Загрузка документа…
| Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XXXX заседаниесинин № 40/8 токтомуна тиркеме |
«14» декабрь 2020-жыл. | № 09 | Жаңы-Турмуш айылы |
Жошолу айыл өкмөтүнүн Жаңы-Турмуш айылынын элдик жыйынынын
ПРОТОКОЛУ
Жыйындын төрагасы: Т.Доранов –Жаңы-Турмуш айылынын тургуну,
Катчысы: К.Тешебаева –Жаны-Турмуш айылынын тургуну.
Катышкандар: Жаны-Турмуш айылынын тургундары, жалпы 24 адам.
Күн тартибинде каралуучу маселе: Жаны-Турмуш айылынын тургуну, № 8 Жаңы-Турмуш китепканасынын башчысы, аялдар кеңешинин төрайымы Мантиева Элмира Аскарбековнаны Жошолу айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу ” наамына көрсөтүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча жыйындын төрагасы Т.Доранов чыгып сүйлөп, Жаны-Турмуш айылынын тургуну, № 8 Жаңы-Турмуш китепканасынын башчысы, аялдар кеңешинин төрайымы Мантиева Элмира Аскарбековнанын өмүр бою айыл өкмөтүндө ар кандай жумуштарда , кийинки мезгилдерде Жаңы-Турмуш айылында жайгашкан № 8 Жаны-Турмуш китепканасынын башчысы болуп иштегендигин, айылдын сыймыктуу жараны, балдарды тарбиялоодо зор эмгеги бар, башкалардан өзгөчөлүп, өз оюн бетке айткан намыскөй жана таасирдүү кеңешчи экендигин баса белгилеп, бир канча жылдардан бери айылда аялдар кеңешинин төрайымы болуп эмгектенип жаткандыгын, иштеген мезгилде өзүнүн ишине так болуу менен көптөгөн Ардак грамоталарга, ыраазычылык каттарга жана КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин “Мыкты китепканачы” наамын алыгандыгын айтуу менен Жошолу айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу ” наамын берүүгө көрсөтүүнү , бул боюнча кимде кандай ой-пикир болсо дагы кошумча тартынбай айтууну элден суранды.
Жарыш сөзгө айылдын аксакалы О.Макаев чыгып сүйлөп төмөндогүлоргө токтолду: Урматтуу айыл тургундары, бул жөрөлгөнү баарыңыздар колдоп бересиздер деп ишенемин, чындыгында эле Мантиева Элмира айыл эли үчүн көп эмгек жасады, атап айтканда № 8 Жаны-Турмуш китепканасынондоп-түзөөдө көптөгөн аракети менен азыркы учурда заманбап айылдык китепканага жеткирди. Бул кишинин эмгегин баалап жогорудагы көрсөтүлгөн наамга сунуштоо туура деп эсептейм.
Акматов Г -айыл тургуну: Туура бул сунушту мен да колдойм жана сиздерге да колдоону өтүнөм. Анткени айылдын арасында кадыр-баркы бар, мүнөзү токтоо, адамгерчиликтүү эжени моралдык жактан колдоо катары бул наамга сунуштоону колдоңуздар деп айтат элем.
Куланова Жылдыз- айыл тургуну:- Э.Мантиеваны мен көп жылдан бери билем.Айылдык китепкананы заманбап кылып, ичине кирсең жылуу жана жарык, шарты бар китепканага айлантты.Аракети күчтүү, жогорудагы көрсөтүлгөн наамга татыктуу деп эсептейм.
Жарыш сөзгө чыккан айыл тургундары У.Пазылов, М.Танаева, Б.Макулукова жана Ш.Момукеевалар да бул сунушту бир добуштан колдошоорун билдиришти.
Жогорудагылардын негизинде Жаны-Турмуш айылынын элдик жыйыны
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүндө үзгүлтүксүз бир жерде иштеген, көп жылдык эмгегин баалоодогу жетишкендиктерин эске алуу менен Мантиева Элмира Аскарбековнаны Жошолу айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүүнү Жошолу айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында кароого сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Турмуш айылынын айыл башчысы Калыков Кадырбекке жүктөлсүн.
Жыйындын төрагасы: | Т.Доранов. |
Катчысы: | К.Тешебаева |