Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 175 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө жумушка орноштуруу боюнча иштин тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 126, 2020-жылдын 6-августундагы № 412 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын жарандарын сырткары жакта жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүү боюнча юридикалык жана жеке жактардын ишин уюштуруу тартибин белгилейт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
жумушка орноштурууга көмөктөшүү жөнүндө келишим - Кыргыз Республикасынын жаранынын жана жөнөтүүчүнүн ортосунда жазуу түрүндө түзүлгөн, чет өлкөдө жумушка орноштуруу боюнча кызматтарды (кызматты) көрсөтүү тууралуу келишим;
жөнөтүүчү - Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө эмгектенүү үчүн жөнөтүүгө байланыштуу иш менен алектенген жеке же юридикалык жак;
жумушчу - жөнөтүүчүнүн көмөктөшүүсү аркылуу чет өлкөлүк жумуш берүүчү менен эмгек мамилелерине кирген эмгекчи-мигрант;
Кыргыз Республикасынын жарандарын сырткары жакта жумушка орношууга уруксат (мындан ары - уруксат) - миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген жана жеке же юридикалык жакка Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө жумушка орноштуруу боюнча ишти жүзөгө ашырууга укук берген мамлекеттик үлгүдөгү документ;
эмгек келишими - жумушчунун жана жумуш берүүчүнүн ортосунда жазуу жүзүндө түзүлгөн келишим, ал алардын өз ара укуктарын белгилейт жана анын негизинде жумушка орноштуруучу мамлекеттин эмгек мыйзамдарында каралган эмгек шарттары камсыздалат.
3. Чет өлкөдө жумушка орноштуруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салууну миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жүзөгө ашырат.
4. Кыргыз Республикасынын жарандарын сырткары жакта жумушка орноштуруу жөнөтүүчүлөрдүн көмөктөшүүсү менен жүзөгө ашырылат жана тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү уруксаты болгондо гана жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чектеринен сырткары жумушка орноштурууга байланышкан иштер деп Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөгө эмгектенүү максатында кетүүлөрүн уюштуруу боюнча бардык иштер эсептелинет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-августундагы № 412 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын жарандарынын жумушка орноштуруучу мамлекеттеги эмгектенүүсү эмгек келишиминин негизинде жумушка орноштурган мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
6. Кыргыз Республикасынын жарандарына жумушка орношкон мамлекетте укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекеттик коргоо кепилге алынат.
7. Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери менен биргеликте жумушчулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды көрөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде аныкталган тартипте аларга жардам көрсөтөт.
8. Эгер жумушка орношкон мамлекетте Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери жок болсо, жумушчулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдердин негизинде чет мамлекеттердин тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
2-глава. Уруксатты берүү, жокко чыгаруу жана уруксатты берүүдөн баш тартуу тартиби
(Главанын аталышы КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-августундагы № 412 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Уруксат берүү жана жөнөтүүчүнүн ишин контролдоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
9-1. Ыйгарым укуктуу орган коргоо маселелерин тейлеген мамлекеттик органдын сурамы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө эмгектенүү үчүн жөнөтүүгө байланыштуу иш менен алектенүүгө уруксаты бар юридикалык жана жеке жактардын тизмегин берет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 126 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Уруксат берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен өлчөмдө мамлекеттик алым алынат.
11. Уруксат бир жылдык мөөнөткө берилет жана жөнөтүүчүнүн арызы боюнча үч жылга узартылышы мүмкүн. Уруксатты колдонуу мөөнөтүн узартууда жөнөтүүчүдөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен өлчөмдө мамлекеттик алым алынат. Уруксат мурда алынган уруксаттын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин узартылат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-августундагы № 412 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Уруксатты алууда жөнөтүүчү ыйгарым укуктуу орган белгилеген банктык депозиттик эсепке кепилдик төгүм катары ишмердигинин бүт мезгилине 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү сумманы которушу керек. Жумушчунун өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч жаралган учурда жөнөтүүчү эч кандай аракет кылбаса, кепилдик төгүмдүн каражаттары жумушка орноштурууга көмөктөшүү жөнүндө келишимдин жана/же эмгек келишиминин шарттарын аткарбоонун кесепетинен жумушчуга келтириле турган материалдык зыяндын ордун толтуруу үчүн жөнөтүүчү менен макулдашпастан туруп сарпталат.
Жөнөтүүчү уруксаттын жана банктык депозиттик эсептин берилгендиги үчүн мамлекеттик алымды ведомстволор аралык комиссиянын уруксат берүү боюнча оң чечими чыккандан кийин үч календардык айдын ичинде төлөөгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-августундагы № 412 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Жөнөтүүчү ишин токтоткон учурда ыйгарым укуктуу органга жөнөтүүчү берген арыздын негизинде кепилдик төгүмдүн каражаттары үч жумуш күндүн ичинде жөнөтүүчүгө кайтарып берилет.
14. Уруксат алуу үчүн жөнөтүүчү төмөнкүдөй документтерди берет:
- ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча уруксат алууга арыз;
- юридикалык жактын жетекчисинин ким экенин күбөлөндүргөн документтердин көчүрмөлөрү же жеке жактын ким экенин күбөлөндүргөн документтердин көчүрмөлөрү;
- уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (юридикалык жактар үчүн);
- мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);
- эгер уюштуруучулардын курамында чет өлкөлүк жаран болсо - анын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун мыйзамдуулугун күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү жана иштөөгө уруксаты;
- юридикалык же жеке жактын салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу тууралуу Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органынын маалымкаты;
- юридикалык же жеке жактын чет өлкөлүк жумуш берүүчүлөр менен кызматташтыгын ырастаган макулдашуулардын, контракттардын же башка документтердин нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
- кабыл алган тараптын чет өлкөлүк жарандарды жумушка орноштуруу менен алектенүү укугун ырастаган документтердин нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү же эгер жумушка орношкон мамлекеттин мыйзамдары менен чет өлкөлүк жарандарды жумушка орноштурууга уруксат (лицензия) берүү каралбаса, жумуш берүүчүнүн чарбалык ишинин түрүн аныктаган документинин көчүрмөсүнүн нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн копиясы;
- жумушка орноштурууга көмөктөшүү үчүн кызмат көрсөтүүлөргө жөнөтүүчүнүн бекитилген тарифи;
- жөнөтүүчү менен Кыргыз Республикасынын жаранынын ортосундагы кызмат көрсөтүүгө типтүү келишим, ал уруксат алынган учурда жумушка орноштуруу процессинде пайдаланылат;
- жумуш берүүчүнүн жана жумушчунун ортосундагы эмгек келишиминин долбоору;
- уруксат берүү үчүн мамлекеттик алымды төлөөнү ырастаган документтин көчүрмөсү;
- каралган банк эсебине арыз ээсинин кепилдик төгүмүнүн суммасын киргизүүнү ырастаган документ.
15. Уруксат берүү жөнүндө чечим улуттук коопсуздук жана ички иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен милдеттүү макулдашуудан кийин, арыз берилген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде ведомстволор аралык комиссия тарабынан кабыл алынат. Уруксат арыздын негизинде тиешелүү органдар менен макулдашпастан туруп узартылат.
Ведомстволор аралык комиссия ыйгарым укуктуу орган тарабынан миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын, ички иштер жана улуттук коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрүнөн түзүлөт. Комиссиянын иш тартиби ыйгарым укуктуу органдын чечими менен бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-августундагы № 412 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Уруксат уставдык капиталынын 85 пайыздан кем эмеси Кыргыз Республикасынын жаранына таандык болгон юридикалык жактарга берилет.
17. Уруксат башка жеке же юридикалык жактардын пайдалануусуна берилбейт.
18. Кайра уюштурган, арызда көрсөтүлгөн аталышын же дарегин өзгөрткөн учурунда, уруксат ыйгарым укуктуу орган тарабынан кайра катталышы керек. Жөнөтүүчү жоюлганда, ага берилген уруксат күчүн жоготот жана ыйгарым укуктуу органга кайтарылат.
19. Уруксат бир нускада таризделет. Уруксаттын түп нускасын жоготкондо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен мамлекеттик алымдын өлчөмүнүн 50 пайызын төлөө менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан уруксат кайта берилет.
19-1. Уруксатты берүүдөн баш тартуу жана жокко чыгаруу чечими ведомстволор аралык комиссия тарабынан кабыл алынат. Төмөнкүдөй учурларда уруксат берилбейт же мурда берилген уруксат жокко чыгарылат:
- жөнөтүүчү уруксат алуу үчүн жалган маалымдарды берсе;
- эмгек келишиминин, ишке орноштуруу кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимдин же кызматташуу жөнүндө келишимдин долбоорлорунун шарттары Кыргыз Республикасынын же ишке орноштурган өлкөнүн мыйзамдарына шайкеш келбесе;
- жөнөтүүчү экстремисттик, террористтик же сепартисттик уюмдардын мүчөсү болуп саналса, ошондой эле мыйзамсыз миграция уюштуруу боюнча жорук кылгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылса;
- жөнөтүүчү же иш берүүчү тарабынан келишимдин шарттары бузулгандыгына байланыштуу эмгек мигрантынын өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч келтирилсе;
- жөнөтүүчү Кыргыз Республикасынын жаранына эмгек келишиминин, кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимдин бирден нускасын же жөнөтүүчүнүн кызматтары үчүн төлөнгөндүгү тууралуу квитанциянын көчүрмөсүн бербесе.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-августундагы № 412 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Уруксат берүүдөн баш тартуу, анын колдонулушун токтотуу же жокко чыгаруу жөнүндө чечимге арыз ээси сот тартибинде даттанышы мүмкүн.
21. Жөнөтүүчү кызмат көрсөтүүдө төмөнкүлөргө милдеттүү:
- бир же бир нече кызмат көрсөтүүдө жазуу жүзүндөгү келишимди тариздөөгө;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана жумуш берүүчүлөрүнүн уюштуруучу документтеринде каралган кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу кайрылууларын өз убагында жана толук каралышын камсыздоого;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын, алар эмгек келишими боюнча ишти баштаганга чейин, көрсөтүлгөн кызмат боюнча ишенимдүү жана керектүү маалымат менен камсыздоого;
- жаран менен жөнөтүүчүнүн ортосунда ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө келишим түзгөнгө чейин жумушка орноштурууга көмөктөшүү үчүн алдын ала кандай болбосун төлөмдү алуусуна жол бербөөгө;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын алынган жекече мүнөздөгү маалыматтарын жана жумуш берүүчүдөн алынган купуя маалыматты түз багыты боюнча гана, кызмат көрсөтүү жөнүндө кайрылууну жүзөгө ашыруу максатында, бул маалыматты үчүнчү жактарга бербей, Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматты коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык пайдаланууга;
- жумушчунун кошумча атайын даярдыгын талап кылган жол берилгис жогорку деңгээлдеги өндүрүштүк тобокелдиги бар иштерге тартуу учурларын болтурбоо жана эмгекти коргоо боюнча тиешелүү иш-чараларды өткөрүү максатында, ошондой эле басмырлоонун бардык түрлөрүн жокко чыгаруу үчүн жумушчунун эмгектенүүсүнө мониторинг жүргүзүүгө;
- ыйгарым укуктуу органга айына бир жолудан кем эмес, ошондой эле жеке мүнөздөгү маалыматты коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча чет өлкөдө жумушка орношуу үчүн кайрылган Кыргыз Республикасынын жарандары жана жумуш берүүчүлөр, ошондой эле алар көрсөткөн кызматтар жөнүндө маалыматты берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын жарандарына мыйзамдуу негизде жумушка орношкон мамлекетте болуу жана эмгектенүү үчүн керектүү, жумушка орношкон мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген документтерди, уруксаттарды жана каттоо-эсепке алуу белгилерин алышына көмөк көрсөтүүгө;
- эмгек келишимин түзгөнгө чейин Кыргыз Республикасынан сырткары жумушка жөнөтүлүп жаткан жарандарды бара турган жерине, иштин мүнөзүнө, эмгек акысынын өлчөмүнө, эмгекти коргоого, пенсиялык камсыздоого байланыштуу, ошондой эле диний жана улуттук салттары, жумуш берүүчүдө ылайыктуу турак жай-тиричилик шарттарынын болушу, медициналык жардамдын ар кандай түрлөрүн алууга мүмкүндүгү, акча которуу, юридикалык маселелер боюнча консультациялар жөнүндө тиешелүү маалымат менен камсыздоого;
- чет өлкөдө жумушка орношкон Кыргыз Республикасынын жаранына жумушка орношкон мамлекетке кеткенге чейин ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган жана катталган эмгек келишиминин жана жумушка орноштурууга көмөктөшүү жөнүндө келишимдин бир нускасын берүүгө;
- квартал сайын ыйгарым укуктуу органга жарандардын эмгек келишимдеринин колдонуу мөөнөтүн, жумушка орношкон мамлекетти жана чет өлкөлүк жумуш берүүчүдө аткара турган иштин түрүн көрсөтүү менен, анын көмөктөшүүсүндө чет өлкөдө жумушка орношкон Кыргыз Республикасынын жарандары жөнүндө топтолгон маалыматты берүүгө;
- көрсөтүлгөн кызматтары үчүн бир жолку тарифин Кыргыз Республикасынын жумушка орношкон жаранынын эмгек келишими менен белгиленген бир айлык эмгек маянасынын 50 пайызынан ашык эмес белгилөөгө;
- жумушка орноштуруу боюнча кызмат көрсөткөндүгү үчүн эмгек маянасынан белгиленген тарифтен ашыкча чегерүүлөрдү алышына жол бербөөгө;
- анын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана чет өлкөлүк жумуш берүүчүлөрдүн ортосунда түзүлгөн эмгек келишимдерин, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана жарандардын чет өлкөдө жалданып иштөөгө укугун ырастаган башка документтерди каттоого жана катуу эсепке алууга;
- уруксат жокко чыгарылган учурда жөнөтүүчү кабарламаны алгандан кийин үч жумуш күндүн ичинде уруксаттын түп нускасын ыйгарым укуктуу органга кайтарып берүүгө милдеттүү;
- убактылуу эмгекке жөндөмсүздүк, ошондой эле сөөгүн мекенине репатриациялоо зарылчылыгы келип чыккан учурларга карата эмгекчи-мигранттын камсыздандырылышын камсыз кылууга.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-августундагы № 412 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Жөнөтүүчү жумушчулар Кыргыз Республикасынан чыгып кеткенге чейин, акысыз негизде жумушчуларды чыгып кетүү алдында даярдоого милдеттүү, анын программасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет жана төмөнкүдөй маалыматтык окуу сабактарын камтыйт:
- тышкы эмгек миграция жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболору жөнүндө;
- жумушка орношо турган мамлекетке кирүү/мамлекеттен чыгуу тартиби жөнүндө;
- жумушка орношкон мамлекеттин эмгектик мамилелер жаатындагы мыйзамдарынын жоболору жөнүндө;
- ишке орношкон мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө же консулдук мекемелеринде убактылуу же туруктуу консулдук эсепке алуу, убактылуу же туруктуу аскердик каттоого коюу зарылчылыгы жөнүндө;
- ыйгарым укуктуу органдын жайгашкан жери жана телефон номерлери, "Миграция маселелери боюнча тынымсыз байланыш" жөнүндө;
- жумушка орношкон мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана/же консулдук мекемелеринин жайгашкан жери жана телефон номерлери жөнүндө (бар болсо);
- жумушчулардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргогон эл аралык уюмдар (институттар) жөнүндө;
- жумушка орношкон мамлекеттин социалдык-маданий өзгөчөлүктөрү жөнүндө;
- адам сатуу, эмгек, сексуалдык жана эксплуатациялоонун башка түрлөрү менен байланыштуу болгон тобокелдиктер жөнүндө;
- жумушка орношкон мамлекеттеги кыргыз диаспораларынын жайгашкан жери жана телефон номерлери жөнүндө (бар болсо);
- аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды Кыргыз Республикасынын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аскердик каттоо талаптары жөнүндө, коргоо маселелерин тейлеген мамлекеттик органдын жайгашкан жери жана телефон номерлери жөнүндө.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 126 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Ушул Жобонун талаптарын бузуу үчүн жоопкерчилик
23. Ушул Жобонун талаптарын бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте каралган жоопкерчилик тартууга алып келет.
24. Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө жумушка орноштурууга уруксаты жок, Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу менен байланышкан ишти жүзөгө ашырууда аталган иштин түрүнөн жөнөтүүчүнүн алган кирешелери ыйгарым укуктуу органдын доосу боюнча сот тартибинде өндүрүлүп алынат жана мамлекеттин бюджетине жөнөтүлөт.