Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
IX чакырылыш кезектеги VIII сессия
2021-жылдын 30-сентябры № 4
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 17.09.2020-жылдагы кезектеги XXVI сессиясынын 9-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 04.08.2021-жылдагы чыг.№01-12/521-катты шаардык кеӊештин туруктуу комиссияларынын кеңейтилген жыйынында карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 19-беренесин негиз кылып Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 17.09.2020-жылдагы кезектеги XXVI сессиясынын 9-токтомунун 4-пунктунун аткарылышы убактылуу токтотулсун.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын тийиштүү кызматтарга аткаруу үчүн жеткирүү, Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Тѳрага | Н. Орозбаев |