Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24-ноябры № 13-9-2
Майлуу-Суу шаардык “Көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалык муниципалдык ишканасына” турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн жаңы тарифтерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20.10.2021ж. № 123 “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34бер. 11-п. ылайык, шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, шаардык Кеңештин IХ чакырылышынын кезектеги ХІІІ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 20.09.2022 ж. № 01-06-2450 сандуу кайрылуусу, шаардык Кеңешинин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечими жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаардык кеңешинин 27.07.2012 ж. № 23-5-6 токтому жокко чыгарылды деп табылсын.
3. Майлуу-Суу шаардык “Көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалык муниципалдык ишканасына” турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн жаңы тарифтери № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңешинин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Шаардык кеңештин төрагасы | Н. Бостонов |
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин
IX чакырылышынын XIII сессиясынын
№ 13-9-2 токтомуна тиркеме
Төрага_______________Н.Бостонов
Көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалык муниципалдык ишканасынын Турмуш-тиричилик катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтеринин эсеби 2023-жыл.
1 | Шаардык калдыктарды сактоочу жайга кабыл алынуучу таштандылардын көлөмү – жылына жалпы м3 | 24054,308 |
| анын ичинде: канализацияланган үйлөр | 9833,6 |
| канализацияланган эместер | 2291,708 |
| тротуарлардан, эс алуу жайлардан, өтмөктөрдөн | 5898,5 |
| келишим б-ча чарбалык субьектилер | 2268,14 |
| келишим б-ча соода түйүндөрдөн | 1269 |
| баары: | 21560,948 |
| келишим б-ча өздөрү чыгаруу (самовывоз) | 2493,36 |
2 | Борбордук калдык сактоочу жайындагы жалпы чыгымдар | 1736100 |
| нарк баасы 1м3 1736100/24054,308 = 72,17 сом | 72,17 |
3 | Катуу тиричилик калдыктарды чыгаруу кызматына кеткен чыгымдар (сом) | 7484009 |
| анын ичинде: коммуналдык сектор 38,10 % | 2851871,44 |
| жеке сектор 6,28 % | 469995,77 |
| чарба субьектилер (келишимдер) 11,032% | 825635,87 |
| соода түйүндөр 6,17 % | 461898,07 |
| шаардын түйүндөрүнөн таштандыларды чыгаруу 38,41 | 2874607,86 |
4 | 1м3 үчүн катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана борбордук сактоочо жайга кабыл алуу наркы | |
| коммуналдык сектор: 2842386,42 сом : 9833,6 м3 = 289,04 х 1,2 = 346,85/12 мес. = 25,00 | 25 |
| жеке сектор: 468432,61 сом : 2291,708м3 = 204с 40тый х 1,364 = 278,80/ 12 ай = 25 сом | 25 |
| чарба субьектилер, бюджеттик мекемелер: 822889,90 сом : 2268,14м3 = 362 с 80 т + 72 сом 17 т = 434 сом 97 т 1м3 үчүн | 436 |
| Коомдук жайлардан алып чыгуу: 2865047,22 сом : 5898,5 м3 = 485 с 72т + 72,17 = 557 с 89т 1м3 үчүн | 560 |
| Уюмдар тарабынан катуу тиричилик калдыктарын өз алдынча жеткирүү 72 сом 17 т м3 рент. менен (10%-7 сом 22 т) = 79,40 сом | 79,40 |
| Соода түйүндөр: 460631,84 сом: 1269 м3 = 362,77 сом + 72 с 17т = 434 с 95 т | 436,15 |
ГЖЗС мекемесинин директору | Д.М.Истамбаев |
Башкы эсепчи | Ш.А.Осорова |