Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 5-апрели № 27/1
Кыргыз Республикасынын Президентинин үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча жарлыгын аткарууга алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча жарлыгын аткарууга алуу жана улуттук маданияттын баалуулуктарын коргоо, элдик каада салттарга сый мамиле кылууну калыптандыруу, жарандардын жашоо деңгээлин жана сапатын көтөрүүнүн кызыкчылыгын гана көздөп, элдин саламаттыгын жана адеп-ахлагын коргоону камсыз кылуу максатында, токтом кыламын:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдагы 24-февралындагы “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгы жетекчиликке алынсын.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн айылдарындагы каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобо бекитилсин (тиркелет).
3. Аталган маселелерди калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл башчыларга, имамдарга, мекеме уюмдун жетекчилерине, айылдык кеңештин депутаттарына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ө. Жусупов |
Тиркеме № 1
Дөң-Булак айылдык кеңешинин
VII-чакырылыш кезексиз IX-сессиясынын
2022-жылдын 5-апрелиндеги №27/1
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасындагы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө жарлыгына Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Жобосу
1. Жалпы жоболор
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
4. Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү, комиссиялар жана кызмат адамдары
5.1. Жергиликтүү комиссия
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
1. Жалпы жоболор
1.1 Бул Жобо «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2. Жобонун максаты райондук маанидеги шаарларда, айылдарда жана башка калктуу конуштарда коомдук өнүгүүнүн муктаждыктарын эске алуу менен элдин жашоо турмушундагы улуттук каада-салттарды, үй-бүлөлүк үрп-адаттарды, этностук ырым-жырымдарды жана коомдо жаңыдан пайда болуп жаткан майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт-санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырымжырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алууну (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
2.1. Айыл өкмөтүнүн аймагында, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону (мындан ары-жобо) иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн буйругу менен курамы айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңешинин, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксаалдар сотунун, диний жана өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлсүн.
2.2. Ушул Типтүү жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору айылдык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл өкмөтүнүн, сайттарына жайгаштырылат. Келип түшкөн сунуштар эске алынып жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет.
2.3. Жобону бекитүү жөнүндө айылдык кеңештин токтому белгиленген тартипке айыл өкмөтүнүн сайттарына жарыяланат.
2.4. Жобого кызыккан жарандарга айыл өкмөтү, айылдык кеңеш тарабынан токтоосуз тааныштырылат.
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
3.1. Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик той, тушоо кесүү той, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) той, куда тосуу, мааракеси салтанаттары ж.б. кирет.
3.2. Үй-бүлөлүк салтанаттар айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
3.3. Үйлөнүү той өз ыктыялары менен эки тараптын (кудалар) эсебинен 200 адамга чейинки «Банкеттик кече» же конок тосуу менен «Салттуу той» формасында өткөрүлөт жана ысырапкерчиликке жол берилбейт. үйлөнүү тоюунда ири бодо мал, жылкы союуга укуксат берилет. Бирок, ашыкча сый дасторкондорду уюштурууга тыюу салынат. Меймандарга себет тартылбайт, тойго да себет көтөрүп келүүгө тыюу салынат.
3.4. Кудалашуудан баштап үйлөнүү тойго байланышкан бардык ишчараларда (каада-салттарда) эки жаштын ата-энесинин өз ара макулдашуусу менен белгиленип өткөрүлүп, эки тараптын туугандарына, конокторуна, сый кийимдерди берүүгө тыюу салынат. Кыз жигитке жана алардын ата-энелерине гана сый кийимдерди, белектерди берүүгө уруксат берилет.
3.5. Тойдон кийин салтык отко кирүү, кыз көрдү, төркүлөтүү ж.б.у. сыяктуу кечелер өз ыктыярлары менен эки куданын үй-бүлөсү арасында 12 ден ашпаган адамдын катышуусунда өткөрүлөт.
3.6. Кыз узатууда 10-15тен ашык түрдүү кийим кече, күйө баласын 40 күн багуу, ар майрам сайын күйөө балага баалуу белектерди берүүгө тыюу салынат.
3.7. Кыз тарапка той алып барганда 12 адам, күйөө 10 дон ашпоосу керек.
3.8. Жашы жете элек кыздарга молдо тарабынан нике кыюуга тыюу салынат.
3.9. Үйлөнүү үлпөт тойлорду өткөрүүдө жана башка мааракелерди өткөрүүдө ашыкча акча каражаты жумшалбайт жана тамак аштын жасалуусу кыскартылат.
4. Маркумду эскерүү ырым-жырымдардын өткөрүүнүн тартиби
4.1. Маркумду эскерүү ырым-жырымдары айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
4.2. Маркумду акыркы сапарга узаттуу, маркумду эскерүүдө кара-ал, жылкы союуга тыюу салынат, сойуштун чектөөсү 2 койдон ашпашы керек.
4.3. Салтанаттарды жаан маркумду акыркы сапарга узатууга арналган иш-чараларды жогорудагы жобо менен жөнгө салуу иштерин ар бир айылда түзүлгөн туруктуу комиссияга тапшырылат.
4.4. Маркум каза болгондугу анын бейшембилиги жоюлат жана катмы окутуу. Жылдыгында, кырктыгында өзүнүн туугандарынын катышуусунда куран окутулат, бир же эки баш койдон ашыкча союлбайт.
4.5. Маркумдун жылдыгын эскерүү күнүндө чоң мал, жылкы союлбайт, каада салтта жок катмы деген өткөрүлбөйт.
4.6. Тойлордо, маркумдарды эскерүү күндөрүндө себет жасоо, кийит кийгизүү деген чыгымдарга жол берилбейт.
4.7. Өмүмчүлдүктү көрсөткөн, адепсиздикке, өзүм билемдикти камтыган башка жана бузуку иштерди жасаган атуулдарга Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына жол берилбейт.
4.8. Сөөк коюуда жана аза күтүүдө кийит кийгизүүгө (баш кийим, чепкен, көйнөк ж.б.у.с.), маркум өткөн жерде кандайдыр бир кездемени кичинекей бөлүкчөлөргө айрып, «жыртыш» таратып берүү, майда барат буюмдарды (чыны, табак, дасторкон, самын, жип, чай ж.б.у.с.) таратууга тыюу салынат жана кабыр казгандарга берилүүчү кызмат акы жергиликтүү комиссиянын макулдугу менен чектелет.
4.9. Кабырдын үстүнө күмбөз жана башка нерселерди тургузуу шариятта жок нерсе болгондуктан тыюу салынат.
4.10. Аза күндөрү бүткөндөн кийин сөөк чыккан үйдө атайын бир күндү белгилебей ошол үйдүн экономикалык аблына жараша, карыз албастан каалаган убакытта бир жолу кайрымдуулук иретинде куран окутууга уруксат берилет.
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырымжырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
Жобого ылайык үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырымжырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга жана кызмат адамдарына, айыл өкмөтүнүн башчысы, жергиликтүү комиссия кирет.
Бардык комиссиялар өздөрүнүн ишин документтештирет.
5.1.Жергиликтүү комиссия
5.1.1. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана айылдык комитетинин башчылары менен түзүлөт. Анын курамына айыл өкмөтүнүн башчысы, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мектеп директорлору, ФАПтын башчылары, маданият, аймактык тескөөчүлөрүнөн, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөтүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү кирет. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилет.
5.1.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү маркумду эскерүү ырымжырымы өткөрүлүп жаткан жерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, өлүк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзүлөт (же акт түзөт), ал тууралуу комиссиянын отурумунда маселени карайт, талапты бузган адамдарга карата тийиштүү чаралар көрүлөт.
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Айыл өкмөтүнүн аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча жобонун талабын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде, жергиликтүү жаматтын уставында жана айылдын, ички мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган (элдик курултай, айылдык жана шаардык жыйындар, жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган) айып жазаларынын өлчөмдөрү салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.
Жогорудагы иш-чараларды аткаруу бардык жарандарга, айыл башчыларга, коомдук жана диний уюмдарынын өкүлдөрүнө, мамлекеттик жана мунципалдык кыхматкерлерге жайылтылат.