Редакцияот 03.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз II сессиясы

2021-жылдын 3-июну № 6

Жылалды айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз II сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык иштелип чыккан Жылалды айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө Жобосун бекитүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык иштелип чыккан Жылалды айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө Жобосу бекитилсин. Айыл өкмөтүнүн Жобосу тиркелет.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

Жылалды айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

М.Акназаров