Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 7-чакырылыштагы 6-сессиясынын
2022-жылдын 18-январы № 4
Кызыл-Тоо айыл аймагына караштуу “Кызыл-Тоо-Таза-Суу” Муниципалдык ишканасын ачуу жөнүндө
Айыл аймагына таза суу ишканасын уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын “ Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кызыл-Тоо айыл аймагына караштуу “Кызыл-Тоо-Таза-Суу” Муниципалдык ишканасын бекитүү максатында айылдык Кеңештин 7-шайланган 6-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат
1. Уюштуруучулардын №1 протоколу, №2 протоколу, №3 чечими менен түзүлгөн “Кызыл-Тоо-Таза-Суу” Муниципалдык ишканасы юридикалык жак катары тузүлсүн жана төмөнкүдөй аталсын:
Юридикалык жактын толук муниципалдык ишкананын фирмалык аталышы: Мамлекеттик тилде: “Кызыл-Тоо-Таза-Суу” Муниципалдык ишканасы.
Расмий тилде муниципалдык ишкананын фирмалык аталышы: Муниципальное предприятие “Кызыл-Тоо-Таза-Суу”
Адреси: Кыргыз Республикасы Ош облусу Өзгөн району Кызыл-Тоо айылдык аймагы Кызыл-Тоо айылы Т.асранов көчөсү-44
2. Кызыл-Тоо айылдык аймагына караштуу “Кызыл-Тоо-Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
3. Кызыл-Тоо айылдык аймагына караштуу “Кызыл-Тоо-Таза-Суу” Муниципалдык ишкананын жетекчисин дайындоо жагы айыл өкмөт башчысы С.Абдыкадыровго сунушталсын.
4. Кызыл-Тоо айылдык аймагына караштуу “Кызыл-Тоо-Таза-Суу” Муниципалдык ишканасы Кыргыз Республикасы “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жонүндо” мыйзамынын 11-беренесине ылайык каттоодон откөрүү жагы сунушталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзомөлдөө аткаруу жагы айыл окмөтүн башчысы С.Абдыкадыровго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы | Т.Темиралиев |