Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы
2021-жылдын 9-февралы № 3/4
“Ак-Суу айыл ɵкмɵтүнүн жер адисинин, вет адисинин, айыл башчылардын Бузуулар Кодексинин негизинде айып салуу боюнча иштелип чыккан тартип эрежелерин бекитүү жɵнүндɵ
Ак-Суу айыл ɵкмɵтүнүн жер адиси А.Алымкуловдун, вет адиси А.Сартаевдин, айыл башчылардын Бузуулар Кодексинин негизинде айып салуу боюнча иштелип чыккан тартип эрежелерин бекитүү жɵнүндɵ сунуштарын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл ɵкмɵтүнүн жер адисинин, вет адисинин жана айыл башчылардын Бузуулар Кодексинин негизинде айып салуу боюнча иштелип чыккан тартип эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин укук тартиби жана мыйзамдуулук комитетине милдеттендирилсин.
Төрага: | С.Барпиев. |