Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XVIII СЕССИЯСЫ
2022-жылдын 3-ноябры № 84/18-5
“Токмок шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы жөнүндө” Убактылуу Жобону жана анын курамын бекитүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 24-октябрындагы №1-22/2179 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин укук тартиби жана коргоонуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 27-октябрындагы протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы жөнүндө” Убактылуу Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токмок шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыгарылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин укук тартиби жана коргоонуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.М. Сансызбаев |
Токмок шаардык кеңешинин
2022-жылдын “3”- ноябрындагы
№84/18-5 токтомуна
1 - тиркеме
Токмок шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы жөнүндө
Убактылуу Жобо
1. Жалпы жоболор
1. Бул Убактылуу Жобо Токмок шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) иштөө тартибин жана ыйгарым укуктарын аныктайт.
2. Комиссия Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» Кодексинин 451-беренесине ылайык жана Токмок шаарынын мэриясынын компетенциясынын чегинде укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу.
3. Комиссиянын негизги милдеттери болуп Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» Кодексинин 107, 110, 111, 112-беренесинин 1-бөлүгүндө, 113-115, 118–124, 157, 159, 177, 179, 180, 238, 239, 242, 245-253, 308-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана Токмок шаарынын мэриясынын компетенциясына кирген иштер боюнча жаза чараларын колдонот.
4. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» Кодексин, Токмок шаарынын мэриясынын комиссиянын ишин жөнгө салуучу чечимдерин жана ушул Убактылуу Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия Токмок шаарынын мэрине отчет берүүгө милдеттүү.
Комиссия жыл сайын, отчеттук мезгилден (жылдан) кийинки айдын 15-числунан кечиктирбестен өткөн календардык жыл үчүн жасалган иштер жөнүндө Токмок шаарынын мэриясына отчет берет жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды жана аларга бөгөт коюу практикасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет.
2. Комиссияны түзүүнүн тартиби
6. Комиссия Токмок шаарынын мэриясынын чечими менен түзүлөт. Комиссиянын ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу Токмок шаарынын мэриясынын чыгымдар сметасында каралган каражаттардын эсебинен камсыз кылынат.
7. Комиссиянын курамы Токмок шаарынын мэриясынын тескемеси менен бекитилет.
Токмок шаарынын мэриясынын комиссиясынын курамы түзүлөт:
-Комиссиянын төрагасы – Токмок шаарынын мэринин биринчи орун басары;
-төраганын орун басары – Токмок шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси;
-Токмок шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкерлери;
-Токмок шаарынын ИИБ жана башка мамлекеттик органдардын бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү (макулдашуу боюнча);
-жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).
Туруктуу негизде иштеген Комиссиянын курамына жооптуу катчы катары Токмок шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматкерлеринин бири кирет, ага Комиссиянын катчылыгынын милдеттери жүктөлөт.
8. Комиссиянын мүчөсү болуп 21 жашка толгон, орто кесиптик билими жана жогорку билими бар Токмок шаарынын тургуну дайындалышы мүмкүн.
9. Комиссиянын мүчөсү боло албайт:
-соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылгандар;
-соттуулугу барлар;
-мурда жазык жоопкерчилигине тартылган, бирок ага карата кылмыш иши токтотулган, актоого болбой турган негиздер боюнча куугунтуктоо (кылмыш иши) токтотулгандар;
-медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоол болгон оорусу бар адамдар.
10. Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары Токмок шаарынын мэриясынын чечими кабыл алынган күндөн тартып башталат жана Комиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
3. Комиссия тарабынан ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу төмөнкү учурларда токтотулат
11. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенде, ага ылайык Комиссия тиешелүү ыйгарым укуктарын жоготот;
Комиссия тарабынан ыйгарым укуктарды андан ары жүзөгө ашыруунун максатка ылайыксыздыгы же мүмкүн эместиги.
4. Комиссиянын негизги максаттары жана милдеттери
12. Комиссиянын негизги максаттары:
-ар бир иштин жагдайларын ар тараптуу, толук, объективдүү аныктоонун негизинде укук бузуулар жөнүндө иштерди өз ыйгарым укуктарынын чегинде кароо;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруу;
-укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча чыгарылган токтомдордун аткарылышын камсыз кылуу;
-укук бузууларды жасоого өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды аныктоо;
-комиссиянын ыйгарым укуктарынын чегинде укук бузуулардын алдын алууга багытталган чараларды көрүү.
13. Комиссиянын негизги милдеттери:
-укук бузуулар жөнүндө протоколдорду (токтомдорду) кароо;
-укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун натыйжалары боюнча токтомдорду кабыл алуу;
-укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо практикасын жалпылоо жана аны өркүндөтүү боюнча чараларды көрүү.
14. Берилген жазалар жана укук бузууларды жасаган адамдар жөнүндө маалыматтарды калыптандыруу жана сактоо максатында Комиссия Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» Кодексинин 55-беренесине ылайык берилген жазалардын, анын ичинде электрондук маалыматтар базасынын эсебин жүргүзүүгө милдеттүү.
5. Иштерди кароонун тартиби
15. Комиссиянын ишинин негизги формасы болуп жыйын эсептелет. Комиссиянын жыйындары зарылдыгына жараша (материалдардын келип түшүшүнө жараша) өткөрүлөт. Комиссиянын жыйындарынын мезгилдүүлүгү укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүнүн сакталышын камсыз кылууга тийиш.
16. Комиссиянын жыйыны, эгерде ага Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса укуктуу болуп эсептелет.
Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү чечим үчүн добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
17. Комиссия укук бузуулар жөнүндө иштерди Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» Кодексинин 536-беренесинде белгиленген тартипте карайт жана Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» Кодексине ылайык каралган жазанын бирин салат.
18. Укук бузуулар жөнүндө иштер комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» Кодексинин 535-беренесинде белгиленген тартипте укук бузуу жөнүндө протоколду жана иштин башка материалдарын комиссия алган күндөн тартып 10 күндүк мөөнөттө каралат.
Укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларынан өтүнүч келип түшкөн учурда же иштин жагдайын кошумча тактоо зарыл болгон учурда ишти кароо мөөнөтү комиссия тарабынан узартылышы мүмкүн, бирок он күндөн ашпоого тийиш. Көрсөтүлгөн мөөнөттү узартуу жөнүндө Комиссия жүйөлүү аныктама чыгарат.
19. Укук бузуулар жөнүндө өндүрүш иштери боюнча ар бир иштин жагдайын ар тараптуу, толук жана объективдүү аныктоо, укук бузуулар боюнча иштерге негизделүү менен чыгарылган токтомду аткаруу менен камсыздоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гана чечилет.
20. Жарандар, юридикалык жактардын өкүлдөрү, кызмат адамдары жана аларга теңештирилген адамдар мыйзам боюнча ишти кароо убактысы, убактысы жана орду жөнүндө Комиссиянын жыйынын өткөрүү күнүнө чейин үч күндөн кечиктирбестен милдеттүү түрдө комиссия тарабынан кабарланат.
21. Укук бузуу жөнүндө иш протоколдун негизинде жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын катышуусу менен каралат. Ага иштин бардык материалдары менен таанышуу, далилдерди көрсөтүү, өтүнүч жана баш тартуу билдирүү, жактоочунун юридикалык жардамын пайдалануу укугу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» Кодексине ылайык башка процесстик укуктар камсыз кылынат.
Укук бузуу жөнүндө протоколдун негизинде жоопкерчиликке тартылган адамдар (юридикалык жактын өкүлдөрү) Комиссиянын жыйынына келбей калган учурда, ишке тартылган адамдар ишти кароонун орду жана убактысы жөнүндө өз убагында билдирилгендиги жөнүндө маалыматтар болгондо жана алар тарабынан ишти кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө өтүнүч жок болсо, Комиссия ишти алар жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» Кодексине ылайык кароого укуктуу.
22. Иш боюнча комиссиянын чечимине даттануу жана жаза колдонуу жөнүндө токтомду аткаруу Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» Кодексинин 547-беренесинде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
Жооптуу катчы | М.А. Табалдиев |
Токмок шаардык кеңешинин
2022-жылдын “3”-ноябрындагы
№84/18-5 токтомуна
2-тиркеме
Токмок шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө
иштерди кароо боюнча комиссиясынын курамы:
Төрага | -Токмок шаарынын мэринин биринчи орун басары;
| ||
Төраганын орун басары | -Токмок шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси;
| ||
Комиссиянын катчысы | -Токмок шаарынын мэриясынын укук коргоо органдары менен иштөө боюнча башкы адиси; | ||
Комиссиянын мүчөлөрү: |
| ||
| -Токмок шаардык кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
| |
| -Токмок шаарынын ИИБнүн өкүлү (макулдашуу боюнча);
|
| |
| -Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы;
|
| |
| -Коомдук бирикме/уюмдун өкүлү |
| |
Жооптуу катчы | М.А. Табалдиев |