бюджеттен каржылануучу тендөөчү гранттын планы 9501,2 мин сом, өздүк кирешелер 3446,9 мин сом болуусу күтүлүүдө.
Мындан тышкары жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен электр энергиясы үчүн калкка женилдиктерге 731,1 мин сом, статистер үчүн ыйгарымдуу каражат (делегирование) 185,3, ТОП МОПтор үчүн 67,9 кошумча бөлүнүп берилүүү күтүлөт.
Ошондой эле 2020-жылдын 1-январына карата калган калдык 659,5 мин сом, анын ичинен атайын каражаттан 36,5 мин сом акча каражаттарын айылдык кенештин чечимдери менен жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө тиешелүү беренелерге бекитип бергенсиздер.
Өздүк киреше такталган план боюнча 3484,0 мин сом болуп, ушул кунгө аткарылганы 3446,9 мин сомду түзүп 37,1 мин сомго аз же 98,9 пайзга аткарылды.
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча
Республикалык бюджеттен берилүүү каражаттардын (средства передоваемаядан) жергиликтүү бюджетттин чыгаша бөлүгүндө каржылапнышы төмөндөгүдөй күтүлөт:
- Айыл өкмөттүн аппаратында эмгектенген статистердин эмгек акысына 185,3 мин сом,
- Электр энергиясы үчүн калкка женилдиктерге 731,1 мин сом
2020-жылдын жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүүңүң аткарылышы төмөңдөгү таблицадагыдай
№ | Чыгаша бөлүмдөрү | Бекитилген план | Такталган план | Кассалык чыгым | аткарылганы | Айырмасы (гр 3-2 (+,-) | Аткары Лган % (4/3) |
1 | Мамлекеттик башкаруу | 7893,0 | 7981,7 |
|
|
|
|
2 | Коргонуу | 50,0 | 220,0 |
|
|
|
|
3 | Социалдык коргоо | 200,0 | 200,0 |
|
|
|
|
3 | Экономикалык маселе | 220,0 | 220,0 |
|
|
|
|
4 | ЖХК | 140,0 | 310,0 |
|
|
|
|
5 | Маданият тармагы | 1322,4 | 1328,9 |
|
|
|
|
6 | Билим берүү тармагы | 3059,8 | 2860,7 |
|
|
|
|
Жалпы айыл өкмөтү боюнча төмөндөгү беренелер боюнча:
- Жалпы эмгек акы - 5426,4 мин сом,
- соц фондго төлөмдөр - 822,8 мин сом,
- кызматтык сапар чыгымдарына - 106,7 мин сом,
- байланыш кызматына жана интернетке - 96,0 мин сом,
- транспорт чыгымдарына - 160,6 мин сом,
- ар түрдүү чыгымдарга - 1690,7 мин сом,
- балдар бакчаларынын тамак - ашы үчүн - 202,4 мин сом,
- мекемелердин кезектеги ремонту үчүн - 242,3 мин сом,
- ар түрдүү инвентарь жана оборудованиелерди алуу үчүн - 2362,0 мин сом,
- көмүр үчүн - 962,8 мин сом,
- электр энергияга коммуналдык чыгымдар - 612,5 мин сом
- электр энергиясы үчүн калкка жерилдиктерге - 719,2 мин сом,
- имараттар жана курулмаларга
- атайын каражаттар - 200,0 мин сом,
- резервдик фонддко - 16,0 мин сом го аткарылган
Анын ичинен:
Балдар бакчаларынын атайын каражаттар эсебине 2019-жылда ата-энелерден түшүүчү мүчөлүк акы (род взнос) 200,0 мин сом план бекитилген болсо, ата-энелер тарабынан 50,0 мин сом төгүлдү.
Ошентип 2020-жылда жогоруда көрсөтүлгөн бюджеттик акча каражаттар өз максатында мыйзамдуу, сарамжалдуу пайдаланылып жумшалды.
2020-жыл ичинде келип түшкөн акча каражатын бекитилген сметанын чегинде, кошумча республикалык бюджеттен келип түшкөн акча каражатын жана өткөн жылдан калган калдыктарды, ошондой эле салыктан пландан ашыкча аткаруунун эсебинен мыйзамга ылайык айылдык кенештин токтомдору менен бөлүнүп берилди.
2020-жылга бюджет жана 2021-2022-жылдарга бюджеттин болжолдуу планы:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан берилген 2020-жылдын бюджетин бекитүү 2021-2022-жылдарга болжолдуу планы боюнча Жошолу айыл өкмөтүндө өзүбүздүн расчетторубуздун негизинде толуктоочу грант 7944,9 мин сом биринчи кезекте корголгон беренелерге жана коммуналдык чыгымдарга толугу менен жетишерлик коюлду. Өздүк киреше финансы министрлиги тарабынан 3972,2 мин сом план берилип, отчеттук жыл ичинде түшкөн “жер казнасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы” беренесинен 300,0 мин сом акча каражатын келерки жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө кошо киргизилген, бирок бул акча каражатынын түшүшүнө кепилдик жок.
Сиздердин кароонуздарга коюлуп жаткан бюджеттин долбоорунда корголгон беренелерди – эмгек акы, соц фонд, бала бакчаларга каралган тамак-аш нормативдик документтердин жана расчеттордун негизинде эсептелди. Электр энергиясына, көмүр үчүн 100% акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каралып жатат. Электр энергиясын колдонуучу бюджеттик мекемелер үчүн айыл өкмөтү боюнча 280,0 мин Квт/саат лимит бөлүнгөн. Бул азыркы тариф боюнча эсептегенеде 705,2 мин сомду түзөт. Көмүр үчүн 962, 8 мин сом акча каражаты расчеттордун негизинде каралып жаткан бюджеттин сметасынын чыгаша бөлүгүнө отургузулду.
Урматтуу райондон келген өкүлдөр жана депутаттар!
Айыл өкмөтүнө караштуу жайыт пайдалануучулардын бирикмеси мурда ушул мезгилге чейин финансылык- чарбалык иштерин өз алдынча жүргүзүп келген. Жылына бир жолу жайыт пайдалануучулардын жана жергиликтүү кенештин алдында отчет берип келчү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 07.06.2017-жылдагы № 307 токтому жана КР Каржы Министрлигинин 08.12.2016-жылдагы № 198-П буйругунун негизинде акча каражаттарынын кыймылы Казначейство системасы аркылуу жүргүзүлүүсү көрсөтүлгөн.
2020-жылга карата каржы министрлиги тарабынан берилген контролдук цифраны чыгымдалуучу статьяларга туруктуу бюджет комиссиясы менен карап чыгып жана анализдеп сиздердин кароонуздарга коюп жатабыз. Ал көрсөткүчтөр сиздерге киреше жана чыгаша бөлүктөрү менен жергиликтүү бюджеттин долбоору катары таблица түрүндө көрсөтүлүп сиздерге таркатылып берилди. Алымча-кошумчасын талкуулоо менен өзүнүздөр бекитесиздер. Толуктоочу грантты биринчи кезекте корголгон беренелерге, башкача айтканда тарификациянын негизинде эмгек акы, соц фондго чегерүүлөргө, балдар бакчаларына керектелүүчү тамак-ашты жетишээрлик денгээлде нормативдин негизинде коюушубуз керек. Андан кийин коммуналдык чыгымдарга (эл.энергия, көмүр, байланыш ж.б.) айыл өкмөтүнүн керектөөсүнө жараша коюшубуз керек. Калган акча каражатты тиешелүү беренелерге бөлүнүп, таблица түрүндө көрсөтүлгөн долбоору колунуздарда. Бул жерде айта кетүүчү нерсе толуктоочу гранттар жана өздүк киреше, атайын каражат баардыгы биригип айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин түзөт. Алар сиздердин кароонуздарга коюлду. Ошондой эле айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга болжолдуу бюджетинин планын сунуш кылабыз. Жошолу айылдык кеңешинин сессиясы тарабынан бекитилген бюджети өз максатында туура, сарамжалдуу пайдалануу ар бир мекеменин жетекчисинин жана анда иштеген кызматкерлердин милдети деп баса белгилеп кетет элем.
Көңүл бурганыздар үчүн чон рахмат!
Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы: |
Т.Абдырахманов. |