Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-майы № 208
2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында Терроризмге жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрүнө, ошондой эле аларды каржылоого каршы күрөшүү чөйрөсүндө маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында Терроризмге жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрүнө, ошондой эле аларды каржылоого каршы күрөшүү чөйрөсүндө маалымат алмашуу жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) бекитилсин.
2. Макулдашуунун алкагында маалымат алмашууга жооптуу компетенттүү органдар катары төмөнкүлөр аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 14-майындагы N 39 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |