Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IХ сессиясынын
2022-жылдын 31-майы № 25
Каргалык айыл өкмөтүнө караштуу “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын алдындагы “Таза суу” бөлүмүнүн 2022-жылга карата иш планын, сметасын, тарифин бекитүү жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы “Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2,1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 29.03.2022-жылдагы Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVIII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясынын №19-токтомунун 4-пунктунда таза суунун тарифтерин жана штаттык бирдигин мыйзамга ылайык кайра карап чыгуу жагы каралгандыгы белгиленсин.
2. “Таза суунун” тарифи 2019-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 18.02.2013-жылдагы №83-токтомуна ылайык бекитилип келгендиги белгиленсин.
3. 2022-жылдын 29-мартында болуп өткөн кезектеги VIII сессиядагы таза суу тарифтери Каргалык айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристинин сунушу менен артка кайтарылгандыгы белгиленсин.
4. Каргалык айыл өкмөтүнө караштуу “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын алдындагы “Казарман, водхоз Таза-суу” жана “Чет-Булак Таза-суу” бөлүмүнүн 2022-жылга карата иш планы бекитилсин.
5. “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын алдындагы “Казарман, водхоз Таза-суу” жана “Чет-Булак Таза-суу” бөлүмүнүн 2022-жылга карата тарифи №1 - тиркемеде көрсөтүлгөндөй бекитилсин.
6. “Таза кызмат” муниципалдык ишканасына “Казарман, водхоз Таза-суу” жана “Чет-Булак Таза-суусу” кошулгандан кийинки 2022-жылга карата сметасы №2- тиркемелерге ылайык бекитилсин.
7. Бул токтомдо көрсөтүлгөн тарифтердин деңгээлин кармап аткаруу жагы «Таза кызмат» муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Казиевге жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуевге милдеттендирилсин.
8. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы «Таза кызмат» муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Казиевге жана Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
9. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
10. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Каргалык айылдык Кеңешинин “Өнөр жай, курулуш, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевге милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы |
Т.И. Токтоболотов |
|
| Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IX сессиясынын 1-тиркеме 2022-жылдын 31-майындагы № 25 токтому менен бекитилген | |
«Макулдашылды» Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э. Артыкбаев _______________________ 31-май 2022-жыл |
«Бекитемин» Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Т.Токтоболотов____________________ 31-май 2022-жыл | ||
«Таза-Кызмат» муниципалдык ишканасынына "Казарман, водхоз Таза-Суу" жана "Чет-Булак Таза Суусу" кошулгандан кийинки 2022-жылга карата
тарифи.
Классификация жилищного фонда | Норма водопотребления на 1 человека (литр в сутки) | Тариф для населения (сом за 1 мЗ воды) | Сумма оплаты с 1 человека (сом) | ||
В месяц | В год | ||||
Потребление воды из уличных колонок | 25 |
| 19,25 | 19,25 | 231 |
Потребление воды из дворовых колонок | 50 |
| 38,50 | 38,5 | 462 |
Жилые здания с водопроводом в доме | 100 |
| 77 | 77 | 924 |
Жилые здания с водопроводом, с баней | 165 |
| 127 | 127 | 1524 |
Расчет оплаты населением за услуги водоснабжения производится по следующей формуле:
Тариф для населения = Тариф х (Норма водопотребления к 365 дней : 12 месяцев : 1000 л)
Сумма оплаты за год = Тариф х (Норма водопотребления х 365 дней : 1000 л)
«Таза Кызмат» муниципалдык ишканасынын жетекчиси: |
М. Казиев |
|
| Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IX сессиясынын 2-тиркеме 2022-жылдын 31-майындагы № 25 токтому менен бекитилген | |
«Макулдашылды» Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э. Артыкбаев _______________________ 31-май 2022-жыл |
«Бекитемин» Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Т.Токтоболотов____________________ 31-май 2022-жыл | ||
«Таза-Кызмат» муниципалдык ишканасынына "Казарман, водхоз Таза-Сүү" жана "Чет-Булак Таза Суусу" кошулгандан кийинки 2022-жылга карата
сметасы.
№ | Аталышы | Жалпы | Бөлүнүшү | |||
I | II | III | IV | |||
1 | Эмгек акы | 2564964 | 641241 | 641241 | 641241 | 641241 |
2 | 17.25% | 442460 | 110615 | 110615 | 110615 | 110615 |
3 | гсм | 276000 | 69000 | 69000 | 69000 | 69000 |
4 | Оңдоо чыгымдары | 120000 | 30000 | 30000 | 30000 | 30000 |
5 | Интернет, связь | 6000 | 1500 | 1500 | 1500 | 1500 |
6 | Э/Энергия | 8000 | 2000 | 2000 | 2000 | 2000 |
7 | Канцтовар | 30000 | 7500 | 7500 | 7500 | 7500 |
8 | Командировка | 32000 | 8000 | 8000 | 8000 | 8000 |
9 | Аркандай чыгымдар | 100000 | 25000 | 25000 | 25000 | 25000 |
|
| 3579424 | 894856 | 894856 | 894856 | 894856 |
«Таза Кызмат» муниципалдык ишканасынын жетекчиси: |
М. Казиев |