Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24-ноябры № 13-9-5
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия туралуу убактылуу жобосун бекитүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 11.10.2022-жылындагы № 01-06-2743 сандуу кайрылуу катын, шаардык кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин ІX чакырылышынын кезектеги XІІІ- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын 1-вице-мэри Н.А.Абдиганиевти маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия туралуу убактылуу жобосу № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Шаардык кеңештин төрагасы | Н. Бостонов |
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин
ІX чакырылышынын XІІІ сессиясынын
№ 13-9-5 токтомуна тиркеме
Төрага_______________Н.Бостонов
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу убактылуу
ЖОБО
1.Жалпы жоболор
1. Бул Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо комиссиялары тууралуу убактылуу жобо (мындар ары-Жобо) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Кылмыштардын бирдиктүү реестрин жана Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүүнүн убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө буйругунун негизинде Майлуу-Суу шаардын компетенциясына кирген бузууларды аныктайт, бөгөт коюу боюнча иштерди тартипке келтирүү жана натыйжалуу уюштуруу болуп саналат.
2. Бул Жобо укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын түзүүнүн жана ишинин тартибин, анын ичинде алар тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун жана түзүүнүн, укук бузган жеке жана юридикалык жактарды жоопкерчиликке тартуунун тартибин жөнгө салат.
3. Укук бузуулар жөнүндө комиссиялар (мындан ары-Комиссиялар) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча туруктуу коллегиялдуу орган болуп саналат.
4. Комиссиянын иши мыйзамдуулуктун, мыйзам алдында теңдиктин, күнөөсүздүк, укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтин сөзсүз болушун, адилеттүүлүтүн, жазаларды жекелештирүүнүн, гуманизмдин принциптерине негизделет.
5. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
2.Комиссиянын укук жана милдеттери
1. Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
-ар бир иштин жагдайларын өз убагында, ар тараптуу, толук жана объективдүү тактоо, аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечүү;
-чечимдин аткарылышн көзөмөлдөө, ошондой эле, укук бузууларды жасоого шарт түзгөн себептерди жана шарттарды аныктоо.
2. Комиссия укук бузуу боюнча иштерди жана укук бузуулар үчүн Кыргыз Республикасынын кодексинде каралган жаза чараларын карайт.
3. Комиссия процессуалдык далилдер менен өз алдынча чечим кабыл алат. Комиссия кабыл алган чечимди Майлуу-Суу шаарынын аймагындагы жеке жана юридикалык жактар аткарууга тийиш.
3.Комиссия түзүүнүн тартиби
1. Комиссиянын курамында төрага, төраганын орун басары, катчы, протокол түзгөн ыйгарым укуктуу кызматкер (оператор), мэриянын тийиштүү кызматкери (куратор), аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана башка кызмат адамдары же коомдук өкүлдөр мүчө боло алат.
2. Комиссия Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын алдында түзүлүп, ушул жобонун негизинде мэрдин буйругу менен бекитилет.
4.Комиссия курамынын кызматтык милдеттери
1. Комиссиянын ишин комиссиянын төрагасы, төраганын орун басары жана катчысы уюштурат.
2. Комиссиянын төрагасы:
- Комиссиянын ишин пландаштырат, уюштурат жана башкарат;
- Комиссиянын жыйналышынын күнүн, убактысын дайындайт;
- төрагалык кылат жана Комиссиянын жыйналышынын күн тартибин бекитет;
- иш боюнча Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамалрга, токтомдорго, жана Комиссиянын иши үчүн зарыл болгон актыларга жана документтерге кол коёт;
-өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз иштейт жана мамлекеттик бийлик органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен мамилелерде анын таламдарын коргойт;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
3. Комиссиянын төрагасынын орун басары:
-Комиссиянын жыйналыштарында кароо үчүн укук бузуулар боюнча материалдарды (иштерди) алдын ала даярдоону уюштурат;
-Комиссиянян төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
-Комиссиянын төрагасы убактылуу жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.
4. Комиссиянын катчысы:
-Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген талаптарга ылайык укук бузуулар боюнча Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдордун, аныктамалардын долбоорлорун даярдоону уюштурат;
-Комиссиянын мүчөлөрүнө жана иштер боюнча өндүрүшкө катышкан адамдарга иштерди кароонун убактысы жана орду жөнүндө билдирет, аларды укук бузуулар боюнча каралуучу маселелер менен тааныштырат;
-Комиссиянын жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзөт жана белгиленген тартипте тариздейт жана кол коёт;
-Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдордун аныктамалардын аткарылышын көзөмөлдөйт;
-Комиссиянын токтомдорун, көчүрмөлөрүн тиешелүүлөргө белгиленген мөөнөттө жеткирүүнү же жөнөтүүнү камсыз кылат;
-айып пул түрүндө өндүрүлгөн акча каражаттардын түшүүсүн көзөмөлдөйт;
-Комиссиянын ишинин чөйрөсүндө статистикалык эсепти жүргүзөт;
-иш кагаздарын жүргүзүүнү жана Комиссияда каралган иштердин сакталуусун камсыз кылат;
-өз ишин Комиссиянын төрагасынын жетекчилиги астында жүзөгө ашырат;
-Комиссиянын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
-Комиссиянын ишине тиешелүү маалыматтык иштерди жүргүзөт;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарам укуктарды жүзөгө ашырат;
-Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда Комиссиянын мүчөлөрүнүн бири ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.
5.Комиссиянын иштөө тартиби
1. Отурумдар Комиссиянын ишинин негизги тартиби болуп саналат. Комиссиянын жыйындары зарылдыгына жараша өткөрүлөт. Комиссиянын жыйналыштарынын мезгилдүүлүгү укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүнүн сакталышын камсыз кылууга тийиш.
2. Комиссиянын жыйналышына, эгерде ага комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан кем эмеси катышса ыйгарым укуктуу болуп эсептелет.
3. Комиссиянын жыйналышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрүнүн, укук бузуу боюнча каралган материалдарга тиешеси бар адамдардын катышуусунда ачык өткөрүлөт.
4. Комиссиянын жыйынын төрага алып барат, эгер төрага жок болгон учурда төраганын орун басары алып барат.
5. Эгерде экөө тең жок болуп калган учурда катышкан комиссиянын мүчөлөрүнүн тандоосу менен комиссия мүчөлөрүнүн бири жыйналышты өткөрөт.
6. Комиссия тарабынан укук бузуулар боюнча ишти кароого даярдоонун алкагында төмөнкү маселелер такталат:
-бул ишти кароо анын компетенциясына кирээр-кирбесин;
-ишти Комиссияда кароо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жагдайлар барбы;
-укук бузуу боюнча протокол туура түзүлгөнбү, иштин материалдары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык түзүлгөнбү;
-иш боюнча боюнча кароо үчүн жетиштүү материалдар барбы-жокпу?
-өтүнүч, баш тартуу барбы.
7. Комиссия Укук бузуу боюнча ишти кароодо төмөнкүдөй чечим кабыл алат:
1) ишти кароонун убактысын жана ордун белгилөө жөнүндө;
2) адамдарды чакыруу, иш боюнча зарыл болгон кошумча материалдарды суроо, экспертиза дайындоо жөнүндө;
3) ишти кароону кийинкиге калтыруу;
4) ишти кароодо укук бузуулар боюнча туура эмес, толук эмес толтурулган протокол, же ыйгарым укуктуу кызматкер тарабынан түзүлбөгөн протоколду кайтаруу;
5) эгерде бул ишти кароо анын компетенциясына кирбесе, укук бузуу боюнча толтурулган протоколду үч жумушчу күндүн ичинде кароого берүү жөнүңдө;
6) ыйгарым укуктуу органдын өкүлү Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин бузган учурда ишти кароодон четтетет;
7) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 508 беренесинде каралган жагдайлар болгон учурда ишти токтотот.
Комиссиянын аныктамасы, токтому КР Укук бузуулар жөнүндөгү Кодексинин талаптарына ылайык чыгарылат.
8. Укук бузуулар боюнча ишти кароодо Комиссиянын төрагасы:
-Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин беренелеринин негизинде ким жоопкерчиликке тартылып жатканын, ишти ким карап жатканын, кандай иш каралууга тийиш экендигин жарыялайт;
-протокол түзүлбөгөн учурларды кошпогондо, жоокерчиликке тартылган жеке же юридикалык жактын мыйзамдуу өкүлүнүн, ошондой эле ишти кароого катышкан башка адамдардын катышуусун күбөлөндүрөт;
-жыйынга катышкан жеке жана юридикалык жактардын, мыйзамдуу өкүлдөрдүн ыйгарым укугун, ким экендигин тастыктаган документтерин текшерет;
-жыйынга чакырылгандардын келбей калгандардын себебин аныктайт жана ишти алар жокто кароо же кароону кийинкиге калтыруу жөнүңдө чечим чыгарат;
-ишке катышкан жеке жана юридикалык жактарга укук, милдеттерин түшүндүрөт;
-баш тартуу жана өтүнүч арыздарын кабыл алат;
-укук бузуу боюнча чечимди, ал эми зарыл болгон учурда иштин материалдарын жарыялайт;
Комиссиянын жыйынында өзүнө карата өндүрүш жүргүзүлүп жаткан жеке жана юридикалык жактын түшүндүрмөлөрү, укук бузуулары жөнүндө өндүрүшкө катышкан башка адамдардын көрсөтмөлөрү, адистин түшүндүрмөлөрү жана эксперттин корутундусу угулат, далилдер каралат.
9. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөңүндө кодексинин 568-беренесинин негизинде укук бузуу үчүн айып пулду мыйзамда белгиленген мөөнөттө ыктыярдуу тартипте төлөбөгөн жана анын эң көп өлчөмүнө жеткен учурда ыйгарым укуктуу орган (өндүрүп алуучу) туумду кошуп эсептөө жөнүндө токтом чыгарат жана мыйзамдар менен каралган тартипте мажбурлап аткартуу үчүн айып пул салуу жана туумдарды кошуп эсептөө жөнүндө өз токтомун сот аткаруучусуна жөнөтөт.
10. Укук бузуу боюнча ишти кароодо Комиссия төмөнкүлөргө милдеттүү:
-укук бузууга жол берилгенби;
-укук бузуу боюнча протокол түзүлгөн жак күнөөлүүбү;
-укук бузуу үчүн жеке жана юридикалык жактар жоопкерчилик тартабы же жокпу;
-жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайлар барбы;
-материалдык зыян келтирилгенби;
-ишти туура чечүү үчүн маанилүү болгон башка жагдайлар.
11. Укук бузуулар боюнча каралып жаткан иштин чечимдери жыйынга катышкан Комиссия мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Эгерде добуш тең болгон учурда Комиссиянын төрагасынын, чечими чечүүчү болуп саналат.
12. Укук бузуу боюнча ишти карап, Комиссия төмөнкүдөй чечим чыгарат:
1) Айып салуу жөнүндө;
2) Иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүңдө.
Эгерде жеке жана юридикалык жактар айып төлөөдөн баш тартса жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 35-беренесинде көрсөтүлгөн жазанын максималдуу чегине жетсе, Комиссия айыпты өндүрүү жөнүндө чечим чыгарат.
13. Укук бузуу жөнүндө токтом төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
-чечимди чыгарган ыйгарым укуктуу органдын аталышы;
-ишти кароо датасы;
-өзүнө карата иш каралып жаткан адам жөнүндө маалыматтар;
-ишти кароодо аныкталган жагдайлар жөнүндө билдирүү;
-Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин бул укук бузуу үчүн жоопкерчиликти караган беренесин көрсөтүүсү;
-иш боюнча кабыл алынган чечим;
-токтомдун көчүрмөсүн алгандыгы тууралуу кол коёт;
-укук бузуучунун укуктары жана милдеттери түшүндүрүлгөндүгү тууралуу кол коёт.
Укук бузуулар жөнүндө кабыл алынган чечимге комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү кол коёт
Эгерде Укук бузуу жөнүндө чечимге карата даттанылбаса, даттануу мөөнөтү өткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
14. Кабыл алынган чечим ишти кароо аяктагандан кийин дароо жарыяланат. Чечимдин көчүрмөсү үч күндүн ичинде ал чыгарылган жакка, ошондой эле жабырлануучуга тапшырылат же жөнөтүлөт, же почта же башка байланыш каражаттары аркылуу көрсөтүлгөн дарек боюнча жөнөтүлөт.
Токтомдун, чечимдин көчүрмөсү кол коюлуп тапшырылып, делого тиркелет.
15. Укук бузуулар боюнча иштерди кароодо Комиссиянын жыйналышынын протоколу жүргүзүлөт, ал Комиссиянын катчысы тарабынан түзүлөт. Катчы жок болгон учурда (кызамттык иш сапары, өргүүсү, оорусу, себептери) протоколду Комиссиянын төрагалык кылуучунун тапшырмасы боюнча Комиссиянын мүчөлөрүнүн бири жүргүзөт.
16. Укук бузуулар боюнча ишти кароо боюнча комиссиянын жыйналышынын протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
-Комиссиянын жыйналышынын датасы жана орду;
-Комиссиянын аталышы жана курамы;
-укук бузуулар боюнча каралуучу иштердин тизмеси;
-иштерди кароого катышкан адамдардын келгендиги жөнүндө, келбеген жактарды белгиленген тартипте кабарлоо жөнүндө маалымат (ар бир иш боюнча);
-баш тартуу, өтүнүчтөр жана аларды кароонун жыйынтыгы ( ар бир иш боюнча);
-укук бузуулар боюнча ишти кароого катышкан адамдардын түшүндүрмөлөрү, өтүнүчтөрү жана корутундулары (ар бир иш боюнча);
-ар бир ишти кароодо изилденген иш кагаздар.
17. Укук бузуу боюнча иштин протоколуна Комиссиянын төрагасы, комиссиянын бардык мүчөлөрү жана катчы кол коёт.
18. Укук бузуулар боюнча чечимдерди аткаруу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 85-главасында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
6.Укук бузууларды каттоо
1. Укук бузуу жасагандыгы жөнүндө протокол түзүлөт. Комиссиянын тиешелүү укук бузуулар жөнүндө протокол түзүү укугу Майлуу-Суу шаарынын мэриясы тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдарына жүктөлөт.
2. Протоколду түзүүнүн өзгөчө учурларын жана укук бузуу жөнүндө протокол түзүлбөгөн учурларды тариздөө Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
7.Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү
1. Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Комиссиянын төрагасы жетекчилик кылат жана жоопкерчилик алат.
2. Каттоо жүргүзүлгөн журналдардын өз убагын аткарылышы жана маалыматтар боюнча катчы жоопкерчилик алат.
3. Укук бузуулар боюнча жыйындын катышуучуларына бардык зарыл болгон документтерди жөнөтүүнү Комиссиянын катчысы ишке ашырат.
4. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча билдирүүлөр ишти кароо күнү дайындалгандан кийинки күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт.
Жөнөтүлгөн билдирүү дарек ээсине жеткирилбеген учурда, Комиссиянын катчысы анын берилбей калган себептерин токтоосуз түрдө аныктоого, бул жөнүндө Комиссиянын төрагасына билдирүүгө милдеттүү.
Комиссиянын жыйналышына келбеген адамдар үчүн кабарлоо бланкынын айрып алуу бөлүгү ишке тиркелет.
5. Эгерде тартип бузуучуга карата айып пул салуу түрүндөгү жаза колдонуу жөнүндө Комиссиянын чечими кабыл алынса, катчы тартип бузуучуга токтомдун көчүрмөсүн, анда белгиленген үлгүдөгү ажыратуучу штрихти көрсөтүү менен банк, эсептик счет, коюлган берене менен берет.
6. Комиссиянын катчысы укук бузуулар боюнча каралган ишке тиркелген бардык документтерди хронологиялык тартипте, келип түшкөн тартипте ирээттейт.
Бардык документтер текстти көрүнүп тургандай файлга киргизилет.
7. Комиссия тарабынан каралган бардык документтер катталууга тийиш. Укук бузуу жөнүндө иштин номери каттоо журналы боюнча иштин катар номери менен келип түшкөн күнү, айы, жылы менен жазылат.
8. Укук бузуу боюнча протокол түзүүчү ыйгарым укуктуу органдар ай сайын Комиссия менен каралган иштер боюнча маалыматтарды салыштырууну жүргүзөт.
Комиссия ай сайын шаардык казынага айып пулдан түшкөн акча каражаттарын салыштырып текшерип турат.
9. Комиссия төмөнкүдөй журнал жүргүзөт:
-укук бузуулар жөнүндө иштердин реестри;
-айып салынган адамдардын реестри;
-аларга карата укук бузуу жөнүндө иш козголгон адамдарга жөнөтүлгөн билдирүүлөрдүн реестри.
Журналдар номерленген, тигилген, мөөр басылган болуу керек. Реестрдеги бардык жазуулар ачык көк же кызгылт көк боёк (фиолетовый) менен жасалат.
Журналдардын сактоо мөөнөтү-3 жыл, укук бузуулар боюнча иштер -5 жыл.
Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин алар инвентаризация боюнча архивге өткөрүлүп берилет.
Каттоо журналдары ички колдонууда болгондуктан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары Комиссиянын төрагасынын уруксаты менен берилет.
Шаардын мэри | Н. Умаров |