Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 1-августу ПЖ № 266
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
(КР Президентинин 2022-жылдын 21-декабрындагы ПЖ № 401, 2023-жылдын 6-апрелиндеги ПЖ № 88, 2023-жылдын 24-апрелиндеги ПЖ № 109, 2023-жылдын 22-июнундагы ПЖ № 163, 2024-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 50, 2024-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 190 , 2026-жылдын 31-январындагы № 25, 2026-жылдын 5-февралындагы № 29
Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү, ошондой эле алардын эмгегине дем берүү максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарына атайын класстык чен жана класстык чен үчүн үстөктөрдүн өлчөмдөрү 4-тиркемеге ылайык.
(КР Президентинин 2023-жылдын 22-июнундагы ПЖ № 163 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына төмөнкүлөр төлөнөт деп белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн үстөк;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин жашыруун мүнөзү үчүн кызматтык маяналарга пайыздык үстөк;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте окумуштуулук даражасы үчүн үстөк;
4) иштин татаалдыгы, сапаты, иштин жыйынтыгы, кесиптик демилге көрсөткөндүгү жана ченемге салынбаган иштин режими үчүн төмөнкүдөй тартипте үстөк:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын борбордук аппараттарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маянасына 50 пайызга чейинки өлчөмдө;
- Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги шаарларынын мэрияларынын жана жергиликтүү кеңештеринин муниципалдык кызматчылары үчүн - кызматтык маянасына 50 пайызга чейинки өлчөмдө;
- мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн мамлекеттик жарандык кызматчылары жана Кыргыз Республикасынын облустук жана райондук маанидеги шаарларынын мэрияларынын жана жергиликтүү кеңештеринин муниципалдык кызматчылары, республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын аймактык бөлүмдөрү үчүн - кызматтык маянасына 25 пайызга чейинки өлчөмдө;
- мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн мамлекеттик жарандык кызматчылары, айыл өкмөттөрүнүн жана шаарлардын мэрияларынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана бөлүмдөрүнүн аймактык түзүмдөрүнүн муниципалдык кызматчылары үчүн - кызматтык маянасына 10 пайызга чейинки өлчөмдө;
5) өргүүгө чыкканда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул;
6) (КР Президентинин 2022-жылдын 21-декабрындагы ПЖ № 401 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
7) календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы.
(КР Президентинин 2022-жылдын 21-декабрындагы ПЖ № 401, 2023-жылдын 22-июнундагы ПЖ № 163, 2024-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 190 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
4. Жергиликтүү бюджеттин мүмкүндүктөрү болгон учурда, республикалык маанидеги шаарларды кошпогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарына Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган, жергиликтүү кеңештер .тарабынан бекитилген үстөктөрдү белгилеши мүмкүн.
Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шаардык кеңештин чечими менен муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарына жергиликтүү бюджеттен кызматтык маянага 100 пайызга чейинки өлчөмдө үстөктү белгилейт.
(КР Президентинин 2023-жылдын 24-апрелиндеги ПЖ № 109 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Жарлыкты эске алуу менен жергиликтүү бюджеттердин эсебинен каралган үстөктөрдү жана төлөмдөрдү карап чыксын.
6. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчылары жана муниципалдык кызматчылары үчүн өргүүлөрдү, жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны жана бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн үстөктөрдү эсептөөдө эске алынбаган жана иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн төлөнүүчү (иш сапар, өргүү күндөрү, убактылуу эмгекке жарамсыздык күндөрү, дем алыш күндөрүндө иштеген күндөр алып салынат) төмөнкүдөй компенсациялык суммалар белгиленсин:
1) кызматтык же нөөмөттүк автомобиль бекитилип берилген мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды кошпогондо, транспорттук чыгымдар үчүн айына 2000 сом өлчөмүндө;
2) тамактануу үчүн айына 5000 сом өлчөмүндө.
(КР Президентинин 2023-жылдын 22-июнундагы ПЖ № 163 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу, анын ичинде "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
8. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул Жарлык 2022-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикти кошпогондо, бул Жарлык 2022-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
(КР Президентинин 2023-жылдын 22-июнундагы ПЖ № 163, 2024-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 50, 2024-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 190 , 2026-жылдын 31-январындагы № 25, 2026-жылдын 5-февралындагы № 29 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
№ | Кызмат орундардын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
I. Мамлекеттик жарандык кызматчылар | ||
1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду | ||
1 | Мамлекеттик органдын жетекчиси | 7,00 |
2 | Мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басары | 5,27 |
3 | Мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары | 5,14 |
4 | Мамлекеттик органдын аппаратынын жетекчиси | 5,00 |
5 | Башкармалыктын начальниги | 4,66 |
6 | Бөлүмдүн башчысы | 4,54 |
7 | Мамлекеттик органдын жетекчисинин кеңешчиси | 4,35 |
8 | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы, басма сөз-катчы | 4,24 |
9 | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 4,05 |
10 | Башкы инспектор, башкы адис, мамлекеттик органдын жетекчисинин жардамчысы | 3,75 |
11 | Улук инспектор, жетектөөчү адис | 3,44 |
12 | Инспектор, адис | 3,14 |
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомстволор, улуттук комиссиялар, мамлекеттик комиссиялар, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары | ||
1 | Мамлекеттик органдын жетекчиси, Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү | 5,28 |
2 | Мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басары, Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары | 4,99 |
3 | Мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары, Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары | 4,87 |
4 | Мамлекеттик органдын аппаратынын жетекчиси, Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси | 4,58 |
5 | Башкармалыктын начальниги, борбордун жетекчиси | 4,33 |
6 | Бөлүмдүн башчысы | 4,29 |
7 | (КР Президентинин 2026-жылдын 5-февралындагы № 29 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту) | |
8 | Борбордун жооптуу катчысы, жетекчисинин орун басары, мамлекеттик органдын жетекчисинин кеңешчиси | 4,13 |
9 | Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы, башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы, басма сөз-катчы | 4,03 |
10 | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 3,84 |
11 | Эксперт | 3,74 |
12 | Башкы инспектор, башкы адис, мамлекеттик органдын жетекчисинин жардамчысы | 3,55 |
13 | Улук инспектор, жетектөөчү адис | 3,26 |
14 | Инспектор, адис | 2,98 |
3. Мамлекеттик органдардын агенттиктер, кызматтар, инспекциялар жана фонддор түрүндө түзүлгөн ведомстволук бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия | ||
1 | Агенттик, кызмат, инспекция жана фонд түрүндө түзүлгөн ведомстволук бөлүмдүн жетекчиси | 4,70 |
2 | Агенттик, кызмат, инспекция жана фонд түрүндө түзүлгөн ведомстволук бөлүмдүн жетекчисинин орун басары | 4,42 |
3 | Башкармалыктын начальниги | 4,13 |
4 | Бөлүмдүн башчысы, башкы окумуштуу катчы | 4,03 |
5 | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы | 3,84 |
6 | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 3,74 |
7 | Башкы инспектор, башкы адис | 3,55 |
8 | Улук инспектор, жетектөөчү адис | 3,26 |
9 | Инспектор, адис | 2,98 |
4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомстволордун, улуттук комиссиялардын, комиссиялардын жана мамлекеттик органдардын, министрликтердин жана мамлекеттик комитеттердин департаменттер жана борборлор түрүндөгү ведомстволук мекемелери | ||
1 | Ведомстволук бөлүмдүн жетекчиси | 4,48 |
2 | Ведомстволук бөлүмдүн жетекчисинин орун басары | 4,21 |
3 | Башкармалыктын начальниги | 4,05 |
4 | Бөлүмдүн башчысы | 3,83 |
5 | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы | 3,66 |
6 | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 3,57 |
7 | Башкы инспектор, башкы адис | 3,39 |
8 | Улук инспектор, жетектөөчү адис | 3,11 |
9 | Инспектор, адис | 2,84 |
5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, мамлекеттик органдардын региондор аралык, облустук жана шаардык (Бишкек ш. жана Ош ш.) түзүмдөрү | ||
1 | Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - аким | 4,52 |
2 | Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары - акимдин орун басары | 4,26 |
3 | Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аппаратынын жетекчиси, региондор аралык, региондук (облустук) Бишкек, Ош шаардык башкармалыктын, инспекциянын, бөлүмдүн, өкүлчүлүктүн жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси | 4,00 |
4 | Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыктын, инспекциянын, бөлүмдүн, өкүлчүлүктүн жетекчисинин орун басары | 3,74 |
5 | Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аппаратынын бөлүм башчысы | 3,65 |
6 | Бөлүмдүн башчысы | 3,48 |
7 | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы, улук мамлекеттик нотариус, кеңешчи, биринчи катчы, экинчи катчы | 3,39 |
8 | Башкы инспектор, башкы адис, мамлекеттик нотариус, дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү, вице-консул, үчүнчү катчы | 3,22 |
9 | Улук инспектор, жетектөөчү адис, атташе | 2,96 |
10 | Инспектор, адис | 2,70 |
6. Мамлекеттик органдардын райондук жана шаардык (облустук маанидеги шаардын) түзүмдөрү | ||
1 | Райондук, шаардык башкармалыктын, инспекциянын, мамлекеттик органдардын бөлүмүнүн жетекчиси | 4,0 |
2 | Райондук, шаардык башкармалыктын, инспекциянын, мамлекеттик органдардын бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары | 3,46 |
3 | Бөлүмдүн башчысы | 3,22 |
4 | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 3,18 |
5 | Башкы инспектор, башкы адис, мамлекеттик нотариус | 3,05 |
6 | Улук инспектор, жетектөөчү адис | 2,81 |
7 | Инспектор, адис | 2,56 |
II. Муниципалдык кызматчылар | ||
1. Республикалык маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери | ||
1 | Республикалык маанидеги шаардын мэри, республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасы | 5,28 |
2 | Мэрдин биринчи орун басары | 4,99 |
3 | Мэрдин орун басары, республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын орун басары, республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы (ар бир жергиликтүү кеңеште туруктуу комиссиялардын экиден ашык эмес төрагалары) | 4,87 |
4 | Республикалык маанидеги шаардын мэриясынын, жергиликтүү кеңешинин аппаратынын жетекчиси | 4,58 |
5 | Башкармалыктын начальниги | 4,33 |
6 | Бөлүмдүн башчысы | 4,29 |
7 | Республикалык маанидеги шаардын мэринин кеңешчиси | 4,13 |
8 | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы | 4,03 |
9 | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы, коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу | 3,84 |
10 | Республикалык маанидеги шаардын мэриясынын басма сөз-катчысы | 3,74 |
11 | Башкы адис, башкы инспектор, республикалык маанидеги шаардын мэринин жардамчысы | 3,55 |
12 | Жетектөөчү адис, улук инспектор | 3,26 |
13 | Адис, инспектор | 2,98 |
2. Облустук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, республикалык маанидеги шаарлардын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү | ||
1 | Облустук маанидеги шаардын мэри, облустук маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасы | 4,52 |
2 | Республикалык маанидеги шаардын административдик районунун башчысы | 4,26 |
3 | Облустук маанидеги шаардын мэринин орун басары, республикалык маанидеги шаардын административдик районунун башчысынын орун басары | 4,05 |
4 | Республикалык маанидеги шаардын мэриясынын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчиси, муниципалдык аймактык башкармалыктын жетекчиси (мэриянын түзүмүндө) | 4,03 |
5 | Республикалык маанидеги шаардын муниципалдык администрациясынын аппаратынын жетекчиси, облустук маанидеги шаардын мэриясынын аппаратынын жетекчиси, шаардык кеңештин жооптуу катчысы | 4,02 |
6 | Республикалык маанидеги шаардын мэриясынын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, муниципалдык аймактык башкармалыктын жетекчисинин орун басары (мэриянын түзүмүндө) | 3,65 |
7 | Бөлүмдүн башчысы | 3,48 |
8 | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 3,39 |
9 | Башкы инспектор, башкы адис | 3,22 |
10 | Улук инспектор, жетектөөчү адис | 2,96 |
11 | Инспектор, адис | 2,70 |
3. Облустук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары, Бишкек ш. райондук администрацияларынын райондук түзүмдөрү | ||
1 | Республикалык маанидеги шаардын райондук администрациясынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, облустук маанидеги шаардын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси | 4,00 |
2 | Республикалык маанидеги шаардын райондук администрациясынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары | 3,30 |
3 | Бөлүмдүн башчысы | 3,22 |
4 | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 3,18 |
5 | Башкы адис | 3,05 |
6 | Жетектөөчү адис | 2,81 |
7 | Адис | 2,56 |
4. Райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери | ||
1 | Райондук маанидеги шаардын мэри, райондук маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасы (калкынын саны 20001 адамдан жогору болсо) | 3,67 |
2 | Райондук маанидеги шаардын вице-мэри | 3,44 |
3 | Райондук маанидеги шаардын мэриясынын аппаратынын жетекчиси, шаардык кеңештин жооптуу катчысы | 3,22 |
4 | Бөлүмдүн башчысы | 2,99 |
5 | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 2,92 |
6 | Башкы адис | 2,76 |
7 | Жетектөөчү адис | 2,55 |
8 | Адис | 2,32 |
5. Айыл өкмөтү, райондук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары | ||
1 | Айыл өкмөтүнүн башчысы (калктын саны 10000 адамдан жогору болсо), айылдык кеңештин төрагасы (калктын саны 20001 адамдан жогору болсо) | 3,31 |
2 | Айыл өкмөтүнүн башчысы (калктын саны 10000 адамга чейин болсо) | 3,23 |
3 | Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары | 3,11 |
4 | Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы (калктын саны 6001 адамдан жогору болсо), райондук маанидеги шаардын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси | 2,91 |
5 | Бөлүмдүн башчысы | 2,70 |
6 | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 2,64 |
7 | Башкы адис | 2,50 |
8 | Жетектөөчү адис, староста | 2,30 |
9 | Адис, инспектор | 2,10 |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕР
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 31-январындагы № 25 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
№ | Кызмат орундардын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Мамлекеттик органдын жетекчиси | 6,00 |
2 | Мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары | 5,85 |
3 | Башкармалыктын начальниги | 5,80 |
4 | Бөлүмдүн башчысы | 5,45 |
5 | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы, басма сөз-катчысы | 5,35 |
6 | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 5,25 |
7 | Башкы инспектор | 5,10 |
8 | Улук инспектор | 4,80 |
9 | Инспектор | 4,25 |
10 | Башкы адис, мамлекеттик органдын жетекчисинин жардамчысы | 3,55 |
11 | Жетектөөчү адис | 3,26 |
12 | Адис | 2,98 |
|
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Иш стажы | Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акынын өлчөмдөрү |
1 | 1 жылдан 3 жылга чейин | 5% |
2 | 3 жылдан 5 жылга чейин | 10% |
3 | 5 жылдан 10 жылга чейин | 15% |
4 | 10 жылдан 15 жылга чейин | 20% |
5 | 15 жылдан 20 жылга чейин | 25 % |
6 | 20 жылдан 25 жылга чейин | 30% |
7 | 25 жылдан жогору | 40% |
|
| 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарына атайын класстык чен жана класстык чен үчүн үстөктөрдүн ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Класстык жана атайын чен | Үстөк акынын өлчөмдөрү (сом менен) |
1. Жогорку кызмат орду | ||
1 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, юстициянын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчиси | 1800 |
2 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 2-класстагы муниципалдык кеңешчиси | 1700 |
3 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси | 1600 |
2. Башкы кызмат орду | ||
4 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси | 1400 |
5 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси, юстициянын 2-класстагы кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси | 1300 |
6 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси, юстициянын 3-класстагы кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси | 1200 |
3. Улук кызмат орду | ||
7 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспектору, 1-класстагы юрист, муниципалдык кызматтын 1-класстагы инспектору | 1000 |
8 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспектору, 2-класстагы юрист, муниципалдык кызматтын 2-класстагы инспектору | 900 |
9 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспектору, 3-класстагы юрист, муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору | 800 |
4. Кенже кызмат орду | ||
10 | Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору, кенже юрист, муниципалдык кызматтын кенже инспектору | 600 |