Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХXXX заседаниеси
2020-жылдын 29-декабры № 40/8
Жошолу айыл өкмөтүнүн Жаңы-Турмуш айылынын тургуну, № 8 Жаңы-Турмуш китепканасынын башчысы, аялдар кеңешинин төрайымы Мантиева Элмира Аскарбековнага «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн Жаңы-Турмуш айылынын тургуну, № 8 Жаңы-Турмуш китепканасынын башчысы, аялдар кеңешинин төрайымы Мантиева Элмира Аскарбековнага «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндөгү Жаңы-Турмуш айылынын элдик жыйынынын 2020-жылдын 14- декабрындагы № 09 протоколунун негизинде
Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХXXX заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Турмуш айылынын элдик жыйынынын 2020-жылдын 14-декабрындагы № 09 протоколунун, айылдык Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык деңгээлин жогорулатууга кошкон салымы, өмүр бою айыл өкмөттө ар кандай жумуштарда иштеп, азыркы учурда № 8 Жаңы-Турмуш айылдык китепканасынын башчысы болуп иштеп, балдарга билим, тарбия берүүдөгү эмгеги үчүн Мантиева Элмира Аскарбековнага Жошолу айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу » наамы берилсин. ( 14.12.2020-ж. Жаңы-Турмуш айылынын элдик жыйынынын № 09 протоколу тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин уюштуруу укуктук маселелер,мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | З.Боронов. |