Загрузка документа…
ТӨШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төш-Булак айылдык кеңешинин сессиясы
2022-жылдын 12-августу № 01-6/16
“Айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерине үстөк акы төлөө жөнүндө”
Каржы бөлүм башчысы А.А. Дандекованын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1-март 2017-жыл № 131 токтомун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин " 4-бөлүмүнүн 155-беренесинин негизинде "эмгекке акы төлөө жана ченемдөө. Кепилдиктер жана компенсациялар", 4-пункту Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын, 1-август 2022-жылдын ПЖ №266 боюнча, айылдык кеңеш:
Токтом кылат:
1. Аппараттын 70111-бөлүмү боюнча бөлүмдүн 4-тиркемесинде (чыгымдардан ашкан кирешелер, башкача айтканда 01.01.2022-ж. эркин калдык) 2111-берене боюнча сметалык чыгымдарды 3,9 миң сомго азайтуу, 2121-берене боюнча сметалык чыгымдарды 3,9 миң сомго көбөйтүү.
2. Айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерине 2022-жылга бөлүм боюнча штаттык ырааттамага ылайык бир айлык маянанын өлчөмүндө бош калдыктын эсебинен кошумча үстөктөрдү төлөөнүн суммасы бекитилсин.
70111 бер. 2111 – 190,4 миң сом
бер. 2121 – 32,8 миң сом
Бардыгы – 223,2 миң сом.
3. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жумашалиевге жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Жандарбеков С.М. |