Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 200 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-февралындагы N 92 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын электрондук визасын этабы менен киргизүүнүн ТАРТИБИ
I. Киришүү
Кыргыз Республикасынын электрондук визасын ишке киргизүүнүн укуктук негизи "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылга иш-аракеттер программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-январындагы N 14 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылга иш-аракеттер программасы болуп эсептелет, анда чет өлкөлүк жарандарга электрондук почтаны - "электрондук визаны" пайдалануу аркылуу виза берүүнүн жол-жобосун киргизүү боюнча иш-чаралар каралган.
Кыргыз Республикасынын электрондук визасын ишке киргизүү инвестициялык жагымдуулукту жакшыртуу үчүн ири мүмкүнчүлүктөрдү берет, ошондой эле айрым чет өлкөлүк жарандарга визасыз режимди келечекте киргизүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кароо үчүн негиз боло алат.
Кыргыз Республикасынын электрондук визасын этабы менен киргизүүнүн тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын кирүү визаларын чет өлкөлүк жарандарга берүү боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын андан ары жакшыртуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын, келечекте өнүгүшүн, артыкчылыктарын, максат жана милдетин аныктайт.
Электрондук визаны этабы менен киргизүү үчүн принциптер менен артыкчылыктарды аныктоодон тышкары каржылоо булагын аныктоо, тиешелүү нормативдик укуктук актыларды жана башка уюштуруу жана техникалык иш-чараларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу үчүн мыйзамдык базага инвентаризация жүргүзүү да зарыл.
II. Электрондук визаны ишке киргизүүнүн максаттары, милдеттери жана негизги принциптери
1. Кыргыз Республикасынын электрондук визасын (мындан ары - электрондук виза) ишке киргизүүнүн негизги максаттары жана милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- өлкөнүн кадыр-баркын жана инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу;
- бирдиктүү принциптердин негизинде жана уюмдардын жана жарандардын өз ара маалыматтык аракетин камсыздоочу жалпы эрежелер боюнча иштеген маалыматтык-телекоммуникациялык система жана түйүндөрдү түзүү;
- мамлекеттик сапаттуу кызмат көрсөтүү;
- адам ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу;
- кагаздарды толтуруусуз арыз берүү жол-жобосу;
- маалыматтын коопсуздугу жана аны сактоо;
- жаңы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү жана ишке киргизүү;
- ведомстволор аралык коммуникацияларды жакшыртуу;
- программалык каражаттарды, маалыматтык ресурстарды түзүүнү жана аларга жетүүнү камсыздоочу, анын ичинде маалыматты сактоо, иштеп чыгуу, өзгөртүп түзүү жана кызыкдар тараптарга берүүнү кошуп алганда телекоммуникациялык системаларды түзүү;
- электрондук визаларды тариздөө жана берүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүү;
- туристтердин агымын жана өлкөнүн экономикасына салымдарды көбөйтүү.
2. Электрондук визаны киргизүү төмөнкү принциптерге негизделет:
- электрондук визаны киргизүүнү "Бирдиктүү терезе" жана "Электрондук Өкмөт" жана "Электрондук документ жүгүртүү" программаларын ишке ашыруу принциби боюнча кароо;
- Кыргыз Республикасынын визасын алуу маселеси боюнча ар түрдүү маалымат дүйнөнүн бардык жеринде, каалаган ар бир пайдалануучу үчүн каалаган мезгилде жеткиликтүү болуусу үчүн укуктук, уюштуруучулук жана технологиялык шарттарды сунуштоо.
III. Азыркы абал жана виза берүүдөгү маселелер
Виза алуунун татаалдыгы Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө визалык колдоо көрсөтүү жана виза алуу жол-жобосунун өзүндө жатат.
Бүгүнкү күнү каалаган категориядагы визаны алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнөн жана республиканын аймагындагы консулдук мекемелерден жеке кайрылууларынын негизинде бир айга чейинки мөөнөткө жарандары Кыргыз Республикасынын келүү-кетүү визаларын алууга укуктары бар мамлекеттердин тизмесине кирген жарандарды кошпогондо, чет өлкөлүк жаранга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин (мындан ары - ТИМ) Консулдук кызмат департаменти аркылуу чакыруу жана визалык колдоону тариздөө талап кылынат.
Электрондук визаны ишке киргизүү маселесин изилдөө Кыргыз Республикасына кирүү визасын алуу жол-жобосу татаал экендигин жана алыскы чет өлкөлөрдөн келүүчү потенциалдуу туристтер үчүн терс реакцияны туудуруп жаткандыгын көрсөттү.
3. Негизги визалык проблемалардын тизмеси:
- дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнүн жарандары үчүн виза алуу кошумча кыйынчылыктар жана дипломатиялык мекемелер жайгашкан өлкөлөргө баруу менен коштолгон;
- визаны тариздөөнүн/күтүүнүн мөөнөтүнүн узактыгы;
- визанын баасынын жогорулугу, айрыкча алдын ала билдирүүсүз тариздөөдө;
- Казакстан Республикасынын Элчилигинде виза алууда туристтерге кызмат көрсөтүүлөр үчүн кош тариф боюнча төлөөгө тура келет.
Электрондук визаны киргизүү проблемасын кароодо электрондук визаны киргизүү боюнча чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу, бирдиктүү компьютердик түйүндү түзүү менен техникалык проблемаларды, ошондой эле компьютердик техника, программалык камсыздоо менен жабдууга жана тийиштүү кызматтардын кызматкерлерин окутууга байланышкан финансылык проблемаларды изилдөө зарыл.
Өлкөлөр ортосунда визалык режим болгон учурда анын негизги кыйынчылыгы виза берүү жол-жобосу болуп эсептелет, бул өзгөчө европа өлкөлөрүндө туристтик рынокторду кеңейтүүгө кечеңдетүүчү таасир көрсөтөт.
Визаларды берүүнүн учурдагы практикасы көптөгөн бюрократиялык жол-жоболорду камтыйт, алар бир топ эскирген, өзгөчө техникалык планда, мисалы, Интернеттин жана заманбап программалык камсыздоонун мүмкүнчүлүктөрү иш жүзүндө колдонбойт. Маселенин уюштуруу жагы өтө эле чырмалышкан, узакка созулган, туристтер менен туроператорлордун багыт алышын татаалдаштырган ар түркүн нускамаларда жана эрежелерде жазылган.
4. Электрондук визаны киргизүү боюнча негизги проблемаларды төмөнкүлөргө бөлүүгө болот:
- техникалык:
программаны ишке ашырууда негизги өнөктөр ортосундагы бирдиктүү маалыматтар базасынын жоктугу;
ведомстволор ортосунда бирдиктүү түйүндү түзүү үчүн кошумча жабдууларды түзүү зарыл;
чек аралык өтүү пункттарында компьютердик техника жана программалык камсыздоо менен начар жабдылышы;
чек аралык өтүү пункттары менен Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын борбордук серверинин ортосунда электрондук байланыштын жоктугу;
- финансылык:
электрондук визаны толугу менен ишке киргизүүгө программалык жабдууларды иштеп чыгуу, чек аралык өтүү пункттарын компьютердик техника менен камсыздоо, кызыкдар ведомстволордун кызматкерлерин окутуу үчүн олуттуу финансылык каражаттар талап кылынат;
республикалык бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүүсү;
- уюштуруучулук:
электрондук визалар программасын иштеп чыгууда жана ишке киргизүүдө тийиштүү ведомстволордун кызыкчылыктарынын жоктугу;
электрондук виза тартибин киргизүү боюнча ведомстволор ортосунда координациялоонун жоктугу.
IV. Электрондук визаны этабы менен киргизүүнү ишке ашыруунун уюштуруу механизмдери
5. Тартипти ишке ашыруунун уюштуруу механизмдерине электрондук визаны натыйжалуу ишке киргизүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү кирет.
Кыргыз Республикасынын электрондук визасын этабы менен киргизүүнүн тартибин ишке ашыруу боюнча тиркелген Иш-чаралар планында белгиленген Тартиптин уюштуруу механизмдери төмөнкүлөрдү карайт:
- эл аралык тажрыйбаны жана эл аралык стандарттарды изилдөө;
- электрондук визаны киргизүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу;
- электрондук визанын базалык үлгүсүн аныктоо;
- технологиялык жактан камсыздоо (аппараттык жана программалык каражаттар, маалыматтык технология тармагындагы адистер);
- нормативдик укуктук камсыздоо;
- катышуучу мамлекеттик түзүмдөрдү аныктоо.
6. Электрондук визаны этабы менен киргизүүнү ишке ашыруу төмөнкү негизги механизмдерден турат:
- бир жолку документ жүргүзүү менен виза берүү жол-жобосу үчүн бирдиктүү өткөрүү каналдар режимин түзүү (кагаз жана электрондук технологияны бирдей колдонуунун негизинде);
- "Электрондук виза" режимин маалыматтык системаны, технологияны жана бир жолку жазуу ыкмасын пайдалануу менен максималдуу түрдө автоматташтыруу. Кагазсыз технологияга этабы менен өтүү;
- башка кызыкдар министрликтер жана ведомстволор менен координациялоого жооп берүүчү "Башкы мамлекеттик орган" принцибин колдонуу;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде "Электрондук виза" долбоорун жер-жерлерде ишке ашыруу. Департаментти башкы орган катары бекитүү;
- электрондук документ жүргүзүүнүн негизинде "Электрондук виза" маалыматтык системасын түзүү;
- виза алууда талап кылынуучу документтердин санын азайтуу жана оптималдаштыруу, катышуучу мамлекеттик органдардын санын кыскартуу;
- "Электрондук виза" режимин ишке киргизүү менен байланышкан бардык мүмкүн болуучу терс көрүнүштөр жана тобокелдиктерди эсепке алуу.
7. Электрондук визанын базалык үлгүсү кийин сандык технологияга өтүүчү кагаз жана маалыматтык технологиялардын айкалышынан турат. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кагаз жүзүндө да, электрондук формада маалымат алат, керектүү маалыматты катышкан бардык тараптарга таркатат жана тоскоолдуктардын жана кечиктирүүлөрдүн алдын алуу максатында контролдоо чараларын координациялайт.
8. Маалыматтык-коммуникациялык технологияны жарандык коомдо, экономикада, мамлекеттик башкарууда, мамлекеттин жарандар жана уюмдар менен өз ара мамилелеринде кеңири колдонуу үчүн укуктук негиздерди өркүндөтүү.
Нормативдик укуктук камсыздоо колдонуудагы мыйзамдарды талдоодон, электрондук виза системасын киргизүү жол-жобосуна карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тийиштүү оңдоолору киргизүү жана бул чөйрөнү жөнгө салуучу жаңы нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгуу аркылуу аны модернизациялоо жана шайкеш келтирүүдөн турат.
9. Сапаттуу технологиялык камсыздоо визалык жол-жоболор жөнүндө маалыматты берүү үчүн веб-сайтты, веб-бөлүмдөрдү иштеп чыгууну; он-лайн арыздарды толтуруу мүмкүнчүлүгүн; виза алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө электрондук түрдө акы төлөө үчүн автоматташтырылган системаны өзүнө камтыган кагазсыз системаны келечекте түзүү аркылуу Кыргыз Республикасынын электрондук визасын ийгиликтүү ишке киргизүүнүн маанилүү компоненттеринин бири болуп саналат.
Алгачкы этаптарда төмөнкүлөр божомолдонот:
- Интернет ресурстарын пайдалануу менен ведомстволор ортосунда маалымат алмашуу үчүн ведомстволор аралык схеманы иштеп чыгуу аркылуу бардык кызыкдар мамлекеттик органдар үчүн бирдиктүү аппараттык-программалык платформаны пайдалануу жана стандартташтыруу;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башкы органында (Консулдук кызмат департаменти) "Электрондук виза" маалыматтык системасын түзүү, тейлөө жана жайгаштыруу;
- катышкан бардык министрликтер жана ведомстволор "Электрондук виза" бирдиктүү системасына кошулуу үчүн "кардар-сервер" технологиясы боюнча өздөрүнүн порталдарын иштеп чыгышат;
- "Электрондук виза" системасы үчүн "чебер кардар" технологиясы пайдаланылат, бардык министрликтер жана ведомстволор бирдиктүү провайдер аркылуу Интернет түйүнүнө жогорку ылдамдыктагы өзүнчө бөлүнгөн линия менен камсыз болушат;
- Кыргыз Республикасынын электрондук визасын киргизүү үчүн кадрларды даярдоону камсыздоо;
- "Электрондук виза" системасынын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо.
10. Кыргыз Республикасынын электрондук визасын берүү жол-жобосуна катышкан кызыкдар түзүмдөрдүн тизмесин оптималдаштыруу жана аныктоо, алгачкы этапта төмөнкү схема менен чектелүүгө болот:
арыз берүүчү - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы.
V. Электрондук визаны ишке киргизүүнүн этаптары
Электрондук визаны андан ары ишке киргизүү этап-этабы менен ишке ашырылышы керек, бул сунушталган долбоордун жаңылыгы жана аны техникалык планда ишке киргизүүнүн зор эмгекти талап кыларлыгы менен шартталат.
11. Тартип төрт этапты камтыйт:
1-этап. Биринчи этапта "Аэропорт-Манас" жана "Ак-Жол-автожолу" (кыргыз-казакстан чек арасы) контролдоо-өткөрүү пункттарында "Электрондук виза" пилоттук долбоору ишке ашырылат. Пилоттук долбоордун процессинде электрондук визаны ишке киргизүү боюнча программалык камсыздоонун ишинде мүмкүн болуучу кемчиликтерди жоюуга карата тесттерди жүргүзүү пландаштырылган. Бул этапта жеңилдетилген визалык режимдеги өлкөлөр үчүн (Батыш Европа өлкөлөрү, АКШ, Япония) "туризм" категориясындагы гана визалар берилет.
2-этап. Экинчи этапта "Электрондук виза" системасына "Ош-аэропорт", "Чалдовар-автожолу", "Достук-автожолу" (Ош облусунун Кара-Суу районунун кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы контролдоо-өткөрүү пункту) контролдоо-өткөрүү пункттарын кошуу божомолдонууда.
3-этап. Үчүнчү этапта "Электрондук виза" системасына "Торугарт" (Нарын облусунун кыргыз-кытай чек арасындагы контролдоо-өткөрүү пункту), "Аэропорт-Ысык-Көл" (Ысык-Көл облусунун Тамчы айылы) контролдоо-өткөрүү пункттары кошулат.
4-этап. Акыркы этапта "Электрондук виза" системасына Кыргыз Республикасынын бардык категориялардагы визаларын берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет мамлекеттердеги бардык консулдук мекемелери киргизилет.
VI. Мониторинг жүргүзүү, баалоо жана күтүлүүчү жыйынтыктар
12. Электрондук визаны этабы менен киргизүүнү ишке ашыруунун жүрүшүн сапаттуу көзөмөлдөө жана контролдоо үчүн мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын ишке ашыруу керек.
Мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасы пайда болгон проблемалардын себептерин өз учурунда жана даректүү аныктоого мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле электрондук визаны киргизүүнүн жүрүшүн корректировкалоо боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл аналитикалык маалымат менен камсыз кылат.
Мониторинг жүргүзүү жана баалоо төмөнкүдөй деңгээлдердеги индикатолордун ченеми аркылуу ишке ашат:
- канча сандагы электрондук виза берилди;
- электрондук визаны берүүнүн мөөнөттөрү.
13. Электрондук виза тартиби Кыргыз Республикасын туристтер үчүн жеткиликтүү кылуу менен белгилүү артыкчылыктарга ээ. Бул багыттагы күтүлүүчү натыйжалар:
- өлкөнүн пейилине жогорку баанын берилиши;
- чет өлкөлүк жарандар үчүн маалыматка оңой жетүү;
- визалык жол-жоболор процессин жөнөкөйлөтүү;
- туризмдин жана тийиштүү экономикалык пайданын өсүшү.
VII. Финансылык камсыздоо
Электрондук визаны киргизүү максаттарына жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын электрондук визасынын натыйжалуу иштешине андан ары өбөлгө түзүүчү натыйжалуу экономикалык жана финансылык механизмдердин түзүү талап кылынат.
"Электрондук виза" системасынын киргизүүнүн наркын аныктоо максатында бул системаны киргизүүнүн техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу жана каржылоо булагын аныктоо талап кылынат. Алдын ала баалоо жана эл аралык тажрыйбаны изилдөө Тартипти каржылоо максатында берилүүчү электрондук виза боюнча консулдук жыйымдардын наркынын бир аз жогорулашы божомолдуу чыгымдарды толугу менен жабарын көрсөттү.
Сарпталган каражаттын ордун толуктоо үчүн электрондук визаны берүү менен байланышкан акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин белгиленген тартипте бекитүү керек. Тартиптин максаттарын жана милдеттерин аткаруу каржылоонун бардык мүмкүн болуучу булактары менен колдоого алынат.
Колдогу ресурстарды сарамжалдуу бөлүштүрүү жана Тартиптин максаттарына жана милдеттерине сапаттуу жетишүү максатында донордук жардамды координациялоону күчөтүү жана тышкы ресурстарды биринчи кезекте иштелип чыккан иш-чараларга жана аракеттерге багыттоо боюнча иштер жүргүзүлөт.
|
| Кыргыз Республикасынын электрондук визасын этабы менен киргизүүнүн тартибине тиркеме |
Кыргыз Республикасынын электрондук визасын этабы менен киргизүүнүн тартибин ишке ашыруу боюнча иш-чаралар ПЛАНЫ
N | Иш-чаралар | Ишке ашыруу формасы | Аткарууга жооптуулар | Аткаруу мөөнөтү |
1. Уюштуруу иш-чаралары | ||||
1.1. | Учурдагы кырдаалга баяндама | Маалымдама материал | ТИМ | аткарылган |
1.2. | Электрондук визаны киргизүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу | Сунуштардын долбоору жана типтүү схема | ТИМ, МРТМА, МУКК, ИИМ, Чек ара кызматы | аткарылган |
1.3. | Электрондук визаны ишке киргизүүнүн техникалык-экономи- калык негиздемесин (ТЭН) берүү | ТЭН долбоору | ТИМ, МРТМА, Транскоммин | 2009-жылдын май айы |
1.4. | Каржылоо булагын аныктоо (республикалык бюджет, тартылган каражаттардын эсебинен) | Сунуштардын долбоору | Өкмөт, Финмин, ТИМ, Транскоммин | 2009-жылдын апрель айы |
1.5. | Электрондук визаны киргизүүнү ишке ашыруунун альтернативдүү булактарын аныктоо ("Электрондук виза" системасын техникалык жабдуу боюнча иштерди жүргүзүүгө жөндөмдүү компаниялардан белгиленген тартипте издөө) | Сунуштардын долбоору | ТИМ, МРТМА, Мамсатыпалуулар | 2009-жылдын апрель айы |
1.6. | Донордук жардамды координациялоону күчөтүү | Сунуштардын долбоору | ТИМ | 2009-жылдын I жарым жылдыгы |
1.7. | Виза алууда талап кылынуучу документтерди азайтуу жана оптималдаштыруу жана катышуучу мамлекеттик органдардын санын кыскартуу | Нормативдик укуктук актылардын долбоору | Бардык катышкан министрликтер жана ведомстволор |
|
1.8. | Кызыкдар мамлекеттик түзүмдөр ортосунда өз ара аракеттенүүнүн тартибин аныктоо, башкы органды бекитүү | Нормативдик укуктук актыны бекитүү | ТИМ, МРТМА, МУКК, ИИМ, Чек ара кызматы, Транскоммин | 2009-жылдын апрель-май айлары |
1.9. | Тартиптин аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо | Индикаторлор аркылуу мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасы | ТИМ | Дайыма |
1.10. | Электрондук визаны киргизүү үчүн кадрларды даярдоону жана квалификацияны жогорулатууну камсыздоо | Жооптуу кызматкерлерди окутуу боюнча иш-чаралардын планынын макулдашылган долбоору | Бардык катышкан министрликтер жана ведомстволор | Туруктуу негизде |
2. Техникалык колдоо | ||||
2.1. | Жабдууларды орнотуу | Практикалык иш-аракеттер | ТИМ, МРТМА | 2009-жылдын май айы |
2.2. | Бир жолку документ жүргүзүү менен виза берүү жол-жобосу үчүн бирдиктүү өткөрмө каналды түзүү | Техникалык каражаттар жана программалык камсыздоо | Бардык катышуучу министрликтер жана ведомстволор |
|
2.3. | Маалыматтык системаны, технологияларды жана бир жолку жазуу ыкмасын пайдалануу менен "Электрондук виза" режимин автоматташтыруу | Техникалык каражаттар жана программалык камсыздоо | Бардык катышуучу министрликтер жана ведомстволор |
|
2.4. | Электрондук документ жүргүзүүнүн негизинде "Электрондук виза" маалыматтык системасын түзүү | Техникалык каражаттар жана программалык камсыздоо | Бардык катышуучу министрликтер жана ведомстволор |
|
2.5. | "Электрондук виза" бирдиктүү системасына кошуу үчүн кызыкдар министрликтерде жана ведомстволордо порталдарды иштеп чыгуу | Техникалык каражаттар жана программалык камсыздоо | Бардык катышуучу министрликтер жана ведомстволор |
|
2.6. | "Электрондук виза" системасынын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо | Системанын коопсуздугун камсыздоо боюнча сунуштардын долбоору | ТИМ жана бардык катышуучу министрликтер жана ведомстволор | Дайыма |
3. Электрондук визаны киргизүүнүн этаптары | ||||
3.1. | Биринчи этаптын башталышы | Практикалык иш-чаралар | ТИМ жана кызыкдар мамлекеттик органдар | 2009-жылдын июнь-июль айлары |
3.2. | Биринчи этапты ишке ашыруунун жыйынтыктарын чыгаруу | Отчетту даярдоо | ТИМтин башкы органы | 2009-жылдын сентябрь айы |
3.3. | Экинчи этаптын башталышы | Практикалык иш-чаралар | ТИМ жана кызыкдар мамлекеттик органдар | 2009-жылдын январь - ноябрь айлары |
3.4. | Экинчи этапты ишке ашыруунун жыйынтыктарын чыгаруу | Отчет даярдоо | ТИМ | 2009-жылдын декабрь айы |
3.5. | Үчүнчү этаптын башталышы | Практикалык иш-чаралар | ТИМ жана кызыкдар мамлекеттик органдар | 2009-жылдын II жарымы |
3.6. | Үчүнчү этапты ишке ашыруунун жыйынтыктарын чыгаруу | Отчет даярдоо | ТИМ | 2009-жылдын декабрь айы |
3.7. | Төртүнчү этаптын башталышы | Практикалык иш-чаралар | ТИМ жана кызыкдар мамлекеттик органдар | 2009-жылдын I жарымы |
3.8. | Төртүнчү этапты ишке ашыруунун жыйынтыктарын чыгаруу | Отчет даярдоо | ТИМ | 2010-жылдын январь айы |
3.9. | Жалпы жыйынтыктарды чыгаруу | Жалпы аналитикалык отчет даярдоо | ТИМ | 2010-жылдын февраль айы |
4. Нормативдик укуктук камсыздоо | ||||
4.1. | Электрондук визаны ишке киргизүүнүн пилоттук долбоорун өткөрүү | Өкмөттүн токтомунун долбоору | ТИМ | 2009-жылдын февраль айы |
4.2. | КРнын электрондук визасын этабы менен киргизүүнүн тартибин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү | КР Өкмөтүнүн буйругу | ТИМ | аткарылган |
4.3. | Кыргыз Республикасынын "Туризм жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | Мыйзам долбоору | ТИМ |
|
4.4. | Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | Мыйзам долбоору | ТИМ |
|
4.5. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-декабрындагы N 577 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын визасын тариздөө жана аны берүүнүн тартиби тууралуу" нускамага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | Өкмөттүн токтомунун долбоору | ТИМ |
|
4.6. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-октябрындагы N 664 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандардын келүүсүнүн тартиби тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонуу жөнүндө нускамага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | Өкмөттүн токтомунун долбоору | ТИМ |
|
4.7. | "Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнөн жана республиканын аймагындагы консулдук мекемелерден жеке кайрылууларынын негизинде ички иштер органдарында каттоодон бошотулуу менен, улуттук коопсуздуктун, экономикалык өнүгүүнүн кызыкчылыктарын, эл аралык саясий кырдаалдын абалын жана башка факторлорду эске алуу менен бир айга чейинки мөөнөткө жарандары Кыргыз Республикасынын келүү-кетүү визаларын алууга укуктары бар мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-апрелиндеги N 213 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | Өкмөттүн токтомунун долбоору | ТИМ |
|
4.8. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы N 200 токтому менен бекитилген Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагында каттоонун тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | Өкмөттүн токтомунун долбоору | ТИМ, ИИМ |
|