Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 14-августу № 14
“Жаргылчак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жети-Өгүз токой чарбасынын жер аянттары жөнүндө”
(Жаргылчак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 40 токтомунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси Ш.У.Асымбековдун 2018-жылдын 03-октябрындагы №19-60/16 каты менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын 2018-жылдын 22-октябрындагы № 312 буйругунун негизинде түзүлгөн “Мекемелер аралык комиссиянын “2018-жылдагы корутундусунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агентигинин жетекчилигинин 2018-жылдын 05-апрелиндеги №17-4-28/2007 катынын негизинде аталган жерди берүүгө каршы эместигин жана ошондой эле 06.06.2019-жылдагы №17-2-28/578 катынын негизиндеги 5,40 га жер участогуна тендеш жер алмашуу иретинде трансформациялоого каршы эместигин билдирген маалымат сунуштамасы боюнча айылдык кенештин жыйыны
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13 жана 14-беренелеринин негизинде, Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айылдык аймагындагы Жети-Өгүз райондук токой чарбасына тиешелүү “Токой фондусунун жерлери” категориясындагы 30-квартал 1-выделиндеги 4,0 га алма бак, 1-квартал 14-выделинен 1,4 га кардон жерин, бардыгы 5,40 га жер аянтын Чон-Жаргылчак айылынын калктуу конушун кенейтүү максатында “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которулуп берилсин. Жаргылчак айыл өкмөтүнө тиешелүү Чон-Жаргылчак өрөөнүндөгү “Ой-Четин” участогундагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” 1-категориясынан, жерди пайдалануу картасындагы № 3783- контурундагы жайыт жеринен 10,80 га жер аянты “Токой фондусунун жери” категориясына которулуп берилсин.
(Жаргылчак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 40 токтомунун редакцияларына ылайык)
2. Жер аянттарын алмашуу Жети-Өгүз райондук токой чарбасы менен Жаргылчак айыл өкмөтүнүн ортосунда мыйзамга ылайык ишке ашырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы Жаргылчак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Жаныбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жер, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К.А.Мокеев |