Загрузка документа…
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясынын №3/4 токтому менен бекитилди. |
Ак-Суу айыл ɵкмɵтүнүн жер адисинин, вет адисинин жана айыл башчылардын Бузуулар Кодексинин негизинде айып салуу боюнча иштелип чыккан тартип эрежелери.
Ак-Суу айыл ɵкмɵтүнүн ветеринар адисинин тартип эрежелери:
- Атуулдар менчик малдарын жугуштуу ооруулардан эмдɵɵдɵн баш тартса;
- Атуулдар жайыт талааларында ɵлүп калган малдарын кɵмүүдɵн баш тартса же Ямма-Беккерелге алып келип таштабаса жана жайыттарды булгаса;
- Сырттан келген малдардын ветеринардык тактамалары жок болсо же эмдɵɵдɵн ɵтпɵсɵ;
- Алыскы жайлоого кɵчүүдɵветеринардык тактамаларды алуудан баш тартса;
Ак-Суу айыл ɵкмɵтүнүн жер, турак жай жана комуналдык чарба боюнча адисинин тартип эрежелери:
- Атуулдардын мыйзамсыз ɵз алдынча коргонун жылдырып алгандарга;
- Жер Кодексинин жоболоруна ылайык жоопкерчилиги чектелген коомдордун лицензияда кɵрсɵтүлгɵн жер аянттарынан сырткары иш жүргүзгɵндɵргɵ;
- Атуулдардын катуу тиричилик калдыктарын белгиленген жерден сырткары таштагандыгы үчүн;
- Калктуу конуштан сырткары жер мыйзамдарынын жоболоруна ылайык келбеген курулмаларды курган атуулдарга;
Ак-Суу айыл ɵкмɵтүнүн айыл башчыларынын тартип эрежелери:
- Атуулдардын сугат суу арыктарынан сууну ашырып жолду каптаткандар үчүн;
- Таза суу түтүктɵрүнүн белгиленген жерден сырткары эч кандай уруксаты жок ɵз билемдик менен суу чыгаргандарга;
- Айылдык кеңештин чечиминде кɵрсɵтүлгɵн бир баш саан уйдан сырткары мал алып калган атуулдарга;
- Жайкы сезон учурунда айыл ичинде бош жүргɵн кароосуз малдардын ээлерине;
Жогорудагы тартип эрежелерди бузгандыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Бузуулар жɵнүндɵгү Кодексинин беренелери боюнча протокол түзүлүп, айып пул салынат.
Төрага: | С.Барпиев. |