Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Таш айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын отуруму
2022-жылдын 25-ноябры № 5/2
Ак-Таш айыл аймагынын Жылкелди айылынын негизги А.Базарбаев көчөсүнө жөө жүрүүчүлөр үчүн жол (тротуар) куруу жөнүндө
Ак-Таш айыл аймагынын Жылкелди айылынын тургундарынын суроо-талаптарын эске алып Ленин участкасынын негизги А.Базарбаев көчөсүнө жана Ак-Таш айылынын Р.Боронов көчөсүнө жөө жүрүүчүлөр үчүн жол (тротуар) куруу максатында, Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Таш айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Таш айыл аймагынын Жылкелди айылынын тургундарынын суроо-талаптарын эске алып Ленин участкасынын негизги А.Базарбаев көчөсүнө жана жөө жүрүүчүлөр үчүн жол (тротуар) курууга уруксат берилсин.
2. КРМК 2022-жылдын 12-июлундагы №376 токтомуна жана “Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө Типтүү Жобого” ылайык Кара-Суу районунун өнүктүрүү фондуна айыл өкмөтүнүн долбоорун киргизүү Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Мусаевага жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Аматов |