Загрузка документа…
| 1-тиркеме А.Масалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы 2022-жылдын 10-августундагы № 13/2 токтомуна ылайык |
«А.Масалиев» айыл аймагында Кыргыз Республикасынын
Жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча
2022-2026 жылдарга карата
ПРОГРАММАСЫ
“А.Масалиев” айыл аймагынын кыскача географиялык жана
социалдык-экономикалык мүнөздөмөсү
1.1. Географиялык өзгөчөлүктөрү.
А.Масалиев атындагы айыл өкмөтү Кадамжай районунун чыгыш-тундук тарабынан орун алган. Түндүгүндө Өзбекистан, түштүгүндө жана батышында Майдан айыл өкмөтү, чыгышында Уч-коргон айыл өкмөтү менен чектешип турат.
Рельефи: Кадамжай районунун чыгыш-тундук тарабынан жайгашкан. Топурак, кум жана майда шагыл, таштардан турат.
Климаты: Климаты борсалдуу ачык байкалган кышы жана жайы менен. Абанын бир айлык орточо температурасы июль айында өрөөндөрдө + 350С, январь айында -4-2 0С. Шамалдын бир айлык орточо ылдамдыгы 2-6 м/сек.айрым убакта күнү 26 м/секундага жетет. Атмосфералык жаан-чачындын орточо саны бир жылда 200 мм ден 500 мл.метрге чейин өзгөрүп турат.
Гидрографиясы: А.Масалиев айыл аймагынынчыгыш-түндүк тарабынан стратегиялык Исфайрам дарыясы жайгашкан.
Өсүмдүктөрү: Тик алкактагы рельефи өсүмдүк катмарынын ар түрдүүлүгү менен шартталган. Жалпы түрлөрүнүн курамы – ондогон түрлөрү, алар топторго кошулат (жээлчү жана жээлбечү).
1.2. Аймактык башкаруунун социалдык-экономикалык мүнөздөмөсү
А.Масалиев атындагы айыл өкмөтүнүнкурамына төмөнкү 8 айыл кирет: Өлагыш, Алыш, Ташкоргон, Карадөбө, Көн, Кожо, Лесхоз, Какыр. Аймактык башкаруунун административдик борбору – Ишматов көчөсү №12 де жайгашкан.
Аймактык башкаруунун жалпы аянты – 17436,0 га, калктын туруктуу курамынын саны 15267 адам, алардын ичинен:
· - Эркектер – 7 679 адам;
· - Аялдар – 7 588 адам;
· - 0 жаштан 15 жашка чейинки балдар – 4 009 адам;
· - 16 жаштан 62 жашка чейинкилер – 9 881 адам.
Калктын эмгекке жарамдуулары - 9 881 адам, алардын катарында:
· - Иштегендери - 7506 адам;
· - Иштебегендери - 2375 адам.
- калктын социалдык аярлуу топтору:
· - пенсионерлер - 1 718 адам;
· - майыптар - 345 адам;
· - жалгыз бой кары жарандар - 9 адам;
· - 7 жашка чейинки балдар - 2004 адам.
| №1 таблица |
№ | Калктуу конуш | Пенсио-нерлер | Майып- тар | 7 жашка чейинки балдар | Жалгыз бой кары жарандар | Эскертүү |
1. | Карадөбө | 400 | 70 | 3 |
| |
2. | Өлагыш | 159 | 28 | - |
| |
3. | Какыр | 122 | 21 |
| 1 |
|
4. | Кожо | 156 | 30 |
| 2 |
|
5. | Көн | 122 | 25 |
| - |
|
6. | Алыш | 287 | 72 |
| 2 |
|
7. | Ташкоргон | 360 | 80 |
| 1 |
|
8. | Лесхоз | 112 | 19 |
|
|
|
| Бары: | 1718 | 345 | 2004 | 9 |
|
Калктуу конуштар электрлештирилген, узундугу 42,5 км түзгөн суу түтүктөрү жана 110 колонка бар. Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу суу түтүктөрү, скважиналар аркылуу ишке ашырылат.
Аймактык башкаруунун кеңсеси өткөргүчсүз «КыргызТелеком», «Билайн», «Мегаком», «О» телефон байланышы менен калктуу конуштар камсыз болгон.
Административдик, маданий-турмуш-тиричилик жана өндүрүштүк имараттар негизинен бир-эки кабаттуу, топурак менен урулган жана бышкан кыш, темир-бетондон курулган.
Жеке сектордогу турак үйлөр саман-топурактан жана бышык, кам кирпичтен курулган.
Калктын негизги киреше булагы – айыл-чарбасы, мал-чарбасы жана жеке ишкерлер.
Аймактык башкарууда малдын башынын саны:
·- Ири мүйүздүү мал – 4374 баш;
·- Кой-эчки – 9637 баш;
·- Жылкы – 129 баш;
·- Канаттуулар – 12 600.
Жер фондусу:
- Бардыкжерлер – 17436.0 га;
- Жалпы айдоо – 1552.0 га;
- Сугат айдоо – 1371.0 га;
- Кайрак айдоо – 181.0 га;
- Жалпы бак дарактар – 156.0 га;
Чарба жүргүзүү объектилери:
·- Устакана - 1;
·- Механикалык устакана - 6;
·- Тегирмен - 1;
·- Дарыкана - 1;
·- Үрөнчүлүк чарба - 1;
Асыл тукум чарбасы - 2;
- Дыйкан чарба - 32;
- Айыл чарба кооперативи - 2;
- Акционердик коом - 2;
- Майиптар үйү - 1;
- Соода түйүндөрү - 24.
Ички чарбалык жол тармагы жалпы пайдаланылып келген жолдордун тармагы менен түздөн-түз байланыштуу. Негизи жолдун узундугу 114,0 чакырымды түзөт, анын ичинен катуу нерсе менен капталган – 25,0 чакырым.
Көпүрө – 5.
·- Электр берүү линиясынын (ЭБЛ) узундугу – 33 чакырым.
·- Трансформатордук подстанциялардын саны – 40 даана.
Калк электр кубаты менен 100 % камсыздалган.
Айыл өкмөтүнүн баардык аймагы сел жана жер титирөөнүн интенсивдүүлүгү боюнча 5 баллдык мүмкүнчүлүгү бар зонага дуушар.
Коопту чарбалар – турак үйлөр, чарба жүргүзгөн объектилер, ирригациалык түйүндөр.
1.3. А.Масалиев айыл аймагынын инфратүзүлүшү жана алардын мүнөздөмөсү.
Билим берүү мекемелери:
№ к/н | Мектептин аталышы | Муг-дин саны | Окуучу-дын саны | Класстардын саны | Имараттарга мүнөздөмө |
1. | №43-орто мектеп |
49 |
398 |
24 | 1 кабаттуу, 1964-жылы курулган, кирпич, техникалык абалы канааттандырарлык Эмес жаныдан имарат куру керек |
2. | №9-орто мектеп |
55 |
550 |
28 | 3 кабаттуу, 1991-жылы курулган, кирпичтен курулган, техникалык абалы канааттандырарлык, капиталдык ремонт талап кылынат. |
3. | №305-орто мектеп |
35 |
288 |
17 | 2 кабаттуу, 1989-жылы курулган, кирпич, техникалык абалы канааттандырарлык, капиталдык ремонт талап кылынат. |
4. | №2-орто мектеп |
68 |
567 |
28 | 3 кабаттуу, 1981-жылы курулган, кирпич-бетон, техникалык абалы канааттандырарлык, капиталдык ремонт талап кылынат. |
5. | №10-орто мектеп |
30 |
451 |
22 | 3 кабаттуу, 1990-жылы курулган, кирпич, техникалык абалы канааттандырарлык, капиталдык ремонт талап кылынат. |
6. | Мадариповортомектеби | 34 | 225 | 14 | 1 кабаттуу, 1979-жылы курулган, кирпич, техникалык абалы канааттандырарлык эмес жаныдан куруу керек |
7. | Орозбековортомектебинин филиалы |
8 |
|
5 | 1 кабаттуу, 2018-жылы курулган, кирпич, техникалык абалы канааттандырарлык, капиталдык ремонт талап кылынат. |
8. | «Нур» бала бакча | 19 | 100 | 2 тайпа | 1 кабаттуу, 1970-жылы курулган, кирпич, техникалык абалы канааттандырарлык, капиталдык ремонт талап кылынат. |
9. | «Ак ниет»бала бакча | 13 | 100 | 2 тайпа | техникалык абалы канааттандырарлык эмес убактылуу мектептин имаратына кошулган |
10. | «Балажан» бала бакча | 12 | 81 | 2 тайпа | 1 кабаттуу, 1970-жылы курулган, кирпич, техникалык абалы канааттандырарлык, капиталдык ремонт талап кылынат. |
11. | «Жашбалапан» бала бакча | 20 | 87 | 2 тайпа | 1 кабаттуу, 2004-жылы курулган, кирпич, техникалык абалы канааттандырарлык, капиталдык ремонт талап кылынат. |
12. | «Алтын үя”бала бакча | 12 | 81 | 2 тайпа | техникалык абалы канааттандырарлык эмес убактылуу мектептин имаратына кошулган |
| Бардыгы | 355 | 2928 | 138 |
|
Медициналык мекемелер:
№ к/н |
Аталышы | Медициналык кызматкерлердин саны |
Имаратка мүнөздөмө | ||
дары-герлер | мед айымдар | санитарлар | |||
1. | №21-үй-бүлөлук дарыгерлер тобу Карадөбө айылы | 2 | 5 | 1 | 1965-ж. курулган. Кирпич, техникалык абалы начар, жаныдан имарат куруу керек |
2. | №30-үй-бүлөлук дарыгерлер тобу Өлагыш айылы |
1 |
3 |
1 | 1969-ж. курулган, кирпич-бетон. техникалык абалы канааттандырарлык, капиталдык ремонт талап кылынат. |
3. | №31-үй-бүлөлук дарыгерлер тобу Алыш айылы | 1 | 4 | 1 | 1969 –ж. курулган, кирпич-бетон. техникалык абалы канааттандырарлык, капиталдык ремонт талап кылынат. |
4. | №34-үй-бүлөлук дарыгерлер тобу Ташкоргон айылы | 1 | 4 | 1 |
2021 –ж. курулган, , кирпич-бетон, техникалык абалы жакшы.
|
5. | №35-үй-бүлөлук дарыгерлер тобу Көн, Кожо, Лесхоз айылы | 1 | 3 | 1 | 2017 –жаныдан курулган, , кирпич-бетон, техникалык абалы жакшы.
|
| Бардыгы | 6 | 19 | 5 |
|
Маданий-эс алуучу мекемелер:
· - Маданият үйү - 1;
· - Китепкана - 1;
· - Стадион - 1;
Административдик жана маданий-турмуш-тиричилик имараттар негизинен эки кабатка чейин, көп кабаттуу курулуштар жана турак үйлөр.
Жеке сектордо:
№ 2 таблица
№ к/н | Калктуу конуштардын аталышы | Түтүн- дүн саны | Анын ичинен | Эскертүү | ||||
саман | топурактан урулган | кирпич | т/б | жыгач | ||||
Кварталдар | ||||||||
1. | Ташкоргон | 702 | - | 408 | 294 | - | - | Топурак менен саман аралаш |
2. | Карадөбө | 648 | - | 382 | 266 |
|
| Топурак менен саман аралаш |
3. | Көн | 209 | - | 126 | 83 | - | - | Топурак менен саман аралаш |
4. | Лесхоз | 134 | - | 86 | 48 | - |
| Топурак менен саман аралаш |
5. | Өлагыш | 248 | - | 146 | 102 | - | - | Топурак менен саман аралаш |
6. | Кожо | 254 | - | 141 | 113 | - | - | Топурак менен саман аралаш |
7. | Алыш | 537 | - | 301 | 236 | - | - | Топурак менен саман аралаш |
8. | Какыр | 241 | - | 145 | 96 | - | - | Топурак менен саман аралаш |
| Бардыгы: | 2973 |
| 1735 | 1238 |
|
|
|
Көп кабаттуу үйлөр | ||||||||
9. | ПМК | 24 |
|
| 24 |
|
|
|
Калктуу конуштарды кенейтүүдө жана жаны айылдарды түзүүдө А.Масалиев айыл аймагындагы баардык айылдар Кадамжай райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы менен биргеликте тандалып чыкты, айылдардын келечектүүлүгү алардын генералдык пландары аркылуу каралды. Негизинен келечектеги түзүлүп жаткан жаңы конуштарда элдер турак жай салып, жашоого ынгайлуу болгон жана негизги автоунаа жолдору каралган, ички инфраструктураларды алып келүүдө жакшы шарттары бар жер тилкелери тандалып каралган.
Трансформациялоого даярдалган жер жөнүндө.
А.Масалиев айыл аймагында 2022-2026-жылдар ичинде 1 этап менен жаңы конуштарды түзүүгө бекитилген жер массивтери:
I этап. А.Масалиев айыл аймагынын тургундарына жеке менчик турак жай куруу үчүн жер өлчөмдөрүн бөлүп берүүгө жазган арыздарын, ага тиркелген документтерди карап чыгып, бугунку кунгө карата 2255 арыз катталып, турак жайлары жоктугун, жашоо шарттарын оор жактарын эске алып, айыл аймагынын калкынын жеке менчик үй курууга болгон муктаждыктары өскөндүгүнө байланыштуу, Кожо айылынын түштүк-батыш тарабынан 100,0 га жана Алыш айылынын батыш-түштүк тарабынан 50,0 га жайыт жерлер жеке менчик турак жай куруу үчүн айыл аймагынын тургундарына бөлүнүп берилет. Айыл аймагынын борборунан 10 км алыстыкта жайгашкан.