Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 17-февралы № 78
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 162 токтомунун редакцясына ылайык)
Техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 162 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 457 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун атайын каражаттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы "Экономика министрлигинин алдындагы" деген сөздөр "Экономика жана коммерция министрлигине караштуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) экинчи абзацтагы "Экономика министрлигинин алдындагы" деген сөздөр "Экономика жана коммерция министрлигине караштуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун атайын каражаттары жөнүндө жободо:
- аталышындагы, 1.2-пункттагы "Экономика министрлигинин алдындагы" деген сөздөр "Экономика жана коммерция министрлигине караштуу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 91 "Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу Министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология борбору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы "экономикалык жөнгө салуу Министрлигине" деген сөздөр "Экономика жана коммерция министрлигине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) преамбуладагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралары жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери тууралуу" жана "Ченөөнүн бирдейлигин камсыз кылуу тууралуу" Мыйзамдары менен Жарлыгынын 8-пунктуна ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" жана "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 2-пункттагы "экономикалык жөнгө салуу Министрлигине" деген сөздөр "Экономика жана коммерция министрлигине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 3-пунктта:
- төртүнчү абзацтагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- алтынчы абзацтагы "экономикалык жөнгө салуу Министрлигине" деген сөздөр "Экономика жана коммерция министрлигине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 6-пункттагы "Экономикалык тескөө" деген сөздөр "Экономика жана коммерция" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы, 2-пункттагы "Экономика министрлигинин алдындагы" деген сөздөр "Экономика жана коммерция министрлигине караштуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) преамбуладагы "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 4-декабрындагы № 561 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин ишин натыйжалуу камсыз кылуу боюнча кээ бир чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 178 "Шайкештик сертификатынын жана шайкештик жөнүндө декларациянын бланктарынын жаңы үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуладагы "Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негизиндеги жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 88 "Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерине шайкештик белгисинин графикалык сүрөттөлүшүнүн эскизин бекитүү жөнүндө" токтомунун 3-пунктуна ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 5-пункт "Экономика министрлигине" деген сөздөр "Экономика жана коммерция" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- аталышындагы, преамбуладагы, 1-пункттагы "Экономика министрлигинин алдындагы" деген сөздөр "Экономика жана коммерция министрлигине караштуу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 368 "Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2, 3-пункттардагы "Экономика министрлигинин алдындагы" деген сөздөр "Экономика жана коммерция министрлигине караштуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункттагы "Экономика министрлигинин алдындагы" деген сөздөр "Экономика жана коммерция министрлигине караштуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 12-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматын" деген сөздөр "бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун 1, 2, 6-тиркемелериндеги "Экономика министрлигинин алдындагы" деген сөздөр "Экономика жана коммерция министрлигине караштуу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 20 "Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- преамбуладагы "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 217 "Техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссияны түзүү тартиби жана анын иши жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуладагы "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссияны түзүү тартиби жана анын иши жөнүндө жободо:
- 2-пункттагы "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пункттун 3-пунктчасынын экинчи абзацындагы "Экономика министрлигинин алдындагы" деген сөздөр "Экономика жана коммерция министрлигине караштуу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарды классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- преамбуладагы "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору жөнүндө жободо:
- 12-пункттун 1-пунктчасында:
он бешинчи абзацта "башка мамлекеттердин региондук жыйнактарын, эрежелерин жана эрежелеринин жыйнактарын," деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма жетинчи абзац менен толукталсын:
"- техникалык регламенттердин айрым талаптарына карата колдонулуучу региондук топтомдорду, чет мамлекеттердин эрежелерин Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук документтери катары кабыл алуу;".
12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 60 "Техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүү маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- преамбуладагы "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267 "Шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуладагы "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында продукциялардын шайкештигин милдеттүү түрдө ырастоо жүргүзүүнүн тартибинде:
- 2-главадагы, 3.2-пункттагы "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
14. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |