Загрузка документа…
АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2022-жылдын 10-августу № 13/2
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн айыл аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участогу менен камсыз кылуу боюнча 2022-2026-жылдарга карата программасын бектип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11 - 13- беренелерине негиз, А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 21.07.2022-жылдагы чыг.№03-24/273 катын А.Масалиев айылдык кеңешинин алдындагы турак үйдү жан жерди мыйзамдаштыруу боюнча комиссиясынын корутундусун, депутаттардын сунуштарын эске алып А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн айыл аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участогу менен камсыз кылуу боюнча 2022-2026-жылдарга карата программасы алымча кошумчасы менен №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген программаны ишке ашыруу үчүн иш-аракет жүргүзүү жана аткарылышы боюнча бир жылда бир жолудан кем эмес айылдык кеңештин сессиясында отчет берүү жагы айыл өкмөт башчысы Д.Маматкуловко жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Т.Галботоев |