Загрузка документа…
Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин
2022-жылдын 18-январындагы № 4
токтому менен бекитилди
«БЕКИТЕМ»
Уюштуруучулардын №4 чечими
« 18 » 01 2022-жыл
Кызыл-Тоо айылдык аймагынын
«Кызыл-Тоо-Таза-Суу»
муниципалдык ишканасынын
Уставы
Ушул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иштеп чыгарылган Кызыл-Тоо айылдык аймагынын алдында уюшулуучу Кызыл-Тоо, Эркин-Тоо, Донуз-Тоо, Карчабек, Ак-Кыя айылдарын ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоочу «Кызыл-Тоо-Таза- Суу>> муниципалдык ишканасынын юридикалык статусун, анын жалпы жобосун, структурасын жана ишкананын башкаруу тартибин, куруу-ондоо жайгашкан калктарды ичүүчү суу менен камсыздоо иштерин жүргүзүү, башка уюмдар менен байланышын,кайрадан түзүү жана жоюлуу тартибин аныктайт.
1.Жалпы жоболор.
Кызыл-Тоо айылдык аймагынын Кызыл-Тоо, Эркин-Тоо, Донуз-Тоо, Карчабек, Ак-Кыя айылдарын ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздаган «Кызыл-Тоо-Таза-Суу» муниципалдык ишканасы (мындан нары Муниципалдык ишкана) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тийиштүү органдары тарабынан катталгандан кийин юридикалык жак статусуна ээ болот, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталыштары бар мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары белгиленген үлгүдөгү бланктары, өздүк эсепке, эсептик жана башка эсептерге ээ болот, сот бийлигинде доочу жана жоопту болуп чыгалат.
Муниципалдык ишкананын уюштуруучулары:
Кызыл-Тоо Айылдык Кеңешинин (VII) шайланган кезектеги V-сессиясынын 2021- жылдын 18-августтагы №18 токтомунун негизинде «Кызыл-Тоо айыл өкмөтү» мекемеси каттоо датасы: 2004-жылдын 9-июнь, каттоо номери-5492-3306-У-е, ИУЖК коду-23626860 сериясы ГР № 026791 юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн району. Кызыл-Тоо айыл өкмөтү, Кызыл-Тоо айылы Т.Асранов көчөсү № 44;
Муниципалдык ишкананын толук фирмалык фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде:- Кызыл-Тоо айылдык аймагынын «Кызыл-Тоо-Таза-Суу» муниципалдык ишканасы: Расмий тилде аталышы:-Муниципальное предприятие Кызыл-Тооское айыльного округа <<Кызыл-Тоо-Таза-Суу»;
Муниципалдык ишкананын кыскартылгандагы фирмалык фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: -Кызыл-Тоо айылдык аймагынын «Кызыл-Тоо-Таза-Суу>> МИ; Расмий тилде аталышы: -МП Кызыл-Тооское айыльного округа «Кызыл-Тоо-Таза-Суу»:
Муниципалдык ишкананын юридикалык дареги:
Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн району, Кызыл-Тоо айылдык аймагы, Кызыл-Тоо айылы Т.Асранов көчөсү № 44:
Муниципалдык ишкана өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын конституциясына, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн указдарына жана буйруктарына. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айылдык Кеңештин токтомдоруна, буйруктарына жана ушул Уставка таянып алып барат.
Муниципалдык ишкана өзүнүн Кызыл-Тоо айылдык аймагынын алдындагы «Кызыл-Тоо-Таза-Суу» уюштуруучуларынын милдеттенмелерине жоопкерчилик тартпайт жана уюштуруучулар Муниципалдык ишкананын милдеттенмелерине жоопкерчилик тартпайт
2. Муниципалдык ишкананын негизги максаты.
2.1. Муниципалдык ишкананын негизги максаты: тийиштүү, аймакта жашаган жарандарды гигиеналык талаптарга жооп берген ичүүчү суу менен камсыздоо.
2.2. Муниципалдык ишкананын негизги максатын, иш жүзүнө ашырууда төмөндөгүдөй иш аракеттерди жүргүзөт:
• Таза суу менен камсыз кылуу системаларынын ондоо жана суу курлушун куруу ошондой эле чыгаруу жумуштарын натыйжалуу, үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу:
• Суу түтүктөрүн калыбына келтируу жана капиталдык түрдө ондоп түзөө: Суу топтоочу кампаларды, скважиналарды, каптаждарды, диринажларды, суу линиялардын техникалык жактан тейлөө, ондоо жана эксплуатациялоону жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдар (айыл өкмөт) менен бирдикте алып баруу; Айыл өкмөтүн алдында уюшулган «Кызыл-Тоо-Таза-Суу» муниципалдык ишкана Кызыл-Тоо, Эркин-Тоо, Донуз-Тоо, Карчабек, Ак-Кыя айылдарын ичүүчү суу системаларын ондоп жайгашкан айылдардагы калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу
• Суу системаларды ондоп жана куруп, аткарылганы боюнча акт менен айыл өкмөткө өткөрүп берүү;
• Жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган (айыл өкмөт) менен бирдикте элди ичуучу суу менен камсыз кылуу; Айылдык Кеңештин сессиясында суу тарифин, штат бирдиктерин бекиттирүү жана уч айда бирден элге жана депутаттарга отчёт берүү;
• Ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн укук тастыктоочу жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин негизинде суу түтүгүн ондоо жана мурда курулган суу түтүктөрдү калыбына келтирүү, менчик үй ээлери менен келишим түзүү;
2.3. Райондук муниципалдык ишкананын көрсөтүлгөн жумуштарды (кызматтарды) тура колдону жана аларга колдонулган тарифтерин өз убагында аткаруу.
2.4. Антимонополиялык комитет аркылуу көрсөтүлүп жаткан жумуштардын (кызматтардын) бааларын жана тарифтерин орноту (макулдашуу).
2.5. Элди ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн мунипалдык ишкана физикалык тараптардын инциативаларын колдо, проблемаларын чечүүгө туруктуу өнүгүүсүнө, атайын колдонмолорду, программаларды жана интркцияларды иштеп чыгуу менен физикалык тараптардын суу системаларынын иштерин жакшыртуу үчүн мамлекеттик, мамлекттик эмес уюмдардын, атуулдук секторлордун өкүлдөрүнүн катышуусунда атайын конференцияларды еткерүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган (айыл өкмөт менен бирдикте мамлекеттик, мамлекттик эмес уюмдары, медицина уюмдары, эл аралык уюмдары менен байланышып алардын көңүлүн дайыма элди ичүүчү суу менен камсыз кылууга, санитардык абалдын жакшырышына буруу менен узак мөөнөттүү долбоорлорду иштеп, грант, инвестиция жана башка колдоолордун, мамлекеттик, мамлекттик эмес уюмдар, медицина уюмдар, бала-бакчалар, суу пайдалануучулар менен келишим аркылуу жана бекитилген тарифтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган (айыл өкмет) жардамдарынын эсебинен калктуу конуштарга жаны суу системаларын куруу, эски суу системаларына реаблитация жүргүзүүнү, техникаларды жана башка эмеректерди алуу. 2.6. Муниципалдык ишкана максатына жетүү үчүн кредит алуу, инвестиция тартуу жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тосколдук кылбаган юридикалык ишкердикти жургүзүү.
3. Муниципалдык ишкананын укугу.
3.1. Муниципалдык ишкана оз ишмердүүлүгүн аткарууда томондогулорго укуктуу:
• Юридикалык жана физикалык жактар менен келишимдерди, контрактарды түзүү, жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тосколдук кылбаган юридикалык иш аракеттерди жүргүзүү;
• Каржы операцияларын жүргүзүү, оз алдынча, оз карамагындагы мүлктөрдү жана акча каражаттарын колдону;
• Ижарага мулкторду жана имараттарды алуу;
Өзүнүн жүгүртмө каражаттарына жана мүлктөрүнө ээ болу;
• Юридикалык жана физикалык жактар аркылуу акысыз жана акылуу кызматтарды көрсету;
Өндүрүштү өнүктүрүү жана материалдык сый (дем берип кызыктыруу) фонд уюштуруу;
• Айыл окмот жана мунипалдык ишкана бирдикте иш алып баруу, аткарылган иштерди айыл өкмөткө өткөрүп берүү;
Өз алдынча ишмердүүлүгүн пландаштыруу жана келечектеги өнүгүүсүн аныктоо;
Муниципалдык ишкананын ишине тиешелүү маселелер боюнча сот органдарына кайрылууга жана катышууга укуктуу
• Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына туура келген жана башка иш-аракеттерди жүргүзүү;
3.2. Муниципалдык ишкана банктардан валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу:
3.3. Өз алдынча чарба маселелери боюнча чечим алууга, мекеме жана уюмдар ортосунда түзүлгөн келишимдеги бааларды аныктоо жана түшкөн пайдаларды бөлүштүрүүгө укуктуу.
3.4. Курулуш иштери (суу түтүктөрдү, айылдын айлана чөйрөсүн көрктөндүрүү, канал казуу жана башка иштерди) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайыктуу иштер боюнча тендерге катышууга укуктуу.
3.5. Муниципалдык ишкана айыл өкмөт менен бирдикте өзүнүн тиешелүү иштери боюнча долбоор жазууга, инвестиция тартууга жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иш алып барууга укуктуу.
3.6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Муниципалдык ишкана өзүнүн милдеттенмелерине, менчик мүлктөрүү жана каражаттары менен жоопкерчилик тартат.
IV. Муниципалдык ишкананын эсеп-кысабы
4.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча бухгалтердик жана оперативдүүлүк эсептерди жүргүзөт, белгиленген формада статикалык эсеп жүргүзөт жана анын тактыгына жоопкерчилик алат.
4.2. Муниципалдык ишкананын чарбалык жана каржылык иш-аракеттери уюштуруучулардын жалпы чогулушу жана башка ыйгарым укуктуу тарабынан көзөмөлгө алынат жана жооп берет.
4.3. Муниципалдык ишкананын балансындагы мүлктөрдү эсептеп чыгаруу жана жараксыз деп табуу уюштуруучулардын жалпы чогулушунун чечими, муниципалдык ишкананын мүчөлөрү жана кызматкерлери менен белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
4.4. ишкана ар бир кожолук менен жана айылдарда жайгашкан мектеп, бала бакча, ФАП, комерциялык ишканалар менен келишим түзүү жолу менен.
4.5. Муниципалдык ишкана суу системасы бар айыл өкмөттөр менен (суу түтүгүнүн узундугу, скважина санына, суу насостун санына, суу алуучу түтүктүн санына, суу бөлүштүргүчтөрдүн санына жараша келишим түзүү жолу менен.
4.6. Айыл өкмөт муниципалдык ишканага айлана чөйрөлөрүн көрктөндүрүү жана тазалоо боюнча келишимдин негизинде.
4.7. Муниципалдык ишкана долбоор жазуу жана инвестиция тартуу, курулуш иштерине тендерге катышуу менен.
V. Муниципалдык ишкананын милдеттери
5.1.Муниципалдык ишкана суу түтүктөрдү ондоо
5.2.Муниципалдык ишкана элдин жана арыздарды, органдардын сунуштарын кабыл алуу
5.3.Муниципалдык ишкана коомдук уюмдар менен келишим түзүүдө айыл өкмөт менен биргеликте түзүлгөн келишимдин негизинде каражат бөлүп берүү
5.4.Муниципалдык ишкана айыл өкмөтүн тапшырмасын өз убагында аткаруy
5.5.Муниципалдык ишкана айыл өкмөтүн макулдугу менен иш алып баруу
5.6.Муниципалдык ишкана айыл өкмөт менен бирдикте инвестиция тартуу жана курулга обөектилерди биргеликте көзөмөлгө алуу
5.7. Муниципалдык ишкана айыл өкмөт менен бирдикте айылдарда жайгашкан калкка суу тарифтерин жана суу түтүктөрдү туура пайдалануу баюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруу
VI. Айыл өкмөттүн милдеттери
6.1. Айыл өкмөт КРО 02.02 2010жылдагы № 59 токтомду аткаруу боюнча суу системаларды ИСКАКБлардан өз балансына алууга милдеттүү.
6.2.Суу системаларды ондоого бюджетинен муниципалдык ишканага каражатты айылдык Кенештин сессиясында бөлдүрүп берүүгө милдеттүү
6.3.Проект аркылуу айылдарга суу системаларын курууда муниципалдык ишкананы дайыма көзөмөлдөөгө буйрук берүүгө жана биргеликте иш алып барууга милдеттуу.
6.4.Айылдарда жайгашкан калк менен жолугушууда муниципалдык ишкананын жетекчиси катыштырууга милдеттүү.
6.5. Аппарттык чогулушунда муниципалдык ишкананын жетекчисин катыштыруу жана тапшырылган жумуштарды талап кылууга милдеттүү.
6.6. Айыл өкмөт тарабынан мунициалдык ишканага чыккан буйрук жана токтомдордун, жогорку органдардан келген кат жана буйрук, токтомдордун аткарылышы боюнча талап кылуу жана жардам берүүгө милдеттүү.
6.7. Айыл өкмөттүн балансында турган мектеп, бала бакчаларга, ФАПка келишим аркылуу муниципалдык ишканага каражатты бөлүп берүүгө жана экономикалык өнүктүрүүгө милдеттуу.
6.8. Айыл өкмөт тарабынан айылдарда жайгашкан калктарга ичүүчү суу тарифин теле боюнча түшүндүрүү жана айыл өкмөттөн маалымат алуучуларга өкмөттүн чарбалык маалыматына ичүүчү суу тариф төлөөнү муниципалдык ишкана аркылуу төлөөнү киргизүүг милдеттүү.
VII. Муниципалдык ишкананы башкаруу
7.1. Муниципалдык ишкананын жогорку органы болуп, айыл өкмөтү жана анын уюштуруучуларынын жалпы чогулушу болуп саналат. Уюштуруучулардын компетенцияларына төмөнкү маселелер кирет:
Муниципалдык ишкананын Уставын жаны редакцияда бекитүү, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
• Муниципалдык ишкананын айыл өкмөт башчысынын сунушу менен директорун жана анын орун басарларын кызмат оордуна дайындоо жана бошотуу;
• Директордун сунушу боюнча муниципалдык ишкананын штаттык түзүлмөсүн, аткарылуучу жумуштардын тарифтерин, иш пландарын бекитүү;
• Муниципалдык ишкананын текшерүү жана талаш-тартыш комиссиясынын курамдарын бекитүү жана бошотуу;
• Муниципалдык ишкананын филиалдары жана өкүлчүлүктөрдү түзүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
• Муниципалдык ишкананын башка юридикалык жактарга катышуусуна жана муче болуп кирүүсүнө чечим кабыл алуу;
Муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгү жөнүндө директордун жылдык эсеп- кысабын бекитүү;
• Өлчөмү 500 000 (беш жүз миң) сомдон ашык болгон келишимдерди жана тарифтерин (бааларын) бекитүү;
• Аудитордук текшерүүнү жүргүзүүгө, Муниципалдык ишкананын баардык документтерин текшерүүгө, ошондой эле ишмердүүлүктүн мыйзамга жана Уставга берүүсүн, муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды. баланстык эсеп кысабын талап кылууга укуктуу; .Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн башка ыйгарымдуу укуктарга укуктуу;
• Муниципалдык ишкананын текшерүү жана талаш-тартыш комиссия курамдарынын ишкананын кызматкерлеринин уюштуруучуларынын жалпы чогулушунун отуруму уюштуруучулардын баары толук катышканда гана кворумга ээ болот;
• Муниципалдык ишкананы кайра түзүү жана жоюуга укуктуу;
7.2. Муниципалдык ишкананын аткаруучу органы болуп анын директору жана кызматкерлери саналат. Муниципалдык ишкананын директору уюштуруучулардын жалпы чогулушунун отуруму менен беш жылдык мөөнөткө дайындалат жана иш алып баралбаса же элдин арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда бошотууга укуктуу;
7.3. Муниципалдык ишкананын директорунун орун басарларын, ишкананын директорунун сунушу боюнча уюштуруучулардын жалпы чогулушунун отуруму менен дайндалып жана иш аткаралбаса мөөнөтүнөн мурда бошотулат.
7.4. Муниципалдык ишкананын иш аракетин уюштуруусу жана функциялардын чегинде оз убагында сапаттуу жана тийиштүү формада аткарылышына анын ичинде отчёоттук маалыматардын тууралыгы айыл-чарбалык иштин нормаларынын сакталышы жагында аткарылышы үчүн уюштуруучулардын жалпы чогулушунун отурумунда муниципалдык ишкананын директоруна баа берүүгө укуктуу.
7.5. Муниципалдык ишкананын директору төмөндөкүлөргө укуктуу:
Директор өзүнө берилген укуктардын, жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын чегинде муниципалдык ишкананын иш аракетин уюштурат жана ага берилген укуктардын, тапшырылган милдеттерди аткарууга жеке жоопкерчиликке укуктуу:
Өз компетенциясынын алкагында буйруктарды жана башка чечимдерди чыгарат. алардын аткарылышын текшерүүгө укуктуу;
• Муниципалдык ишкананын жылдык иш-чараларын, иш планын бекитүүгө укуктуу: .Ишеним каты жок муниципалдык ишкананы, башка мамлекеттик муниципалдык мекемелерде, коомдук уюмдарда өкүлчүлүк кылууга укуктуу;
• Муниципалдык ишкананын штаттык түзүмүн, анын структурасын бекитүү үчүн жогорку органына сунуштоого укуктуу: Муниципалдык ишкананын аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайндайт жана бошотот, ошол эле учурда контрактык негиздегилерди дайндоого жана бошотута укуктуу;
Муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин эмгек майанасын жана аны телее формасын аныктоого укуктуу
• Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Уставка ылайык муниципалдык ишкананын ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат;
7.6. Муниципалдык ишкананын текшерүү комиссиясы: Текшеруу комиссиясы муниципалдык ишкана тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарылышын текшерүүчү орган.
7.7. Текшерүүчүү комиссиясынын укук-милдеттерин төмөнкүлөр түзөт:
• Муниципалдык ишканасынын директору тарабынан жүргүзүлгөн өндүрүштүк жана башка чарбалык иштердин мыйзам чегинде аткарылышын текшеруу;
Үч жылда бир жолу муниципалдык ишкананын өндүрүштүк жана башка чарбалы иштерин текшерүү;
• Муниципалдык ишкананын өндүрүштүк жана башка чарбалык иштерин текшеруудон кийин, уюштуруучулардын жалпы чогулушуна жазуу түрүндө бүтүм беруу
• Муниципалдык ишкананын уюштуруучулардын жалпы чогулушунун отурумуна текшерүүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө отчёот берүү;
7.8. Текшерүү комиссиясы үч кишиден туруп үч жылдык мөөнөткө уюштуруучулардын жалпы чогулушунун чечими менен шайланат жана анын мүчөлөрү кайра шайланууга укуктуу;
7.9. Муниципалдык ишкананын талаш-тартыш комиссиясы:
Талаш-тартыш комиссиясы муниципалдык ишкана тарабынан жүргүзүлгөн иш- аракеттеринде чечибеген, суу системаларында мыйзамсыз иш жүргүзүлгөндүгү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечүүчү орган.
• Муниципалдык ишканасынын директору тарабынан түзүлгөн келишимдерди теледен баш тарткандар менен мыйзам чегинде чечүүгө укуктуу;
• Муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин келишпестиктерин чечүүгө
• Муниципалдык Муниципалдык ишканасы менен бирдикте иш-аракеттерин жүргүзүүгө жана талаш-тартыш комиссиясы үч кишиден туруп торт жылдык меенетке уюштуруучулардын жалпы чогулушунун чечими менен шайланат жана анын мүчөлөрү кайра шайланууга укуктуу; ишканасынын жүргүзүлгөн иш-аракеттеринде чечибеген маселелер боюнча жер- жеринен чечүүгө укуктуу;
VIII. Муниципалдык ишкананын мүлкү
8.1. Муниципалдык ишкананын чарбалык ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн уюштуруучу тарабынан өткөзүп жана балансында турган менчик жана муниципалдык жүгүртме каражаттары ишкананын мүлкү болуп саналат.
8.2. Муниципалдык ишканага уюштуруучу тарабынан өткөзүп берилген мүлктөрдүн иштетилиши жана сакталышы Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 230- беренесине ылайык жүргүзүлөт.
8.3. Муниципалдык ишкананын мүлктөрүнүн жана ишмердүүлүгүнүн каржыланган булактарды төмөнкүлөр түзөт:
Уюштуруучулар өткөзүп берген мүлктөр жана башка каражаттар;
Корсетилген кызматтарынан жана башка иш-аракеттеринен түшкөн пайдалар:
Мамлекеттик, чет өлкөлүк мекемелер, мамлекеттик эмес уюмдардан, инвестиция тарттуудан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган (айыл өкмөт) келишимдин тарабынан материалдык жардам каттары түшкөн мүлктүк төлөмдөр, кайыр-садага негизинен жана тарифтерден, коммерциялык, демөөрчүлөрдөн, юридикалык жактар кылып берилген акча каражаттар;
• Муниципалдык ишкананын чарбалык ишмердүүлүгүнөн түшкөн киреше;
• Муниципалдык ишкананын менчигинен алынуучу киреше;
Мыйзам тарабынан тыюу салынбаган башка кирешелер;
Муниципалдык ишкана көрсөтүлгөн кызматтарынан жана башка иш-аракеттеринен түшкөн кирешелерди, Уставга көрсөтүлгөндөй аткаруу үчүнтийиштүү фонддорду түзүү менен өз алдынча бөлүштүрө алат.
IX. Муниципалдык ишкананын башкы эсепчиси төмөндөкүлөргө укуктуу:
9.1. Муниципалдык ишкананын башкы эсепчиси ишкананын директору менен биргеликте иш алып барат жана директорго баш ийүүгө укуктуу;
Муниципалдык ишкананын башкы эсепчиси директордун докуметтерде колу жок документтерди башка жакка өткөрүүгө укугу жок жана директордун колу менен мамлекеттик, мамлекеттик эмес уюмдарга которууга укуктуу;
• Муниципалдык ишкананын башкы эсепчиси отчёот сураган органдарга (статтикага. салыкка, соцфондга жана башка маалымат берүүчүлөрге) ар бир айдын 25-не чейин тапшырууга укуктуу
Муниципалдык ишкананын кызматкерлерине ар бир айдын 27-не чейин эмгек акыларын берүүгө жана кызматкерлердин эмгек акыларын эсептеп берүүгө укуктуу;
Мекеме уюмдар жана айыл өкмөттөр менен түзүлгөн келишимдерди ай сайын акт-сверка жасоого жана өз ара эсептешүүгө укуктуу. Келишимдерди төлөбөгөндөр боюнча ишкананын директоруна, талаш-тартыш комиссиясына жана уюштуруучулардын жалпы чогулушуна маалымат берүүгө
• Муниципалдык ишкананын кириш-чыгыш документтерин жана башка Документтерди так жүргүзүүгө укуктуу;
Муниципалдык ишкананын директору (командировкага, эмгек өргүүгө, жана башка) иш-аракетинде жүргөн мезгилдерде кызматкерлерди башкарууга укуктуу;
9.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Уставка ылайык муниципалдык ишкананын ишин көзөмөлдөө боюнча башка функцияларды, ыйгарым укуктарды директор менен биргеликте ишке ашырат;
Х. Муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин мамлеси
10.1. Муниципалдык ишкананын кызмат адамдарынын жана ишкананын кызматкерлеринин укук жана иш милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары. ушул Устав, ички ченемдик укуктук актылар жана эмгек келишими (контракты) менен аныкталат.
10.2. Муниципалдык ишкананын мүлкүнө кызмат адамдар жана ишкананын кызматкерлери тарабынан зыян келтирилсе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана эмгек келишимдин (контракты) негизинде материалдык жоопкерчиликти тартат.
10.3. Муниципалдык ишкананын кызмат адамдарынын, иш милдеттеринде
муниципалдык ишкананын балансындагы техникаларды, суу түтүгүн ондоочу шаймандарын дайыма он абалда иштетүү, жана ишкананын директору кызмат адамдарынын ар бирине тапшырган тапшырмасын өз убагында аткаруу жана аткарылган жумуштардын жыйынтыгын ар бир кызматкерлери ар бир жуманын биринчи куну
Маалымат берүүлөрү жана тапшырма алуулары керек.
10.4. Муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин иш милдеттерин ишкананын директору тарабынан бекитилет.
XI. Муниципалдык ишкананын иш-аракетин токтотуу
11.1. Муниципалдык ишкананын иш-аракетинин токтотулушу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартиптердин негизинде жоюлу жана кайрадан түзүүлү жолу менен жүргүзүлөт.
11.2. Муниципалдык ишкананын иш-аракетин токтоту жөнүндөгү чечим уюштуруучулары тарабынан кабыл алынат.
11.3. Кредиторлордун талаптары канаттаандырылгандан кийинки калган мүлктер Муниципалдык ишкананын Уставында көрсөтүлгөн максаттарга жумшалат.
11.4. Муниципалдык ишкананын иш-аракетинин токтотулушу юридикалык жактардан мамлекеттик бирдиктүү реестрине жоюлган тууралуу тийиштүү маалымат киргенден сон иш-аракети токтотулган болуп саналат.
11.5. Муниципалдык ишкананын иш алып баруу процессинде пайда болгон документтер Кыргыз Республикасынын «Улуттук архивдик фонд» жөнүндөгү мыйзамынын негизинде аткарылып жана тийиштүү мекемелерде сакталат.
Директор: | Э.Токтогулов |