Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XVIII СЕССИЯСЫ
2022-жылдын 3-ноябры № 85/18-5
Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги кыймылдуу мүлк объектилерин, турак жай эмес имараттарды берүү тартиби жана шарттары жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
(Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-январы №114/21-5 токтомунун редакциясына ылайык )
Токмок шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 31-октябрындагы №1-22/2251 кайрылуусун карап жана Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 02-ноябрындагы протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги кыймылдуу мүлк объектилерин, турак жай эмес имараттарды берүү тартиби жана шарттары жөнүндө” Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыгарылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.М. Сансызбаев |
Токмок шаардык кеңешинин
2022-жылдын ”3”-ноябрындагы
№85/18-5 токтомуна тиркеме
Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги кыймылдуу мүлк объектилерин, турак жай эмес имараттарды берүү тартиби жана шарттары жөнүндө ЖОБО
(Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-январы №114/21-5 токтомунун редакциясына ылайык )
I. Жалпы жоболор
1. Бул жобо Кыргыз Республиксынын Жарандык Кодексине, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги кыймылдуу мүлк объектилерин, турак жай эмес имараттарды берүү шарттарын жана тартибин аныктайт (мындан ары-Жобо).
2. Бул Жобо Токмок шаарындагы ыкчам башкаруу жана чарба жүргүзүү укугунда негизделген мамлекеттик, муниципалдык ишканаларды жана мекемелерди муниципалдык имаратка жайгаштыруу акысыз негизде жүргүзүлөрүн аныктайт, коммуналдык кызматтарды жана ушул имараттарды кармоого кеткен чыгымдарды төлөөдөн тышкары.
3. Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объектилерин берүү жол-жобосу Токмок шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү – Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт (мындан ары- ММБ).
4. Муниципалдык мүлктү (турак жай эмес имараттар, жайлар, курулмалар) ижарага берүү келишимин түзүү, түз берүү жолу менен же соодалашуу аркылуу жүргүзүлөт.
5. Бул Жобонун күчү төмөнкүлөргө жайылтылат:
Турак жай эмес имараттар, курулмалар, жайлар, кыймылдуу мүлк объектилери, ыңгайлаштыруу объектилери жана муниципалдык мүлк объектилеринин реестринде турган объектилер;
Мүлккө муниципалдык менчик объектилеринин реестринде турган, калктын маданий-тиричилик керектөөлөрүнүн канааттандыруусун камсыздаган мүлктүк комплекс (мүлктүк комплекстин бөлүгү);
Кыймылдуу мүлк – Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги автоунаа каражаттары.
II. Ушул Жободо пайдалануучу түшүнүктөр жана терминдер
Токмок шаарынын Муниципалдык мүлкү боюнча комиссия (мындан ары-комиссия), муниципалдык мүлккө укуктарды берүү менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн, ушул Жобого ылайык түзүлүүчү коллегиалдык орган;
аукцион – муниципалдык мүлккө ижара келишимин түзүү укугуна соодалашуу түрү, мында эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп табылат.
катышуучу – аукционго катышууга уруксат берилген талапкер;
кыймылдуу муниципалдык мүлк- Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги автоунаа каражаттары;
кепилдик төгүм - катышууну каалаган талапкер төккөн акчанын суммасы;
лот –ижара укугу аукционго коюлган муниципалдык мүлк.
III. Чарба жүргүзүү, ыкчам башкаруу укугу
6. Объектилер ыкчам башкаруу жана чарба жүргүзүү укугунда негизделген муниципалдык ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге берилет, аларга мүлк Токмок шаарынын жашоосун камсыздоо үчүн зарыл болгон учурда.
7. Мүлктү ыкчам башкаруу же чарба жүргүзүү укугунда берүү келишимин мөөнөтүнөн мурда бузуу үчүн негиз болуп, келишим түзүлгөндөн кийин профилинин, колдонуучунун ишмердүүгүнүн каржылоо булагынын өзгөрүшү саналат.
8. Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлккө чарба жүргүзүү же ыкчам башкаруу укугун алган уюмдар, мекемелер жана ишканалар, менчик ээсинин жазуу түрүндөгү макулдугусуз ээликтен ажыратууга же башка ыкма менен ага бекитилип берилген мүлктү тескөөгө укугу жок, ошондой эле уюмдар, мекемелер жана ишканалар кудуретсиз (банкрот) болгон учурда, муниципалдык мүлктү ээликтен ажыратууга болбойт жана ушул мүлккө менчик укугун сактап калган менчик ээсине кайтарылып берилет.
IV. Рыноктук ижара төлөмү менен ижаралоо
9. Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлк объектилерине рыноктук ижара төлөмү менен мүлктү пайдалануу укугун берүү аукцион өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт.
10. Муниципалдык мүлктү рыноктук ижара төлөмү менен пайдалануу укугу жеке жана юридикалык жактарга берилет, алар:
а) турак жай эмес имараттар, курулмалар же жанаша жер тилкеси бар имараттар:
б) мүлктүк комплекстер (мүлктүк комплекстин бөлүгү);
11. Мөөнөтү 5 жылга чейин түзүлгөн ижара (субижара) келишиминин иштөө мөөнөтүн узартууда, ижара акысынын суммасы, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ылайык, көбөйтүлүшү керек.
12. Аукциондун жеңүүчүсү деп табылган адам жана ММБ, аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун негизинде, аукцион өтөөрү тууралуу билдирүүдө көрсөтүлгөн протоколго кол коюлган күндөн баштап 7 жумушчу күнүнүн ичинде ижара келишимин түзүшөт.
13. Аукциондун жеңүүчүсү деп табылган адам, белгиленген мөөнөттө ижара келишимине кол коюудан баш тартса, төлөгөн кепилдик төлөмүн жоготот, ал эми ыйгарым укуктуу орган муну муниципалдык мүлктү колдонуу укугунан баш тартты деп кабыл алат.
14. Ижара келишимине кол коюудан баш тарткан соодалашууну уюштуруучу, аукциондун катышуучусуна кепилдик төлөмүн кайтарып берүүгө милдеттүү.
15. Аукциондун жеңүүчүсү деп табылган адам менен ижара келишимин түзүүдө, ал төлөгөн кепилдик төлөмдүн суммасы, түзүлгөн ижара келишими боюнча милдеттерди аткаруу эсебине кошулат.
16. Ижара келишими ММБ менен аукциондун жеңүүчүсүнүн ортосунда түзүлөт.
17. Ижара келишими бир жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө түзүлөт.
18. Комиссиянын чечими менен ижара келишиминин мөөнөтү, узартууну каалаган жана ижара келишиминин шарттарын бузбаган ижарачы менен, ушундай эле мезгилге узартылышы мүмкүн.
19. Келишимдин иштөө мөөнөтүн узартуу, мурда түзүлгөн келишимге кошумча макулдашууга кол коюу жолу менен жүргүзүлөт.
20. Рыноктук ижара төлөмү менен ижара келишиминин иштөө мөөнөтү аяктаганга чейин бир ай калганда, ижарачы он күндүк мөөнөттүн ичинде ижара келишиминин иштөө мөөнөтүн узартуу үчүн чараларды көрөт же келишимдин иштөө мөөнөтү аяктаганда ижарага алган кыймылсыз мүлк объектисин бошотуп берет.
21. Кыймылсыз мүлк объектисин өз убагында бошотпогон учурда, ижарачы ыйгарым укуктуу органга мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн, бир айлык ижара төлөмүнүн суммасынан беш пайыз өлчөмүндө айып төлөм төлөп берет.
22. Мындай учурда, ижара келишиминин иштөө мөөнөтү аяктаганда ижарага алган кыймылсыз мүлк объектисин бошотуп бергенден кийин, залогдук сумма ижарачыга кайтарылып берилет, ижарачынын күнөөсү боюнча келтирилген материалдык зыянды жоюу боюнча суммадан тышкары, бул суммага ижара акысы үчүн карыз, кыймылсыз мүлк объектисин өз убагында бошотуп бербегендиги үчүн айып төлөм же анын талаптагыдай эскирүүсүнөн жогорку өлчөмдө болгон ижарага рыноктук ижара төлөмү менен берилген объектини оңдоонун баасы кирет.
23. Ижарадагы муниципалдык мүлктү колдонуу менен байланышкан ар кандай чыгымдарды ижарачы тартат.
V. Ижарага беш жылдан элүү жылга чейин берүү
24. Муниципалдык мүлктү беш жылдан элүү жылга чейин (узак мөөнөттүү ижара) берүү төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
а) жеке жана юридикалык жактардын эсебинен социалдык объектилерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууда;
в) жеке жана юридикалык жактарга өндүрүш үчүн.
25. Жеке жана юридикалык жактардын эсебинен социалдык объектилерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууда, социалдык объектилерди курууга ижара укугун берүү аукцион өткөрбөстөн, келишимдик негизде, Токмок шаардык кеңешинин чечими боюнча берилет.
26. Кыймылсыз мүлк объектилерине пайдалануу укуктары, ушул Жобо менен бекитилген аукционду өткөрүүнүн жалпы принциптери менен жүргүзүлөт.
27. Объектилерди капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн зарыл болгон акча каражаттарынын өлчөмү, көз карандысыз баалоочу тарабынан аныкталат.
28. Муниципалдык менчик объектилерин беш жылдан элүү жылга чейин ижаралык колдонууга берүүдө, ижара келишиминин шарттарына ылайык, курулуш жана жерди пайдалануу эрежелерине жана Токмок шаарынын деталдуу планировкасынын долбооруна ылайык, көлөмдүк-планировкалык жана конструктивдүү чечимдерди өзгөртүү менен, ижарачыга капиталдык объектилерди курууну жүргүзүүгө, реконструкциялоого, кайра профилдөөгө жана объектини кайра пландаштырууга уруксат берилет.
29. Муниципалдык менчикти колдонуу укугу үчүн баштапкы баа өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
коэффициенттер боюнча баштапкы ставканы;
муниципалдык менчиктин баланстык баасынын суммасын.
30. Ижарага колдонууга берилген жер тилкеси менен объектиде, ижарачыга турак жай курууга тыюу салынат.
31. Жеңүүчү деп ижара акысына эң көп сумманы сунуштаган адам эсептелет.
32. Аукциондун жеңүүчүсү деп табылган адам, аукциондун жыйынтыктары тууралуу протоколдун негизинде, аукциондун жеңүүчүсү аныкталган датадан баштап 7 календардык күндүн ичинде узак мөөнөттүү ижарага келишим түзөт.
33. Аукциондун жеңүүчүсү деп табылган адам, узак мөөнөттүү ижара келишимине белгиленген мөөнөттө кол койбогон учурда, төлөгөн кепилдик төлөмдү кайра ала албайт.
34. Аукциондун жеңүүчүсү деп табылган адам менен узак мөөнөттүү ижара келишимин түзүүдө, ал төлөгөн шертпулдун (задатоктун) суммасы түзүлгөн ижара келишими боюнча милдеттерди аткаруу эсебине эсептелет.
35. Ижарадагы муниципалдык менчикти колдонуу менен байланышкан ар кандай чыгымдарды ижарачы тартат.
VI. Ижара келишимин түзүү укугуна аукцион уюштуруу
36. Токмок ш. Муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлк объектилерине соодалашуу предмети болуп, рыноктук ижара акысы менен, субижарага, узак мөөнөттүү ижарага ижара келишимин түзүү укугу эсептелет.
37. Муниципалдык мүлктү аукционго коюу тууралуу Комиссиянын чечиминин негизинде, ыйгарым укуктуу орган аукционду өткөрүү датасына чейин 30 күндөн кем эмес массалык маалымат каражаттарына аукцион өткөрүлө тургандыгы жөнүндө маалымат басып чыгарууга милдеттүү
38. ММБ төмөнкү функцияларды аткарат:
а) аукциондун катышуучуларын каттоо мүмкүнчүлүгүн камсыздайт;
б) колдонуу укугун берүү жол-жобосуна катышуучулардын бирдей катышуусун камсыздайт.
ж) аукциондун талапкерлеринин жана катышуучуларынын маалыматтарынын купуялуулугун камсыздайт, документтерди ыйгарым укуктуу органга жөнөтүүдөн тышкары.
з) ушул Жобого жана КР башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, башка функцияларды аткарат.
VII. Аукционду өткөрүү
39. Арыз ММБга берилет. Бир адам бир лот боюнча, бир эле арыз берүүгө укуктуу.
40. Тиркелген документтери менен арыз, мөөнөтү бузулуп берилсе катталбайт.
41. Аукционго катышуу үчүн талапкер баштапкы баадан 10 % өлчөмүндө кепилдик төлөмдү ММБнын счетуна которуш керек.
42. Аукциондун жеңүүчүсүнө кепилдик төлөм ижара акысын төлөө эсебине эсептелет. Аукциондун жыйынтыгы тууралуу протоколго кол коюудан же ижара келишимин түзүүдөн баш тартса кепилдик төлөм аукциондун жеңүүчүсүнө кайтарылып берилбейт.
43. Аукцион болгон жок деп төмөнкү учурларда эсептелет, эгер:
Катышууга бир дагы арыз берилбесе же бир дагы талапкер катышуучу деп таанылбаса;
Бир гана талапкерди катышуучу деп тааныганда, мындай учурда кепилдик төлөмү 10 жумушчу күндүн ичинде кайтарылып берүүсү керек.
44. Аукционду болгон жок деп табуу чечими аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол менен таризделет.
45. ММБ менен муниципалдык мүлктү ижаралоо келишими өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгы боюнча түзүлөт.
46. Ижарачы муниципалдык мүлктү, ижара келишими күчүнө кирген учурдан баштап жана объектини кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча кабыл алган учурдан баштап ижаралайт.
47. Муниципалдык мүлктү ижаралоо келишими, ошондой эле мөөнөтү 5 жылга чейинки ижара келишими, узак мөөнөттүү келишим 3 нускада түзүлөт жана Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтүүгө жатат. Келишимди каттоо боюнча чыгымдар ижарачыга жүктөлөт.
VIII.Кыймылсыз мүлк объектилерин түз берүү
48. Токмок ш. мамлекеттик, муниципалдык ишканаларын жана мекемелерин ыкчам башкаруу же чарба жүргүзүү укугунда муниципалдык имаратка (жайга) жайгаштыруу акысыз негизде жана соодалашуу өткөрбөстөн, ММБнын начальнигинин чечими менен жүргүзүлөт.
Бул имараттын (жайдын) коммуналдык кызматтарын төлөө жана аны кармоо боюнча чыгымдар ыкчам башкаруу же чарба жүргүзүү укугундагы Токмок ш. мамлекеттик, муниципалдык ишканалары жана мекемелери тарабынан жүргүзүлөт.
48.1. Мамлекеттик бюджеттен жарым-жартылай каржыланган мамлекеттик мекемелер жана ишканалар үчүн ижара акысынын өлчөмү мамлекеттик бюджеттен каржылоонун үлүшүнө пропорционалдуу суммага азайтылат.
48.2. Бирдиктүү казыналык эсеп тутумунан тышкары өзүн өзү каржылаган жана тейлөөчү мамлекеттик мекемелер жана ишканалар мамлекеттик администрациялык имараттарда жана жайларда ижара келишиминин шарттарында жайгаштырылат.
48. Муниципалдык кыймылсыз мүлктү кайрымдуулук иштерине катышуучуларга берүү аукцион жана соода жүргүзбөстөн, ижара келишиминин шарттарында түз өткөрүп берүү жолу менен ишке ашырылат.
(Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-январы №114/21-5 токтомунун редакциясына ылайык )
IX. Субижара
49. Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги ыкчам башкаруу же чарба жүргүзүү укугундагы муниципалдык мүлктү колдонуучулар, кыймылсыз мүлк объектилерин рыноктук ижара акысы менен ижаралаган ижарачылар, ушул Жобо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген тартипте, ММБнын макулдугу менен, көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк объектилерин толугу менен же жарым-жартылай субижарага бере алышат.
50. Субижарага объектилер өткөрүлгөн аукциондун, ыйгарым укуктуу орган аркылуу конкурстун негизинде, Комиссияга ушул маселе коюлгандан кийин берилет.
51. Ижара келишимине ММБнын макулдашуусу менен колдонуучу менен субижарачы кол коет.
52. ММБ колдонуучулардын бош турган имараттарын аныктаган учурда, аларды рыноктук ижара акысы менен берүү үчүн, Токмок шаарынын мэриясынын чечими менен конкурска, аукционго коюуга укуктуу.
53. Субижара келишими, мүлктү колдонуу келишиминин, чарба жүргүзүү же ыкчам башкаруу укугундагы келишимдин же рыноктук ижара төлөмү менен ижара келишиминин иштөө мөөнөтүнөн ашкан мөөнөткө түзүлбөйт.
54. Колдонуучулар тарабынан субижарага берилүүчү объектилерди ижарасы үчүн ижара төлөмүнүн бүт суммасы жергиликтүү бюджетке жөнөтүлөт.
X. Баштапкы бир айлык рыноктук ижара төлөмүн аныктоо тартиби
55. Баштапкы бир айлык рыноктук ижара төлөмү ыйгарым укуктуу органдын (Токмок шаарынын ММБ) сунушунун негизинде, Комиссия тарабынан бекитилет.
56. Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги турак жай эмес имараттардын, курулмалардын же жайлардын баштапкы бир айлык рыноктук ижара төлөмү төмөнкү формула боюнча эсептелет:
(рыноктук ижара төлөмүнүн баштапкы бир айлык ставкасы) НС ⨯ К1 ⨯ К2 ⨯ К3 х К4х К5,
мында:
К1 – Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги турак жай имараттардын, курулмалардын же жайлардын түрүн эсепке алуучу коэффициент, жана ал төмөнкүгө барабар:
а) 1,2 - турак жай эмес имараттар, курулмалар же жайлар үчүн;
б) 2,0 – дарыкана кылууга турак жай эмес имарат үчүн;
в) 1,0 – турак жай имараты, курулмалар же жайлар үчүн;
г) 0,5 – турак жай эмес жер төлө түрүндөгү имараттар, курулмалар же жайлар учун;
К2 - Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлк объектисинин жайгашкан жерин эсепке алуучу коэффициент, жана ал төмөнкүгө барабар:
а) 1,2- Токмок шаарынын борбордук көчөлөрү – С.Ибраимов, Э.Сарбагышев, Шамшы, Ленин көчөлөрү (Шамшы көчөсүнөн баштап Речная көчөсүнө чейин), Амбулаторная, Киров, Дунларов, Советская көчөлөрү жана «Булак» борбордук базарындагы квадрат жана «Мүрөк» базары, ТРЕСТтин имараты;
б) 1,1 – Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги турак жай эмес имараттар, курулмалар же жайлар үчүн, алар төмөнкү көчөлөрдө, райондордо жайгашкан: Гагарин, Чкалов, Победа, Трясин, Жантаев көчөлөрү, Ворошилов көчөсүнүн району, Сахзавод району жана кичи райондор, өнөр жай аймагы;
в) 1,0 - Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги турак жай эмес имараттар, курулмалар же жайлар учун, жана Түндүк Бишкек-Торугарт айланма жолунда жайгашкан көчөлөрдүн ички квадраты;
г) 0,8 – калктуу пункттардан тышкары жайгашкан Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлк объектилери үчүн.
К3 –тармактык колдонуу коэффициенти
1,5 -дүкөн, ларек, дарыкана, спорттук-ден соолук чыңдоочу кызматтар, медициналык кызматтар, фитобар, тигүү цехи, стоматологиялык кабинет, УЗИ, рентген-кабинет, автоунааларды техникалык тейлөө, автотоктотмо, гараж, автого май куюучу станциялар;
1,4 Ресторандар, кафелер, мейманкалар, бильярд, сауна, бассейн, мончо, акча алмаштыруучу пункт, ломбард, банктык кызматтар, көчмө касса, касса, авиакасса, төлөмдөрдү кабыл алуучу пункт, жарнама жайгаштаруу, телекоммуникациялар үчүн антенналарды жана жабдууларды орнотуу, базарлар, кичи базарлар, мал жана тоют базарлар, кеңселер;
1,3 Химтазалоо, бут кийим ондоо, чач тарач, сулуулук салону, кийим ондоо, косметикалык салон, жаңы үйлөнө тургандар үчүн салон, компьютердик кызматтар жана компьютердик техниканы оңдоо, көчүрүү (копировальный) кызматтар, фото кызматтар, оңдоо үчүн имараттар жана курулмалар жана бизнес-борборлор, биржалар, банкомат, терминалдар;
1,2 Ашкана, буфет, соода точкасы, билим берүү борбору, китепкана, балдардын-өспүрүмдөрдүн чыгармачылык студиялары, көркөм ийримдер, спорттук секциялар жана маданият, спорттун башка объектилери ;
1,1- Чарба эсебиндеги ишканалар, бюджеттик, коомдук, чыгармачылык жана билим берүү уюмдары;
1,0- Өндүрүш жана ар кандай өндүрүштүк кызматтар.
К4- Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлк объектилерин техникалык жабдуу коэффициенти, ал төмөнкүгө барабар:
1,5 – суу түтүктөрү, канализация, ысык суу, борбордук жылуулук берүү;
1,4 - суу түтүктөрү, канализация, борбордук жылуулук берүү;
1,3 - суу түтүктөрү, канализация, ысык суу;
1,2 - борбордук жылуулук берүү;
1,2 - суу түтүктөрү, канализация;
1,0 – техникалык жабдуусу жок.
К5- калибровкалык коэффициент, ушул кыймылсыз мүлк объектиси үчүн бир айлык ижара акысынын баштапкы ставкасын, өзүнүн кароосу боюнча, жеке же башка форма менчигиндеги ушул кыймылсыз мүлк объектисине бир айлык ижара акысынын ставкасынын деңгээлинен 50% жана 70% келтирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
57. Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги белгиленген коэффициенттерди колдонууга болбогон объектилерди ижарага берүүдө, ижара төлөмүнүн старттык суммасы Комиссиянын чечими менен келишимдик негизде бекитилет.
X. Объектини сааттык колдонууда баштапкы ижара төлөмүн эсептөө
59. РНАЧИ = РНМАП / 30 / 24 * ПВИ
мында:
а) РНАЧИ – сааттык колдонууда баштапкы ижара төлөмүнүн өлчөмү;
б) РНМАП - баштапкы бир айлык ижара төлөмүнүн өлчөмү;
в) 30 – бир айдагы күндөрдүн орточо саны;
г) 24 – суткадагы сааттардын саны;
д) ПВИ – колдонуучунун (ижарага берүүчүнүн) графигине ылайык, айына (саатына) ижарага алуучу объектини колдонууга берилүүчү убакыт.
XI. Токмок ш. Муниципалдык турак жай жана турак жай эмес фондунун ижара төлөмүнүн суммасын эсептөө
БС*S*К1*К2*К3*К4*К5
Базалык ставка - 80 сом/кв.м. аймактар үчүн (облустар)
S- ижарага алуучу имараттын (жайдын) аянты;
К1- турак жай эмес имараттардын түрүн эсепке алуучу коэффициент
К2- турак жай жана турак жай эмес имараттардын жайгашкан жеринин коэффициенти
К3- тармактык колдонуу коэффициенти
К4- техникалык жабдуу коэффициенти
К5- имараттар (жайлар) үчүн калибровкалык коэффициент
К1- имараттардын (жайлардын) түрүн эсептөөчү коэффициент
-турак жай эмес имараттар (жайлар) үчүн -1,2
-дарыкана кылууга -2,0
-турак жай имараттары үчүн -1,0
-жер төлө, чатыр жана цоколдук кабатта -0,5
К2- турак жай жана турак жай эмес имараттардын жайгашкан жерин эсепке алуучу коэффициент
Токмок ш. Борбордук көчөлөрү – С.Ибраимов, Э.Сарбагышев, Шамшы, Ленин (Шамшы көчөсүнөн Речная көчөсүнө чейин), Амбулаторная, Киров, Дунларов, Советская көчөлөрү жана «Булак», борбордук базарынын квадратында, «Мурок» базары, ТРЕСТтин имараты | 1,2 |
Гагарин, Чкалов, Победа, Трясин, Жантаев көчөлөрү, Ворошилов көчөсүнүн району, Сахзавод району жана кичи райондор, өнөр жай аймагы | 1,1 |
Бишкек-Торугарт түндүк айланма жолу | 1,0 |
Калгандары (калктуу пункттардан тышкары) | 0,8 |
3-тармактык колдонуу коэффициенти
1. Дүкөн, ларек, дарыкана, спорттук-ден соолук чыңдоочу кызматтар, медициналык кызматтар, фитобар, тигүү цехи, стоматологиялык кабинет, УЗИ, рентген-кабинет, технического обслуживания автоунааны техникалык тейлөө, автотоктотмо, гараж, автоунаага май куюучу станциялар. 2. Ресторандар, кафе, мейманканалар, бильярд, сауна, бассейн, мончо, акча алмаштыруу пункту, ломбард, банктык кызматтар, көчмө касса, касса, авиакасса, төлөмдөрдү кабыл алуу пункту, жарнама жайгаштыруу, телекоммуникациялар үчүн антенналарды жана жабдууларды орнотуу, базарлар, кичи базарлар, мал жана тоют базарлары, кеңселер. | 1,5
1,4 |
3.Химтазалоо, бут кийим оңдоо, чач тарач, сулуулук салону, кийим оңдоо, косметикалык салон, жаңы үйлөнүп жаткандар үчүн салон, компьютердик кызматтар жана компьютердик техниканы оңдоо, көчүрүү (копировальные) кызматтар, фото кызматтар, оңдоо үчүн имараттар жана курулмалар, бизнес-борборлор, биржалар, банкомат, терминал. | 1,3 |
4. Ашкана, буфет, соода точкасы, билим берүү борбору, китепкана, балдардын - өспүрүмдөрдүн чыгармачылык студиялары, көркөм ийримдер, спорттук секциялар жана башка маданий жана спорт объектилери. | 1,2 |
5. Чарба эсебиндеги ишканалар, бюджеттик, коомдук, чыгармачылык, билим берүү уюмдары. | 1,1 |
6. Өндүрүш жана ар кандай өндүрүштүк кызматтар. | 1,0 |
К3 – техникалык жабдуу коэффициенти
1,5 – суу түтүктөрү, канализация, ысык суу, борбордук жылуулук берүү;
1,4 - суу түтүктөрү, канализация, борбордук жылуулук берүү;
1,3 - суу түтүктөрү, канализация, ысык суу;
1,2 - борбордук жылуулук берүү;
1,0 - суу түтүктөрү, канализация.
К4- калибровкалык коэффициент, ушул кыймылсыз мүлк объектиси үчүн бир айлык ижара акысынын баштапкы ставкасын, өзүнүн кароосу боюнча, жеке же башка форма менчигиндеги ушул кыймылсыз мүлк объектисине бир айлык ижара акысынын ставкасынын деңгээлинен 50% жана 70% келтирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
XII. Комиссиянын курамы жана анын укуктары, милдеттери
58. Муниципалдык мүлк боюнча Комиссия өзүнүн ишмердүүлүгүн төмөнкү курам менен менен жүргүзөт:
Комиссиянын төрагасы– Токмок ш. мэринин орун басары;
Комиссиянын төрагасынын орун басары – ММБ нын начальниги;
Комиссиянын катчысы – ММБнын кызматкери;
Комиссиянын мүчөлөрү:
Токмок шаардык шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынын өкүлү;
«Кадастр» ББ Токмок-Чүй филиалынын өкүлү;
Токмок ш.мэриясынын башкы адис-юристи;
Коомдук уюмдардын өкүлдөрү
59. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
а) муниципалдык мүлктү колдонуу укугуна старттык бааны бекитүүгө;
б) ушул Жобо менен бекитилген, коэффициент колдонууга болбой турган объектилер боюнча ижара акысынын старттык суммасынын өлчөмүн аныктоого;
в) аукционду өткөрүүдөн баш тартууга, анын өткөрүлүшүн башка күнгө калтырууга же соодалашуу өткөрүүнүн жарыяланган датасына чейин каалаган объектини аукциондон алып салууга; Көрсөтүлгөн мөөнөттү бузуу менен аукционду өткөрүүдөн баш тарткан учурда, конкурстун уюштуруучусу соодалашуунун катышуучуларына 10 календардык күндүн ичинде кепилдик төлөмдү кайтарып берүүгө милдеттүү;
г) рыноктук ижара төлөмү жана субижара келишимдеринин иштөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечимди кабыл алууга;
д) келишимде жазылган учурда, каалаган келишимди бир тараптуу бузуу боюнча чечим кабыл алууга;
е) Комиссия аукционду ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүгө милдеттүү.
XIII. Кыймылдуу муниципалдык мүлктү берүү
60. Кыймылдуу муниципалдык мүлк деп төмөнкүлөр саналат:
а) ММБнын негизги каражаттар реестринде катталган, Токмок ш. мэриясынын чарба субъектилериндеги чарба жүргүзүүсүндөгү атайын автоунаа каражаттары;
б) Токмок ш. мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө колдонууда болгон электр тиричилик техникалары, ар кандай машиналар жана жабдуулар.
61. Кыймылдуу муниципалдык мүлкту уюмдарга жана мекемелерге берүү ыкчам башкаруу жана чарба жүргүзүү укугунда негизделип жана соодалашуу өткөрбөстөн, акысыз, ММБнын начальнигинин чечими менен жүргүзүлөт.
XIV. Токмок шаарынын мүлкүнө муниципалдык менчикке укуктарды мамлекеттик каттоо
62. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, муниципалдык менчикке укук, ошондой эле ушул укуктарга чектөөлөр, алардын пайда болушу, өткөрүп берүү же токтотуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте, мамлекеттик каттоо органдарында катталат.
Муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодо, менчик ээси катары ММБ көрсөтүлөт.
Муниципалдык менчик объектилеринин укук белгилөөчү документтери болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору, соттун чечимдери, келишимдер жана башка бүтүмдөр, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган, мүлккө муниципалдык менчик укуктарын белгилөөчү актылар саналат.
Токмок шаарынын муниципалдык менчик объектилеринин реестри, объектилерден турат, алар объектилердин саны көбөйгөн сайын толукталып турат.
Реестр төмөнкү негизги маалыматтарды камтыш керек:
а) объектилердин сүрөттөлүшү;
б) объектилердин жайгашкан жерин көргөзүү;
в) Токмок ш. муниципалдык менчигиндеги объектилерге укуктарды бышыктоочу документтер, ал укуктардын ээси жергиликтүү өзүн башкаруу органдары жана башка жеке жана юридикалык жактар;
г) объектилерди колдонууга чектөөлөрдүн тизмеси;
д) объектилердин баланстык баасы;
е) өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар, аукциондун жеңүүчүсүнүн аты (аталышы), баасы жана ижара келишими боюнча башка шарттар жана чектөөлөр;
ж) мүлккө муниципалдык менчик объектилеринин өзгөчөлүгү жана колдонуу менен байланышкан башка маалыматтар.
Токмок шаардык кеңешинин жооптуу катчысы | М.А.Табалдиев |