Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 17-сентябры № 18
Айыл аймагында жергиликтүү курултайды уюуштуруу жана өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” № 284-Жарлыгына ылайык, биринчи жергиликтүү курултайды өткөрүү боюнча Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук укук тартибин сактоо. Депутаттык этика, мандат, регламент, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, маалымдоо каражаттары маселелери боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 7-чакырылышын кезексиз 8-сессиясы токтом кылат:
1. Жергиликтүү курултай 5-ноябрында саат 10:00 дө Кызыл-Тоо айылдык маданият үйүндө өткөрүү жагы белгиленсин.
2. Жергиликтүү курултайга айыл аймактын саны 10536 адамга жараша 100 делегат бекитилсин жана калктуу конуштарга жайгашуу пропорциясына карата
- Кызыл-Тоо айылына – 40 делегат;
- Эркин-Тоо айылына – 26 делегат;
- Ак-Кыя айылына – 18 делегат;
- Карчабек айылына – 10 делегат;
- Доңуз-Тоо айылына – 6 делегат шайлансын.
3. Курултайды уюштуруу комиссиясы 11 адамдан турсун жана курамы бекитилсин (тиркеме тиркелет)
4. Жергиликтүү курултайга жыйындарды (чогулуштарды) өткөрүү графиги төмөндөгүдөй тартипте бекитилсин.
- Кызыл-Тоо айылында 17.10.2022-жыл, саат 10:00дө;
- Эркин-Тоо айылында 18.10.2022-жыл саат 10:00дө;
- Ак-Кыя айылында 19.10.2022-жыл саат 10:00дө;
- Доңуз-Тоо айылында 20.10.2022-жыл саат 10:00дө;
- Карчабек айылында 20.10.2022-жыл саат 14:00дө;
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык мыйзамдуулук укук тартибин сактоо, депутаттык этика, мандат, регламент, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, маалымдоо каражаттары маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж. Самидиновко милдеттендирилсин.
Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.Темиралиев |
Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
1. Темиралиев Тынчтыкбек – Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы;
2. Бекмаматов Алберт – айылдык кеңешинин депутаты;
3. Мамытов Калысбек – айылдык кеңешинин депутаты;
4. Ибраимов Бакытбек - айылдык кеңешинин депутаты;
5. Абдразак уулу Жаныш - айылдык кеңешинин депутаты;
6. Алпанова Дамира - айылдык кеңешинин депутаты;
7. Токтогулов Эмилбек –айыл башчы;
8. Кеедев Чыныбек - айыл башчы;
9. Сүйөркул уулу Ниязбек - айыл башчы;
10. Биймурзаев Ишенбек - айыл башчы;
11. Дадабаева Дилбаркан – аялдар кеңешинин төрайымы.
Башчы: | С.Абдыкадыров. |