Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IХ сессиясынын
2022-жылдын 31-майы № 27
Тогуз-Торо токой чарбасынын 2022-жылга карата кызмат көрсөтүү боюнча тарифин бекитип берүү жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы Мамырова Каныш Мөкүшовнанын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо токой чарбасынын 2022-жылга карата көрсөтүлүүчү кызмат акыларынын сунушталган баалары №1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жогорудагы бекитилген бааларды мыйзам чегинде так сактап, иш алып баруу жагы Тогуз-Торо токой чарбасынын директору Баатырбек уулу Аскарга милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы |
Т.И. Токтоболотов |
|
| Каргалык айылдык кеңешинин 2022-жылдын 31-июнундагы № 27 токтому менен бекитилген |
Тогуз-Торо токой чарбасынын 2022-жылга карата көрсөтүлүүчү кызмат акылар боюнча
№ | Кызмат көрсөтүүнүн түрлөрү | Өлчөө бирдиги |
| Баасы (сом) | Эскертүү |
1 | Чатырдын же боз үйдүн орду үчүн акысы | даана |
| 500 |
|
2 | Жеңил автоунаага | даана |
| 150 |
|
3 | Жүк ташуучу автоунаага | даана |
| 200 |
|
4 | Жайкы отунга | даана |
| 600 |
|
Директор: |
Баатырбек уулу Аскар |
Гл. бухгалтер: |
Даткаев И. |