Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 20-декабры № 11/1
Жергиликтүү маанидеги «тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу» маселесин башкаруу тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине жана 35-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык “Кемеге-Кайырма” суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын жана Кара-Бүргөн айылынын башка аймактырындагы ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө чечими тууралуу Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Руслановду угуп, Кара-Бүргөн айылдык кеӊешинин кезексиз 11-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Жергиликтүү маанидеги «тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу» маселесин башкаруу тартиби (мындан ары-Тартип) дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу маселелери тиркемеге ылайык бекитилсин жана бекитилген функцияларды, кызматтарды уюштуруу жана милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылсын.
2. Бул токтомдун аткарулышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы | Б. Кемелов |
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин
20-декабрь 2022-жылдагы
№11/1 токтому менен бекитилген
Жергиликтүү маанидеги «тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу» маселесин чечүү алкагында дыйкандардынг сугат сууга жетишин камсыз кылуу боюнча кызматтардын, функциялардын жана милдеттемелердин тизмеси
№ | Кызматтардын, функциялардын жана милдеттемелдин аталышы | Аткарууга жооптуу жак |
1. Кызматтар | ||
1.1 | Сугат суусун суу пайдалануучуларга жеткирүү | СПА (келишим боюнча). Дыйкандар |
2. Функциялар | ||
2.1 | Айыл өкмөт башчысынын бассейндик кеңештин ишине катышуусу | Айыл өкмөт башчысы |
2.2. | Кара-Бүргөн айыл аймагындагы ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчик реестрине эсепке алуу | Бөлүм башчы |
2.3 | Кызмат көрсөтүүлөр менен ирригациялык курулмаларды колдонуу боюнча келишим түзүү жана аткарылышын көзөмөлдөө | Бөлүм башчы |
2.4 | Суу пайдалануу. Эксплуатациялоо жана ирригациялык системаны камсыз кылуу эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү | Айыл өкмөт, жергиликтүү кеңеш |
2.5 | Суу чарбасынын райондук башкармалыгы мененсугат суусун жеткирүү келишимин түзүү жана аткарылышын көзөмөлдөө | Айыл өкмөт башчы |
2.6 | Суу колдонуу, эксплуатациялоо жана ирригациялык системаны кымсыз кылуу эрежелерин бузганы үчүн суу пайдалануучулардан административдик жоопкерчилик маселелери боюнча административдик комиссиянын ишин уюштуруу | Айыл өкмөт, жергиликтүү кеңеш |
2.7 | Ирригациялык кызматтардын төлөмүнүн (ИКТ) наркын эсептөө жана бекитүү | Айыл өкмөт, жергиликтүү кеңеш |
2.8 | Кара-Бүргөн айыл аймагында ирригацияны өнүктүрүү боюнча инвестициялык программаны иштеп чыгуу жана бекитүү | Айыл өкмөт, жергиликтүү кеңеш |
3. Милдеттер | ||
3.1 | Ирригациялык курулмаларды кызмат көрсөтүүлөргө муниципалдык мүлктүн объектилери катары колдонууга берүү | Айыл өкмөт, жергиликтүү кеңеш |
3.2 | Ирригациялык курулмаларды камсыз кылууга амортизициялык чегерүүлөрдү толук же жарым жартылай компенсациялоо | Айыл өкмөт, жергиликтүү кеңеш |
3.3 | Суу пайдалануучулардын айрым категорияларына субсидияларды бөлүп берүү | жергиликтүү кеңеш |
3.4 | Субсидия аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдүн чыгымдарын компенсациялоо | Айыл өкмөт |
Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы | К. Русланов |