Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 27-октябры № 40
“Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз сессиясынын 14.08.2020-жылындагы № 14 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
“Жаргылчак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жети-Өгүз токой чарбасынын аянтары жөнүндө” XXVII чакырылышынын кезексиз сессиясынын 14.08.2020-жылындагы № 14 токтомуна өзгөртүү киргизүү максатында Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 12 сессиясы токтом кылат:
1. “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы Ысык-Көл жерге жайгаштыруу филиалынын 27.09.2022-жылындагы № 164 катына ылайык, Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз сессиясынын 14.08.2020-жылындагы № 14 токтомунун биринчи пунктундагы “жерди пайдалануу картасындагы № 3783-контурундагы айыл чарба багытындагы бадалдар жеринен” деген абзац алынып салынып “ жерди пайдалануу картасындагы № 3783- контурундагы жайыт” жеринен 10,80 га жер аянты “Токой фондусунун жери” категориясына которулуп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
Төрага | Т.Д. Кызалаков |