Загрузка документа…
| ||
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 217 токтомуна) |
Техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссияны түзүү тартиби жана анын иши жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссияны (мындан ары - эксперттик комиссия) түзүү тартибин жана анын ишин белгилейт.
2. Эксперттик комиссия "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам), Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык түзүлөт жана иштейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Эксперттик комиссиянын негизги милдети болуп техникалык регламенттин долбооруна экспертиза жүргүзүү жана техникалык регламенттин Мыйзамда белгиленген максаттарга, эл аралык стандарттарга, ченемдерге жана эрежелерге шайкештиги (шайкеш эместиги) жөнүндө негизделген тыянактарды камтыган корутундуну даярдоо болуп эсептелет.
4. Эксперттик комиссиянын курамы техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан конкурс өткөрүү жолу менен түзүлөт.
2. Конкурс өткөрүү тартиби
5. Эксперттик комиссияга эксперттерди тандоо боюнча конкурс өткөрүү үчүн ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечими менен конкурстук комиссия түзүлөт.
6. Конкурстук комиссиянын курамы:
1) конкурстук комиссиянын төрагасы - техникалык жөнгө салуу маселелерин тейлөөчү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин орун басары;
2) конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары - техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси;
3) конкурстук комиссиянын мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун директору;
- тартылуучу адистер жана түрдүү аспекттеги компетенттүү эксперттер (2 адамдан кем эмес);
4) конкурстук комиссиянын катчысы - техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын түзүмдүк бөлүмүнүн кызматчысы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Конкурстук комиссия:
- квалификациялык талаптарды иштеп чыгат жана бекитет;
- конкурс өткөрүү мөөнөтүн аныктайт;
- конкурстун катышуучулары берген документтерди карап чыгат;
- конкурстун катышуучулары менен маектешүү өткөрөт;
- эксперттик комиссиянын мүчөлөрүн тандоо жөнүндө чечим кабыл алат.
8. Ыйгарым укуктуу орган өзүнүн расмий сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына эксперттик комиссиянын курамына эксперттерди тандоо боюнча конкурс өткөрүү жөнүндө жарыяны жайгаштырат.
Конкурска катышуу үчүн илимий-техникалык мекемелердин, ишкерлердин жана керектөөчүлөрдүн бирикмелеринин өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер, кесиптик коомдук бирикмелердин өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.
9. Конкурс өткөрүү жөнүндө жарыяда төмөнкү маалыматтар баяндалат:
- техникалык регламенттин долбоорунун аталышы;
- катышуучуларга коюлуучу квалификациялуу талаптар;
- конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги;
- документтерди кабыл алуу орду жана убактысы;
- конкурс өткөрүү орду жана убактысы.
10. Конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтер төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жеке арызы;
- паспорттун же ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү (паспорттун же ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин түп нускасы конкурска катышканда көрсөтүлөт);
- керектүү квалификациясын, иш стажын ырастаган документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификацияны жогорулатуу, илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин нотариалдык же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү).
11. Конкурс эки этапта өткөрүлөт. Биринчи этапта талапкерлер берилген документтердин негизинде тандалат. Экинчи этапта талапкерлер менен маектешүү өткөрүлөт.
12. Маектешүүнүн жыйынтыгы боюнча конкурстук комиссия 10 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө эксперттик комиссиянын персоналдык курамы жөнүндө чечим кабыл алат. Өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча конкурстук комиссиянын чечими талапкерди катыштырбастан, ачык добуш берүү аркылуу анын жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Чечимге төрага, катчы жана жыйынга катышкан конкурстук комиссиянын мүчөлөрү кол коюшат.
13. Конкурстук комиссиянын жыйынына анын мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экиси катышса, ал укуктуу деп эсептелет.
Конкурстук комиссиянын жыйынында эксперттик комиссиянын курамы түзүлөт (жети адамдан кем эмес), ал ыйгарым укуктуу органдын чечими менен бекитилет.
Ыйгарым укуктуу орган квалификациясын жана иш стажын эске алуу менен эксперттик комиссиянын төрагасын жана төраганын орун басарын аныктайт.
3. Эксперттик комиссиянын ишин уюштуруу
14. Төрага эксперттик комиссиянын иши үчүн жоопкерчилик тартат. Эксперттик комиссиянын төрагасы жок учурда анын милдетин орун басары аткарат.
Эксперттик комиссиянын иш графигин эксперттик комиссиянын төрагасы бекитет.
Эксперттик комиссиянын жооптуу катчысы болуп ыйгарым укуктуу органдын түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери саналат, ал жыйындын протоколун даярдайт, эксперттик комиссиянын мүчөлөрүнө документтерди таратат, жыйындар жөнүндө кабарлайт, башка уюштуруу иштерин аткарат.
15. Эксперттик комиссия төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- кызыкдар жактардан техникалык регламенттин долбоору боюнча алынган сын пикирлерди жана башка керектүү маалыматты техникалык регламенттин долбоорун иштеп чыгуучудан белгиленген тартипте сурап алууга;
- мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан эксперттик комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматты белгиленген тартипте сурап алууга;
- айрым маселелерди иштеп чыгуу үчүн эксперттик комиссиянын мүчөлөрүнөн жана (же) кызыкдар тараптардан жумушчу топторду түзүүгө;
- техникалык регламенттин долбоорунун жоболорун түшүндүрүү үчүн техникалык регламенттин долбоорун иштеп чыгуучуларды тартууга.
16. Мамлекеттик сырды сактоо кызыкчылыгында маалыматты пайдалануу чектелгенден башка учурда эксперттик комиссиянын жыйыны ачык өткөрүлөт.
Мамлекеттик сырды камтыган техникалык регламенттин долбооруна экспертиза жүргүзгөн адамдардын ушундай маалыматтарды пайдаланууга тиешелүү укугу болушу керек.
17. Эксперттик комиссия техникалык регламенттин долбоорун алган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде экспертиза жүргүзөт жана корутунду даярдайт.
Зарыл учурда ыйгарым укуктуу орган менен макулдашып, эксперттик комиссиянын төрагасы техникалык регламенттин долбооруна экспертиза жүргүзүүнү 15 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө узарта алат.
Техникалык регламенттин долбооруна кайрадан экспертиза ушул Жободо аныкталган тартипке ылайык жүргүзүлөт.
18. Эксперттик комиссиянын жыйыны эксперттик комиссиянын мүчөлөрү менен макулдашуу боюнча, бирок жумасына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Эксперттик комиссиянын жыйынына анын мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экиси катышса, ал укуктуу деп эсептелет.
Эксперттик комиссиянын мүчөлөрү жыйындарга алмашуу укугусуз катышат.
Иштеп чыгуучу эксперттик комиссиянын жыйынтыктоочу жыйынына катышат. Талаш маселелер келип чыккан учурда иштеп чыгуучу тиешелүү эл аралык жана (же) региондук стандарттарды, эрежелерди жана ченемдерди эске алуу менен илимий маалыматтарга таянып түзүлгөн негиздемени эксперттик комиссияга берүүгө тийиш.
Эксперттик комиссиянын корутундусу комиссиянын жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Жооптуу катчы жыйындарга добуш берүү укугусуз катышат.
Комиссиянын корутундусу менен макул болбогон эксперттик комиссиянын мүчөсү өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө берүүгө укуктуу, ал эксперттик комиссиянын корутундусуна тиркелет.
19. Ыйгарым укуктуу орган:
- эксперттик комиссиянын ишин камсыз кылат;
- эксперттик комиссиянын жыйынтыктоочу корутундусун алган күндөн тартып 5 календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Интернет-порталына жарыялайт;
- техникалык регламент күчүнө кирген күндөн тартып беш жыл ичинде колдонуудагы техникалык регламенттин Мыйзамда белгиленген максаттарга, ошондой эле эл аралык стандарттарга, ченемдерге жана эрежелерге шайкештигине ушул Жобого ылайык экспертиза жүргүзүүнү камсыз кылат.
20. Эксперттик комиссиялардын ишин уюштуруу-техникалык камсыздоо, эксперттик комиссиянын корутундусун жарыялоо техникалык регламенттин долбоорун экспертизалоо үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.