Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 208 токтому менен бекитилген
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги алкагында терроризм жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрү, аларды каржылоо менен күрөшүү жаатында маалымат алмашуу тууралуу МАКУЛДАШУУ
Ташкент шаары, 2017-жылдын 3-ноябры
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине катышкан мамлекеттердин өкмөттөрү мындан ары Тараптар деп аталып,
терроризм актылары жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрү, аларды каржылоо алып келген коркунучту аңдап,
Бириккен Улуттар Уюмунун, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин алкагында кабыл алынган эл аралык укуктун жалпы принциптерин, ченемдерин, документтерин, ошондой эле терроризмдин жана экстремизмдин ар түрдүү коркунучтары, аларды каржылоо менен күрөшүүгө тиешелүү Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарынын жоболорун жетекчиликке алып,
1999-жылдын 4-июнундагы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине катышкан мамлекеттердин терроризм менен күрөшүү жөнүндө келишимди, 2007-жылдын 5-октябрындагы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине катышкан мамлекеттердин кылмыштуу кирешелерди жана терроризмди каржылоону легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө келишимди, ошондой эле терроризм жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрү менен күрөшүү жаатындагы башка эл аралык келишимдерди негиз кылып,
2005-жылдын 26-августундагы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине катышкан мамлекеттердин терроризм жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрү менен күрөшүүдөгү кызматташтык концепциясын көңүлгө алып,
терроризм жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрү, аларды каржылоо менен күрөшүү жаатындагы маалымат алмашуу боюнча мамлекеттер аралык кызматташтыкты мындан ары чыңдоону каалап,
бул жаатта бири-бирине көмөк көрсөтүүнү жана кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулатууну каалап,
төмөнкүлөр макулдашылды:
1-берене.
Макулдашууда колдонулуучу терминдер төмөнкүлөр:
"маалымат" - терроризм жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрү, аларды каржылоо менен күрөшүү жаатында берүү түрүнө карабастан адам, уюм, предмет, факт, окуя, көрүнүш жана процесс тууралуу маалымат (кабар, белги);
"маалымат системасы" - маалымат процесси аркылуу белгилүү технологиялык иш-аракетти ишке ашырган, белгилүү функционалдык милдетти чечүүгө арналган каражаттардын ырааттуу жыйындысы;
"компетенттүү органдар" - ушул Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу Макулдашууга катышкан мамлекеттердин органдары;
"КМШ органдары" - 1993-жылдын 22-январындагы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Уставында жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин башка документтеринде каралган тартипте түзүлгөн, терроризм жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрү, аларды каржылоо менен күрөшүү ыйгарым укугуна кирген органдар;
"маалымат системасынын укуктук режими" - маалымат системасынын статусун, предметтик чөйрөсүн, түзүү, иштөө жана колдонуу тартибин, ошондой эле маалымат системасында камтылган маалыматтын жүгүрүү тартибин, маалыматка болгон менчик укугун, маалыматка жетүү деңгээли боюнча маалымат категориясын жана аны коргоо тартибин аныктаган укуктук жактан белгиленген эрежелер;
"маалыматка жана маалымат системасына ээлик кылуучу" - маалыматты жана маалымат системасына ээлик кылуу, колдонуу, тескөө, ошондой эле ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттердин мыйзамдарында (Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин алкагында кабыл алынган эл аралык келишимдерде) каралган көлөмдө маалымат системасынын укуктук режимин белгилөө ыйгарым укугун ишке ашырган КМШнын компетенттүү органы же органы;
"маалыматтын жана маалымат системасынын ээси" - маалыматты жана маалымат системасына ээлик кылуу, колдонуу, тескөө ыйгарым укугун ээлик кылуучу белгилеген көлөмдө ишке ашырган КМШнын компетенттүү органы же органы;
"колдонуучу" - маалыматка жана маалымат системасына ээлик кылуучуга же ээсине ага зарыл болгон маалымат кызматын алууга кайрылган КМШнын компетенттүү органы же органы;
"маалымат алмашуу" - КМШнын компетенттүү органдарынын жана (же) органдарынын маалымат берүүсү жана (же) алуусу, маалымат системасын колдонуу менен маалымат кызматын көрсөтүүсү;
"мамлекеттер аралык маалымат системасы" - биргелешкен менчик, бирге ээлик кылуу же бирге (жалпы) колдонуу укугунда КМШ органдарына, компетенттүү органдарга тийиштүү мамлекеттер аралык маалымат алмашууга тартылган система.
Ушул Макулдашууда жашыруун маалыматты берүү, колдонуу жана коргоо маселеси боюнча терминдер Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин алкагында жөнүндө 2013-жылдын 25-октябрындагы Жашыруун маалыматты коргоо жөнүндө макулдашууда аныкталган мааниде колдонулат.
2-берене.
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги алкагында терроризм жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрү, аларды каржылоо менен күрөшүү жаатында маалымат алмашууну камсыздоо ушул Макулдашуунун предмети болуп эсептелет.
3-берене.
Ар бир Тарап эгемендик теңчилик, башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөө принциптерине жана өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашуунун алкагында өз милдеттенмелерин аткарат.
Ушул Макулдашуудагы эч нерсе Тараптарга юрисдикцияга ээ болуу жана башка Тараптын гана ыйгарым укугуна кирген функцияны аткаруу укугун бербейт.
4-берене.
Тараптар төмөнкүлөрдү камсыздоого милдеттүү:
ушул Макулдашууда белгиленүүчү тартипте кайтарымсыз негизде маалымат алмашууга;
маалымат, анын ичинде мамлекеттер аралык системасынын укуктук режимин камсыздоого;
Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында, 1993-жылдын 22-январындагы Мамлекеттер аралык сырды сактоону өз ара камсыздоо жөнүндө макулдашууда, 2013-жылдын 25-октябрындагы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги алкагында жашыруун маалыматты коргоо жөнүндө макулдашууда, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин 2013-жылдын 25-октябрындагы чечими менен бекитилген Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин органдарында жашыруун маалыматтын айлануу эрежелеринде жана ушундай маалыматты өз ара коргоо жөнүндө Тараптар түзгөн башка эл аралык келишимдерде каралган тартипте маалымат алмашуунун жүрүшүндө колдонулуучу жашыруун маалыматты коргоого.
Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык өз кызыкчылыгынын негизинде ар бир учурда ушул Макулдашуунун алкагында жашыруун маалымат өткөрүп берилет.
5-берене.
Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында маалымат алмашууга жооптуу компетенттүү органдардын тизмесин аныктайт. Ушул Макулдашууну күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы тууралуу билдирүүнү сактоого өткөрүп берүү алдында компетенттүү органдар тууралуу маалымат депозитарийге жөнөтүлөт. Ар бир Тарап компетенттүү органдардын тизмеси өзгөргөндүгү тууралуу маалыматты депозитарийге бир ай ичинде жазуу жүзүндө билдирет.
6-берене.
Маалымат алмашуу фельдъегер кызматын колдонуу менен дипломатиялык каналдар же компетенттүү органдар менен макулдашылган башка ыкмалар, ошондой эле маалымат, мамлекеттер аралык системалары аркылуу жүргүзүлөт.
Алмашуу максатында каралган маалымат маалымат алып жүрүүчү түрүнө карата документ (кагаз) же электрондук түрдө өткөрүлүп берилет.
7-берене.
КМШнын компетенттүү органдары жана (же) органдары маалыматка ээлик кылуучудан жана ээсинен маалымат ала алат:
маалымат системасында кабардын бар болгону, мазмуну тууралуу бир жолку суроо-талап боюнча;
тийиштүү маалымат келип түшкөн сайын учурдагы туруктуу суроо-талаптар боюнча;
тийиштүү маалымат келип түшкөндүгү тууралуу демилгелүү кабарлоо жолу менен.
Ушул Макулдашуунун алкагында алынган маалымат башка максатта колдонбоо шарты менен берилет.
8-берене.
1. Маалымат алуу суроо-талабында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) сурап жаткан жана суралып жаткан КМШ компетенттүү органынын же органынын аталышы;
б) суроо-талаптын предмети жана негизи;
в) суралып жаткан маалыматтын мазмунун сыпаттоо;
г) суралып жаткан маалыматты колдонуу максаты;
д) аны аткаруу үчүн зарыл болгон башка маалымат.
2. Суралып жаткан КМШнын компетенттүү органы же органы сурап жаткан КМШнын компетенттүү органына же органына суроо-талап алган күндөн тартып мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө 30 күндөн кечиктирбестен кабарлайт:
а) суроо-талап боюнча көрүлгөн иш-аракет жана жыйынтыгы тууралуу;
б) себебин көрсөтүп, суроо-талапты аткарууда баш тартуу, кийинкиге калтыруу жана (же) шарты тууралуу.
3. Суралып жаткан компетенттүү орган суроо-талапты аткаруу анын мамлекетинин мыйзамдарына, эл аралык милдеттенмелерине каршы келип, ушул Макулдашуунун жоболоруна туура келбесе, баш тартууга укуктуу.
4. Суралып жаткан КМШнын компетенттүү органы же органы сурап жаткан КМШнын компетенттүү органынын же органынын жазуу жүзүндө алдын ала макулдугу жок суроо-талаптын багыты жөнүндө маалымат таратпайт.
9-берене.
Ушул Макулдашуунун алкагында маалымат алмашууну уюштуруу үчүн Тараптар мамлекеттер аралык маалымат системасын түзүүгө катыша алат.
Башка Тараптын компетенттүү органына же КМШ органына улуттук маалымат системасындагы жашыруун маалыматты өткөрүп берүү, ошондой эле аларга улуттук маалымат системасынын колдонуучуларына укук берүү ошол жашыруун маалыматка карата гана жүргүзүлөт. Бул маалыматты өткөрүп берүү чечими мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык кабыл алынат жана анын компетенттүү органы улуттук маалымат системасына ээлик кылуучу болуп эсептелет.
Мамлекеттер аралык маалымат системасынын укуктук режимин аныктоону аны түзүүгө катышкан Тараптар мамлекеттер аралык маалымат системасына ээлик кылууга ыйгарым укук берилген алар аныктаган КМШнын компетенттүү органына же органына жүктөйт.
Жашыруун маалыматты камтыган мамлекеттер аралык маалымат системасынын укуктук режими 2013-жылдын 25-октябрындагы КМШ алкагында жашыруун маалыматты коргоо жөнүндө макулдашууда каралган жашыруун маалыматты коргоо чараларын киргизүүгө милдеттүү.
10-берене.
Терроризм жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрү, аларды каржылоо менен күрөшүү жаатындагы мамлекеттер аралык маалымат системасы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине катышкан мамлекеттеринин Антитеррордук борборунун Адистештирилген маалымат банкы (мындан ары - Адистештирилген маалымат банкы) болуп эсептелет.
Адистештирилген маалымат банкынын укуктук режимин Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине катышкан мамлекеттеринин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматынын жетекчилеринин кеңеши аныктайт.
11-берене.
Адистештирилген маалымат банкын түзүү, эксплуатациялоо жана иштетүү чараларын координациялоо жана тийиштүү консультация (сүйлөшүү) жүргүзүү ишин Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине катышкан мамлекеттеринин Антитеррордук борбору жүргүзөт.
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине катышкан мамлекеттеринин Антитеррордук борбору Тараптардын мыйзамдарына, эл аралык келишимдерге ылайык Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги алкагында маалымат, анын ичинде мамлекеттер аралык системаны түзүү, колдонууга жооптуу КМШнын компетенттүү органдары жана органдары менен түз байланыш түзөт.
12-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында компетенттүү органдар биргелешкен консультация жүргүзөт, тийиштүү ченемдик актылар менен алмашат жана башка кызматташуу ишин жүргүзөт.
13-берене.
Ушул Макулдашуу анын мамлекети катышуучусу болуп эсептелген, башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу ар бир Тараптын укуктарын, милдеттенмелерин козгобойт.
Ушул Макулдашуунун предмети болгон жана анын максатына каршы келбеген маселелер боюнча башка эл аралык келишимдерди түзүүгө Тараптардын укугун чектебейт.
14-берене.
Ушул Макулдашууну колдонууда жана түшүнүүдө келип чыккан талаш маселелер Тараптардын кызыкдар болгон компетенттүү органдарынын сүйлөшүүсү менен чечилет.
15-берене.
Тараптардын макулдугу менен ушул Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган тийиштүү протокол менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
16-берене.
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылгандыгы тууралуу үчүнчү билдирүүнү депозитарий алган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Мамлекеттик ички жол-жоболорду кеч аткарган Тараптар үчүн ушул Макулдашуу депозитарий тийиштүү документтерди алган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
17-берене.
Ушул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине катышкан бардык мамлекет кошулуу тууралуу документти депозитарийге өткөрүп берүү жолу менен кошула алат.
Кошулуучу мамлекет үчүн ушул Макулдашуу депозитарий кошулуу тууралуу документти алган күндөн тартып 30 күндөн кийин күчүнө кирет.
18-берене.
Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт. Ар бир Тарап чыгуу ниетин 6 айдан кеч эмес убакытта жазуу жүзүндө билдирүү жиберип, ушул Макулдашуунун учурунда келип чыккан каржы жана башка милдеттенмелерин жөнгө салып, ушул Макулдашуудан чыгууга укуктуу.
19-берене.
Ушул Макулдашуунун алкагында кызматташууда орус тили жумушчу тил болуп эсептелет.
2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында бир түп нускада орус тилинде аткарылды. Түп нуска Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Аткаруу комитетинде сакталып, ал ушул Макулдашууга кол койгон ар бир мамлекетке күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жиберет.
Азербайжан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
Армян Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Тажикстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
Беларусь Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Түркмөнстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Украина Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
Молдова Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги алкагында терроризм жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрү, аларды каржылоо менен күрөшүү жаатында маалымат алмашуу тууралуу макулдашууга Армян Республикасынын ЭСКЕРТМЕСИ
Армян Республикасы үчүн Макулдашуу Армян Республикасынын Улуттук Жыйыны ратификациялагандан кийин күчүнө кирет.
Армян Республикасынын Премьер-министри |
| К.Карапетян |