Загрузка документа…
ЖАЛАЛАБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезексиз XXVI сессия
2020-жылдын 17-сентябры № 9
Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктү бузууга жана көп кабаттуу имарат курууга уруксат берүү жөнүндө
(Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы №4 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 08.06.2020-жылдагы чыг.№04-09/1984-сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Ж.Бакив көчөсүнүн №27 дарегиндеги эки кабаттуу муниципалдык имаратын бузууга уруксат берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэрине (М.Тагаев), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Б.Джусупбеков) муниципалдык имаратын бузууда аукцион аркылуу иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
3. Жалал-Абад шаарынын мэрине (М.Тагаев), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Б.Джусупбеков) муниципалдык имаратын бузуу үчүн тийиштүү иш кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык даярдоо жана имаратты бузууда коопсуздугун сактоо шарты менен иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Курула турган көп кабаттуу турак-жайдын имаратынан шаардык мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгына бөлүп берүү шарты менен 180 чарчы метрден жогору, ошол эле учурда курулган имараттын жалпы аянтынан 15% дан кем эмес аянтын көп берген конкурустун катышуучулары менен мыйзам чегинде иш алып баруу жагы жүргүзүлсүн.
(Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы №4 токтомуна ылайык, 4-пункттун аткарылышы убактылуу токтотулсун)
5. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгына (Б.Джусупбеков) кабыл алынган токтомдун негизинде мыйзамдын талаптарын сактоо менен бирге иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
6. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
8. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Жоробаев |