Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XX Сессиясы
2023-жылдын 26-январындагы № 1
Социалдык шаарча куруу үчүн жер участогун ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комитетинин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде Алты-Адыр участкасынан жетим-жесирлерди жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды турак жай жана жумуш менен камсыз кылуу максатында социалдык шаарча куруу үчүн
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасынан генералдык план боюнча 14,48 га жер аянтына социалдык шаарча куруу үчүн «Халича» коомдук фондусуна жер участоктору ажыратылып берилсин.
Анын ичинен:
1. Административдик имарат куруу үчүн - 0,40 га;
2. Социалдык турак үй куруу үчүн - 8,20 га;
3. Мончо куруу үчүн 0,14 га;
4. ФАП жана аптека куруу үчүн 0,085 га;
5. Тигүү цехи 0,15 га;
6. Кондитердик цех 0,06 га;
7. Мектеп жана спорт зал куруу 2,40 га;
8. Бала бакча куруу 0,93 га;
9. Мечит, медресе жана иптар өткөрүүчү каана 0,64 га;
10. Автоунаа оңдоочү, жуучу жана май алмаштыруучу жай 0,18 га;
11. Өрт өчүрүү имараттары 0,29 га;
12. Тоголок жетимдерге турак үй куруу үчүн 1,0 га.
2. Тиешелүү болгон документтерди даярдап берүү жана жерге болгон укугун каттоо жагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Баткен филиалынан жана Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынан суралсын.
3. Халича коомдук фондусу тарабынан имараттар курулуп бүтүп ишке берилгенден кийин толугу менен айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин реестирине катоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы Ж.Шадиманова