Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-майы № 200
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери тиркемеге ылайык күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 14-майындагы N 39 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн күчүн жоготкон айрым чечимдеринин ТИЗМЕСИ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 10-июлундагы № 316 "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергия менен камсыздоо жерлери жана аларды пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 2-сентябрындагы № 432 "Кыргыз Республикасындагы бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук жөнүндө жобо тууралуу" токтому.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 23-апрелиндеги № 175 "Кызматкерлердин эмгек милдеттерин аткаруусуна байланыштуу жарааттануудан, кесиптик илдеттен же ден соолуктун башкача бузулуусунан улам аларга келтирилген зыяндын ордун толтуруунун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 8-апрелиндеги № 190 "Кыргыз Республикасынын аймагында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн инвесторлорго кепилдиктер жөнүндө" токтому.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 4-августундагы № 333 "Ишканалардын банкроттугу жөнүндө мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар жөнүндө" токтому.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 23-февралындагы № 96 "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече эсепке алуу жөнүндө" токтому.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 25-майындагы № 280 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн банкроттук маселелер боюнча айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 2 жана 3-пункттары.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 24-июнундагы № 349 "Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мартындагы № 143 "Кыргыз Республикасынын чарбакер субъекттеринин финансы-экономикалык абалын турукташтыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтому.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 6-апрелиндеги № 187 "Кыргыз Республикасында электр энергиясын керектөөнү жөнгө салуу жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 3-июнундагы № 316 Эркин экономикалык зоналардын аймагында түзүлүүчү юридикалык жактарды, юридикалык жактардын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн мамлекеттик каттоо маселелери жөнүндө" токтому.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-июнундагы № 324 "Чет өлкөлүк граждан, граждандыгы жок адам үчүн Кыргыз Республикасында жашоого убактылуу жана туруктуу вид жана граждандыгы жок адамдын күбөлүгү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-майындагы № 217 "Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштурууну жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 5-сентябрындагы № 538 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-майындагы № 217 "Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштурууну жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 3-октябрындагы № 602 "Ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө кызыкчылыктардын кагылышын четтетүү боюнча эрежени бекитүү жөнүндө" токтому.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 9-январындагы № 10 "Мамлекеттин муктаждыктары үчүн продукция жөнөтүүгө чакан ишкердик субъекттеринин катышуусу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому.
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-мартындагы № 122 "Товарлардын реэкспорту жана реэкспортко уруксат берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.
18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-июлундагы № 499 "Геологиялык изилдөө үчүн лицензиялык аянттын максималдуу өлчөмүн жана ар жылдык инвестициялардын минималдуу өлчөмүн белгилөө жөнүндө" токтому.
19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 622 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 41-пункту.
20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-августундагы № 573 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-октябрындагы № 718 "Кыргыз Республикасынын экономикасында накта акчалай эмес эсептешүүгө өтүү боюнча чараларды күчөтүү жөнүндө" токтому.
22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-майындагы № 198 "Кыргыз Республикасында ликер арак продукциясын чыгаруучу чарбакер субъекттердин реестри жөнүндө" токтому.
23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 23-пункту.
24. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 249 "Ветеринардык контролго алынуучу товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому.
25. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-февралындагы № 92 "Кыргыз Республикасынын электрондук визасын этабы менен киргизүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому.
26. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 74 "Медициналык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому.
27. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 290 "Жаратылыш газын жеткирип берүүнүн жана пайдалануунун убактылуу эрежелерин жана Жаратылыш газын эсепке алуунун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому.
28. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-майындагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
29. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 154 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун тиркемесинин 6-пункту.
30. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-июлундагы № 311 "Медициналык буюмдарды каттоо менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
31. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-июлундагы № 313 "Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү тууралуу" токтомунун 3-пункту.
32. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-августундагы № 359 "Медициналык буюмдардын сапатына, коопсуздугуна жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү тартибин бекитүү жана катталган медициналык багыттагы буюмдардын, медициналык имплантанттардын жана диагностикалоо үчүн буюмдардын кошумча таасирлерин мониторингдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.