Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-марты № 126
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-февралындагы № 49 токтомунун редакциясына ылайык)
Аскердик каттоону жүргүзүү боюнча иштин сапатын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы № 509 "Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
- 3-пунктунун бешинчи абзацындагы "аскер комиссариаттары" деген сөздөр "коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
"31. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан билим берүү мекемелери жана юридикалык жактар (мындан ары - уюмдар) тарабынан жүргүзүлүүчү аскердик каттоону жүргүзүү боюнча иштин абалын контролдоо коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сурамына ылайык уюмдардын маалыматтарды берүүлөрү түрүндө жүзөгө ашырылат.
Сурам иштеген (окуган) жарандардын саны төмөнкүдөй болгон уюмдарга жиберилет:
- 100 адамга чейин болсо эки жылда бир жолу;
- 100 адамдан жогору болсо жыл сайын.
Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү маалыматтарды берүү жөнүндө сурамды жиберет:
- уюмдун каттоосунда турган аскерге милдеттүүлөрдүн, чакырылуучулардын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларынын саны жөнүндө;
- жарандарды аскердик каттоону, анын ичинде запаста болгон жарандарды брондоону уюштуруу жөнүндө;
- жарандарды аскердик каттоону жүргүзүү жана запаста болгон жарандарды брондоо жөнүндө;
- чакырылуучулардын жана запаста болгон жарандардын ичинен жарандардын өздүк карточкаларынын картотекасын жүргүзүү жөнүндө.";
- 61-пунктунда:
- "а" пункчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ушуга байланыштуу уюмдун жетекчиси өзүнүн буйругу менен жарандарды аскердик каттоону жүргүзүү жана брондоо үчүн жооптуу кызматкерлерди дайындайт же мындай жоопкерчиликти кадр кызматына жүктөйт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы "г1" пунктчасы менен толукталсын:
"г1) аскердик каттоо документтеринде аныкталган айтылбаган оңдоолор, так эместиктер жана жасалмалоолор, барактардын санынын толук эместиги тууралуу, ошондой эле жарандардын аскердик каттоо, мобилизациялык даярдык жана мобилизациялоо чөйрөсүндөгү милдеттерин аткарбаган учурлар жөнүндө аскер комиссариаттарына маалымдоо;";
- ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакциядагы 61-глава менен толукталсын;
- Жобо ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 13-тиркемелер менен толукталсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-февралындагы № 49 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Ушул токтом министрликтердин жана ведомстволордун республикалык бюджетте тийиштүү жылдарга каралган каражаттарынын чегинде ишке ашырылсын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
"61-глава. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан чет өлкөдө жашаган аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоону жүргүзүү
681. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары үч айдан ашык мөөнөткө же туруктуу жашоо үчүн чыгуучу Кыргыз Республикасынын чакыруу курагындагы жарандары жана аскерге милдеттүүлөрү аскердик каттоодон чыгуу үчүн аскердик каттоодо турган жери боюнча аскер комиссариатына кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары үч айдан ашык мөөнөткө чыгып кеткен чакыруу курагындагы жарандар жана аскерге милдеттүүлөр келген убактан тартып он беш күндүн ичинде өзү жүргөн мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде (мындан ары - чет өлкөдөгү мекеме) аскердик каттоого тура алышат.
682. Туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн чакыруу курагындагы жарандар жана аскерге милдеттүүлөр аскердик каттоого туруу үчүн өзү жүргөн мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелерине кайрылганда төмөнкүлөрдү берет:
а) белгиленген формадагы арызды (1-тиркеме);
б) ксерокөчүрмөсүн тиркөө менен Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун;
в) ксерокөчүрмөсүн тиркөө менен аскердик билетин же аскердик каттоо күбөлүгүн (алар бар болсо);
г) 3x4 өлчөмүндөгү ак фондогу эки түстүү сүрөттү.
683. Эгерде жаран Кыргыз Республикасында аскердик каттоодон чыгарылбаса, анда аскердик каттоого туруу үчүн өзү жүргөн мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесине кайрылганда төмөнкү документтерди берет:
а) Кыргыз Республикасында аскердик каттоодо турган аскер комиссариатын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасында аскердик каттоодон чыгаруу тууралуу арызды (2-тиркеме);
б) эки нускада толтурулган белгиленген формадагы каттоо карточкасын;
в) ксерокөчүрмөсүн тиркөө менен Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун;
г) ксерокөчүрмөсүн тиркөө менен аскердик билетин же аскердик каттоо күбөлүгүн;
д) 3x4 өлчөмүндөгү ак фондогу эки түстүү сүрөттү.
Кыргыз Республикасында аскердик каттоодон чыгаруу жөнүндө арыздагы жарандын колу консул тарабынан күбөлөндүрүлөт.
684. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемеси арызды, каттоо карточкасынын бир нускасын, паспорттун, аскердик билеттин (же аскердик каттоо күбөлүгүнүн) жазылган жана мөөрлөр басылган бардык барактарынын ксерокөчүрмөлөрү менен, тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу жана башкаруу боюнча ишти жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын консулдук кызматы аркылуу коргоо маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органына жиберет.
685. Коргоо маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу жана башкаруу боюнча ишти жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынан сурамды алган учурдан тартып бир айлык мөөнөттө аскердик каттоодон убактылуу чыгарат же арыз ээсин белгиленген тартипте аскердик каттоодон чыгарат, бул тууралуу Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесине, Кыргыз Республикасынын тышкы саясий иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын консулдук кызматына кабарлайт (3-тиркеме).
Билдирүүгө аскердик-каттоо документтеринен көчүрмөлөр тиркелет.
686. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин кызмат адамы алынган билдирүүдөн кийин аскерге милдеттүүлөргө жана чакырылуучуларга 64-пунктка ылайык өздүк карточкаларды толтурат, ошондой эле ушул Жобонун 4-главасына ылайык чет өлкөдө жүргөн жарандарды аскердик каттоону жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин кызмат адамы чет өлкөдө жүргөн жарандар Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинде аскердик каттоого коюлгандыгы тууралуу тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу жана башкаруу боюнча ишти жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын консулдук кызматы аркылуу коргоо маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органына билдирет.".