Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-июлу № 376
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-октябрындагы № 220 "Региондорду өнүктүрүү фонддору тууралуу типтүү жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-октябрындагы № 220 "Региондорду өнүктүрүү фонддору тууралуу типтүү жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Региондорду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн социалдык долбоорлорду тандоонун критерийлеринин жана индикаторлорунун таблицасы 2-тиркемеге ылайык;
- Региондорду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн экономикалык долбоорлорду тандоонун критерийлеринин жана индикаторлорунун таблицасы 3-тиркемеге ылайык;
- Максаттуу каржылоо жөнүндө келишим 4-тиркемеге ылайык;
- Региондорду өнүктүрүү фонддоруна республикалык бюджеттен каражаттарды бөлүштүрүү тартиби 5-тиркемеге ылайык;
- Экономикалык долбоорлор боюнча кредиттик линияны финансы-техникалык тейлөөгө укуктарды өткөрүп берүү боюнча Регионду өнүктүрүү фондунун, финансы-кредиттик уюмдун жана ишкердик субъекттин ортосундагы типтүү макулдашуу 6-тиркемеге ылайык.";
2) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
3) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда 5 жана 6-тиркемелер менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 2-августа № 67(3402) жарыяланды
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Тиркеме |
|
|
Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык иштелип чыккан жана региондорду өнүктүрүү фонддорунун (мындан ары - Фонд) ишинин тартибин аныктайт.
2. Фонддун иши Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Типтүү жобонун негизинде ишке ашырылат.
3. Фонд Облусту өнүктүрүү фонду же Районду өнүктүрүү фонду түрүндөгү юридикалык жактын статусуна ээ жана мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт.
4. Облусту өнүктүрүү фондунун уюмдаштыруучусу Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп саналат.
5. Районду өнүктүрүү фондунун уюмдаштыруучусу жергиликтүү мамлекеттик администрация болуп саналат.
6. Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын акча каражаттары болуп саналат.
7. Фонддун ишин жүзөгө ашыруу үчүн Казыналык системасында бюджеттик жана атайын эсептер ачылат.
8. Фонд өз ишин мыйзамдуулук, ачыктык, айкындуулук, ошондой эле Фонддун каражаттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу башкаруу принциптеринде жүзөгө ашырат.
2-глава. Ушул Типтүү жободо колдонулуучу түшүнүктөр
9. Ушул Типтүү жободо колдонулган түшүнүктөр:
1) өтүнмө берүүчү - Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча конкурска катышууга долбоордук өтүнмө берген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик орган же ишкердик субъект;
2) долбоорду аткаруучу - долбоордук өтүнмөсү Байкоочу кеңеште жактырылган жана долбоорду каржылоого Фонд менен келишим түзгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик орган жана ишкердик субъект;
3) инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөр - социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде инфратүзүмдүк объектти пайдалануу менен көрсөтүлүүчү жана/же инфратүзүмдүк объектти тейлөө боюнча жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр;
4) инфратүзүмдүк объект - мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы мүлк же мүлктүк комплекс;
5) инфратүзүмдүк долбоор - жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгеленген, социалдык-экономикалык максатка ылайыктуулугун, капиталдык чыгымдардын көлөмүн жана ишке ашыруу мөөнөтүн негиздөө менен, инфратүзүмдүк объектти түзүүгө же жакшыртууга багытталган милдеттердин, аракеттердин жана иш-чаралардын тизмеги;
6) жергиликтүү коомчулукту мобилизациялоо - жергиликтүү коомчулуктун, жарандардын уюшулган топторунун түздөн-түз катышуусу жана колдоосу менен жергиликтүү деңгээлде көйгөйлөрдү чечүү процесси;
7) долбоордук өтүнмө - типтүү форматтын негизинде иштелип чыккан жана Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлорду тандоо боюнча конкурска катышуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мамлекеттик органдын жана ишкердик субъекттин атынан сунушталган долбоордун баяндамасы;
8) долбоорду каржылоонун планы - долбоорду транштар боюнча каржылоонун этаптарын жана тартибин баяндаган жана долбоорду ишке ашыруунун тиешелүү планына ылайык долбоордук өтүнмөнүн бөлүгү;
9) мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун планы - долбоорду ишке ашырууда, ошондой эле Фонддун ишинин натыйжалуулугун баалоодо ушул Типтүү жобонун талаптарынан четтөөлөрдү табуу максатында байкоолорду жүргүзүүнүн этаптары жана тартиби;
10) социалдык долбоор - билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, спорт, социалдык коргоо, эс алуу, жаштар менен иштөө, элдик чыгармачылык чөйрөсүндөгү жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында инфратүзүмдүк кызматтарды калкка көрсөтүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же мамлекеттик органдардын убакыт менен чектелген, максатка багытталган иш;
11) экономикалык долбоор - ишкердик субъекттерди, мамлекеттик/муниципалдык ишканаларды өнүктүрүү үчүн, анын ичинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө коммерциялык секторду тартуу аркылуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жагымдуу шарттарды түзүү боюнча убакыт менен чектелген, максатка багытталган иш;
12) стартап долбоор - көйгөйлөрдү чечүүгө, пайда алууга, олуттуу жакшыртууга багытталган экономикалык же социалдык жаңылыктарга, актуалдуулукка жана практикалык маанилүүлүккө ээ болгон инновациялык бизнес долбоор;
13) үлүштүк катыш - Фонддун облустардын же райондордун аймагында катталган жана өзүнүн ишин жүргүзгөн чарбакер субъекттердин капиталына катышуусу, мында бул долбоорлор боюнча финансылык макулдашууда инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн Фондго берилүүчү акча каражаттарынын максаттуу колдонулушу боюнча контрагенттердин милдеттенмелери каралат;
14) ишкердик субъект - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган жана киреше алуу максатында тобокелдикке салып жана өзүнүн мүлктүк жоопкерчилигинде мыйзам менен тыюу салынбаган иштерди уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар.
3-глава. Фонддун максаты жана милдети
10. Фонддун максаты облустарды, райондорду, шаарларды, айыл аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу, жергиликтүү коомчулуктун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга, аймактардын инфратүзүмүн жакшыртуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана региондордо жумушчу орундарын түзүү аркылуу региондук экономикалык өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган демилгелерин колдоо болуп саналат.
11. Фонддун милдети облустарды, райондорду, шаарларды жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын артыкчылыктарына ылайык Фонддун финансылык каражаттарын натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу болуп саналат.
12. Фонддун каражаттары:
1) Бюджеттик каражаттар.
Фонддун бюджеттик каражаттары инфратүзүмдүк объекттерди колдоого жана жакшыртууга, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана ишкердик субъекттердин экономикалык иштерди жүргүзүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган социалдык, инфратүзүмдүк жана экономикалык долбоорлорду каржылоого багытталат. Анын ичинде төмөнкүлөргө колдонулат:
- Фонддун 3%дан кем эмес каражатын облустун, райондун, шаардын жана айыл аймагынын аймактарында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларга, анын ичинде жарандардын ден соолугун коргоо маселелери менен байланышкан иш-чараларга;
- мөөнөттүүлүк, төлөө жана кайтарымдуулук негизинде ишкердик субъекттерге кийин кредит берүү үчүн кредиттик мекемелерге финансылык каражаттарды берүүгө;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун, регионду социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жөндөм түзгөн экономикалык долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга;
- калктуу конуштардын инфратүзүмүн жакшыртуу, жашылдандыруу жана өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
- эпидемиологиялык кырдаалдын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгеленген экологиялык коопсуздукту жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды камсыз кылууга, анын ичинде энергиянын натыйжалуулугун камсыздоочу, энергия жана сууну үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча финансылык каражаттарды башка максаттарга пайдалануу.
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базаларын колдоо үчүн Фонддордун бюджеттик эсептеринен финансылык каражат бөлүп берүүгө жол берилбейт.
2) Атайын эсептин каражаттары.
Фонддун атайын эсептин каражаттары инфратүзүмдүк объекттерди колдоого жана жакшыртууга, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана ишкердик субъекттердин экономикалык иштерди жүргүзүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган социалдык, инфратүзүмдүк жана экономикалык долбоорлорду каржылоого багытталат. Анын ичинде төмөнкүлөргө колдонулат:
- маданий, музыкалык, спорттук мелдештерге (конкурстарга) катышуучу/катышкан/катышууга даярданып жаткан жөндөмдүү жана таланттуу балдарды колдоого;
- билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо, маданият жана спорт, коргоо, жалпыга маалымдоо каражаттарын жарандык коргоо мекемелеринин, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана ишине колдоо көрсөтүүгө;
- Фонддун 3%дан кем эмес каражатын облустун, райондун, шаардын жана айыл аймагынын аймактарында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларга, анын ичинде жарандардын ден соолугун коргоо маселелери менен байланышкан иш-чараларга;
- мөөнөттүүлүк, төлөө жана кайтарымдуулук негизинде ишкердик субъекттерге кийин кредит берүү үчүн кредиттик мекемелерге финансылык каражаттарды берүүгө;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун, регионду социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жөндөм түзгөн экономикалык долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга;
- калктуу конуштардын инфратүзүмүн жакшыртуу, жашылдандыруу жана өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
- эпидемиологиялык кырдаалдын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгеленген экологиялык коопсуздукту жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды камсыз кылууга, анын ичинде энергиянын натыйжалуулугун камсыздоочу, энергия жана сууну үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча финансылык каражаттарды башка максаттарга пайдалануу.
13. Фонддун каражаттары Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылануучу чарбакер субъекттердин капиталына үлүштүк катышуунун негизинде долбоорлорду каржылоо үчүн багытталышы мүмкүн. Долбоордогу тараптардын үлүшү тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат.
14. Фонддун каражаттары төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлөт:
а) жылдык болжолдуу бюджети элүү миллион сомго чейинки каражатты түзгөн Фонддор үчүн:
- 20% социалдык долбоорлорго бөлүнөт;
- 30% инфратүзүмдүк долбоорлорго бөлүнөт;
- 50% регионду социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жөндөм түзгөн экономикалык долбоорлорго, төлөө, мөөнөттүүлүк жана кайтарымдуулук негизинде;
б) жылдык болжолдуу бюджети элүү миллион сомдон ашык каражатты түзгөн Фонддор үчүн:
- 20% социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлорго бөлүнөт;
- 80% аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жөндөм түзгөн экономикалык долбоорлорго, төлөө, мөөнөттүүлүк жана кайтарымдуулук негизинде.
Фонддун каражаттарын майрамдык иш-чараларды, мааракелерди жана Фонддун максаттары менен милдеттерине ылайык келбеген башка иш-чараларды өткөрүү үчүн пайдаланууга жол берилбейт.
4-глава. Фонддун башкаруу органдары
15. Фонддун башкаруу органдары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) жогорку башкаруу органы - Фонддун Байкоочу кеңеши;
2) аткаруу органы - Фонддун дирекциясы.
1-§. Фонддун Байкоочу кеңешинин ыйгарым укуктары
16. Фонддун Байкоочу кеңешинин ыйгарым укуктары:
1) Фонддун ишинин негизги багыттарын жана артыкчылыктарын кароо жана бекитүү;
2) долбоорлорду тандоо жана бекитүү;
3) учурдагы жылга бюджеттик каражаттардын, атайын эсептеги каражаттардын жана кийинки жылдарга болжолдуу көрсөткүчтөрдүн эсебинен каржылоонун көлөмүн бекитүү;
4) финансы-кредиттик уюмдарга (мындан ары - ФКУ) финансылык каражаттарды берүү үчүн каржылоонун көлөмүн бекитүү;
5) ишкердик субъекттер үчүн Фонддун каражаттарын пайдалануу тууралуу ФКУнун отчетун угуу;
6) Фонддун ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн топтун курамын кароо жана бекитүү;
7) Фонддун каражаттарын пайдаланууга аудит жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алуу;
8) конкурстук тандоонун катышуучуларынын даттанууларын жана арыздарын кароо;
9) келип түшө турган каражаттарды эсепке алуу менен ар бир финансылык жылга бюджеттик каражаттар жана атайын эсептеги каражаттар боюнча Фонддун чыгашалар сметасын бекитүү;
10) финансылык каражаттардын ушул Типтүү жобо менен белгиленген көлөмүнүн алкагында Фонддун дирекциясынын чыгашалар сметасын бекитүү;
11) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Фонддун Дирекциясы тарабынан долбоорду ишке ашыруу боюнча чечимди кабыл алуу;
12) Фонддун кызматкерлерине карата коюлуучу квалификациялык талаптарды бекитүү жана алардын негизинде Фонддун аткаруучу директору кызмат ордуна талапкерлерди тандоо;
13) Фонддун акча каражаттарын максаттуу пайдаланылышын контролдоо;
14) Фонддун бюджеттик каражаттар жана атайын эсептеги каражаттар боюнча чыгашалар сметасынын, ошондой эле Фонддун дирекциясынын чыгашалар сметасынын аткарылышы жөнүндө Фонддун дирекциясынын отчетун угуу жана бекитүү;
15) Фонддун мониторинг жүргүзүү тобунун курамын бекитүү.
17. Фонддун Байкоочу кеңеши өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Фонддун дирекциясынан жана мониторинг жүргүзүүчү тобунан өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды суроого;
2) Фонддун дирекциясы жана мониторинг жүргүзүүчү тобу берген документтерди жеткире иштеп чыгууга жөнөтүүгө;
3) Фонддун Байкоочу кеңешинин компетенциясына кирген маселелер боюнча эксперттер жана адистер, техникалык кызматтар менен консультацияларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
4) Фонддун аткаруучу директоруна карата ал өз функцияларын аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда чара көрүү тууралуу Фонддун уюмдаштыруучусуна сунуштама жөнөтүүгө;
5) Региондорду өнүктүрүү фондунун уюмдаштыруучусуна Фонддун аткаруучу директору кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу жөнүндө сунуштама берүүгө.
2-§. Фонддун Байкоочу кеңешинин ишин уюштуруу
18. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышат.
19. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү анын жыйналыштарына алмаштыруу укугусуз катышат. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөсү жок болгон учурда ал каралып жаткан маселе боюнча өз пикирин жазуу жүзүндө берүүгө укуктуу.
20. Байкоочу кеңештин курамына киргизилген органдын/уюмдун өкүлүнүн мүчөлүгү тийиштүү органдын/уюмдун расмий катында анын аты-жөнүн, кызмат ордун, ошондой эле өкүлдү алмаштырган учурда себептерин көрсөтүү менен тастыкталат.
21. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн саны 9 адамдан кем болбошу керек.
22. Облусту өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү же Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тескемесинин негизинде анын биринчи орун басары;
2) мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү;
3) экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү;
4) экология жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси;
5) архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси;
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушу боюнча Фонддун Байкоочу кеңешинин жалпы мүчөлөрүнүн 30%га чейинки санында коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү;
7) тиешелүү облустун районун өнүктүрүү Фондунун Байкоочу кеңешинин курамындагы жергиликтүү кеңештин өкүлдөрү, ошондой эле Фонддун Байкоочу кеңешинин жалпы мүчөлөрүнүн 30%га чейинки санында облустук маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин өкүлдөрү, алар 1 жылга шайланат жана Фонддун Байкоочу кеңеши аныктаган тартипте ротацияланат.
Районду өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамына төмөнкүлөр кирет:
1) жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы же жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын чечиминин негизинде анын биринчи орун басары;
2) мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси;
3) экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
4) агроөнөржай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси;
5) архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси;
6) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сунушу боюнча Фонддун Байкоочу кеңешинин курамына киргизилген Фонддун Байкоочу кеңешинин жалпы мүчөлөрүнүн 30%га чейинки санында коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү;
7) Фонддун Байкоочу кеңешинин жалпы мүчөлөрүнүн 30%га чейинки санында айыл аймактарынын жана райондук маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин өкүлдөрү, алар 1 жылга шайланат жана Фонддун Байкоочу кеңеши аныктаган тартипте ротацияланат.
23. Облусту өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлү же анын биринчи орун басары саналат.
24. Облусту өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы же жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын чечиминин негизинде анын орун басары саналат. Районду өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин төрагасынын орун басары болуп мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын райондук бөлүмүнүн жетекчиси эсептелет.
25. Облусту өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тескемеси менен 3 жылдан кем эмес мөөнөткө бекитилет.
26. Районду өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамы жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын тескемеси менен 3 жылдан кем эмес мөөнөткө бекитилет.
27. Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес чакырылат.
28. Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышы, эгерде анын курамынын жарымынан кем эмеси катышса, укуктуу болуп эсептелет.
29. Фонддун Байкоочу кеңешинин компетенциясына кирген маселелер боюнча чечими Байкоочу кеңештин жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең чыгып калган учурда Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышында төрагалык кылган адамдын добушу чечүүчү болуп саналат.
30. Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышы Фонддун дирекциясынын кызматкери болуп саналган Фонддун Байкоочу кеңешинин катчысы тарабынан протоколдонот. Протоколго Фонддун Байкоочу кеңешинин төрагасы же жыйналышта төрагалык кылган адам, ошондой эле Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн колу коюлат. Протоколдун түп нускасы Фонддун дирекциясында сакталат.
31. Төрага жыйналышта жок болгон учурда Фонддун Байкоочу кеңеши бул жыйналышка төрагалык кылуучуну Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн арасынан тандап алат.
32. Фонддун Байкоочу кеңеши зарыл болгон учурда өз жыйналышына тийиштүү техникалык кызматтардын өкүлдөрүн, эксперттерди жана консультанттарды чакырууга укуктуу, алар жыйналышка добуш берүү укугусуз катышат.
33. Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышын чакыруу жөнүндө маалымат күн тартибин, өткөрүү убактысын, ордун көрсөтүү менен Фонддун дирекциясы тарабынан Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнө жыйналышты өткөрүү күнүнө чейин он календардык күндөн кеч эмес кабарланат.
34. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын талаптарына жана бюджеттик мекемелер үчүн белгиленген ченемдерге ылайык Фонддун операциялык чыгымдары үчүн белгиленген лимиттин алкагында долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү мезгилинде Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн транспорттук чыгымдарын жана жашап турууга чыгымдарын компенсациялоого жол берилет.
35. Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышы видео-конференц-байланыш системасын колдонуу менен өткөрүүгө жол берилет.
3-§ Фонддун дирекциясы
36. Фонддун дирекциясы долбоорлорду каржылоо жана ишке ашыруу маселелери боюнча Фонддун Байкоочу кеңешинин ишин жана чечимдеринин талаптагыдай аткарылышын камсыздайт.
37. Фонддун дирекциясын уюмдаштыруучунун же ал ыйгарым укук берген адамдын чечими боюнча эмгек келишимин андан ары узартуу мүмкүндүгү менен үч жылга чейинки мөөнөткө кызмат ордуна дайындалуучу Фонддун Аткаруучу директору жетектейт.
38. Облусту өнүктүрүү фондунун аткаруучу директорун Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байкоочу кеңештин сунуштамасы боюнча дайындайт.
39. Районду өнүктүрүү фондунун аткаруучу директорун жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы Байкоочу кеңештин сунуштамасы боюнча дайындайт.
40. Облусту жана районду өнүктүрүү фондунун дирекциясынын чыгашалар сметасын мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Фонддун Байкоочу кеңеши бекитет. Штаттык расписание жана кызматтык маяналар ушул Типтүү жобонун 1-тиркемесине ылайык белгиленет.
41. Фонддун аткаруучу директору менен иш берүүчүнүн ортосундагы келишимдик мамилелер Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
42. Фонддун дирекциясынын функциялары жана ыйгарым укуктары:
1) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечиминин негизинде долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле Фонддун дирекциясынын операциялык жана учурдагы чыгымдары боюнча финансылык операцияларды жүргүзөт;
2) Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн, уюмдаштыруучулардын суроо-талабы боюнча Фонддун иши тууралуу маалыматтарды берет;
3) Казыналык системасында Фонддун бюджеттик жана атайын эсептерин ачат;
4) өтүнмө берүүчүдөн келип түшкөн долбоорлорду алдын ала тандайт жана берилген документтердин толуктугунун текшерет;
5) ФКУнун финансылык талаптарына шайкештигин текшерүү үчүн ФКУ менен экономикалык долбоорлорду алдын ала макулдашат;
6) долбоордун аткаруучусу тарабынан келишимдин шарттары же долбоорду ишке ашыруу жол-жоболору бузулган учурда каржылоону токтотот;
7) Байкоочу кеңештин чечими боюнча Фонддун Дирекциясы андан ары мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүп берүү менен социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлор боюнча товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана жумуштарды сатып алат;
8) бюджеттик чөйрөдөгү ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте Фонддун акчалай каражаттарынын кыймылы боюнча эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзөт;
9) дирекциянын функцияларын жүзөгө ашыруу, долбоорлорго мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн адистерди, консультанттарды жалдайт;
10) долбоорлорду ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын, курулуш ченемдерин, эрежелерин жана ушул Типтүү жобону жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана подрядчылар тарабынан сактоо боюнча аракеттерди координациялайт;
11) Фонддун операциялык чыгымдарына бөлүнгөн акча каражаттарынын алкагында Фонддун чыгашалар сметасын иштеп чыгат жана Фонддун Байкоочу кеңешинин кароосуна жана бекитүүсүнө берет;
12) Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналыштарын уюштуруу боюнча ишти жүргүзөт;
13) аудит үчүн маалыматтарды даярдайт;
14) Фонддун Байкоочу кеңеши жактырган долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылат.
43. Фонддун аткаруучу директорунун функциялары жана ыйгарым укуктары:
1) Фонддун дирекциясынын ишин жетектейт;
2) Фонддун атынан долбоорлорду тандоо боюнча конкурстун жеңүүчүлөрү менен эки тараптуу келишимдерге кол коёт;
3) конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча ФКУ менен финансылык макулдашууга кол коёт;
4) долбоорлорду каржылоодо төлөм документтерине кол коёт;
5) Фонддун дирекциясынын штаттык расписаниесин түзөт жана аны Фонддун Байкоочу кеңешине бекитүүгө берет;
6) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык кызматкерлерди тандоону уюштурат;
7) Фонддун дирекциясынын кызматкерлери менен эмгек келишимдерине кол коет;
8) эмгек келишимдеринин, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын жоболорунун жана Фонддун дирекциясынын чыгашалар сметасынын мүмкүнчүлүктөрүнүн алкагында Фонддун дирекциясынын кызматкерлерин сыйлоо чаралары жөнүндө чечим кабыл алат;
9) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдерине ылайык кызматкердин тартип бузуусу, башкача айтканда ага жүктөлгөн эмгек милдеттенмелерин өзүнүн күнөөсү боюнча аткарбоосу же талаптагыдай аткарбоосу үчүн тартиптик жаза жөнүндө чечим кабыл алат.
44. Фонддун дирекциясы Фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө маалыматтарды расмий басылмаларга квартал сайын жарыялап турат, ошондой эле бул маалыматты жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын веб-сайтына жана/же Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын сайтына жайгаштырат.
45. Фонддун аткаруучу директору Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык Фонддун акчалай каражаттарынын сакталышы, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
46. Квартал сайын жана ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча Фонддун дирекциясы отчеттук жылда Фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчетту жана долбоорлорду ишке ашыруу боюнча отчетту даярдайт жана аны Фонддун Байкоочу кеңешинин, уюмдаштыруучунун, мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна берет.
47. Ар бир жылдын башында Фонддун дирекциясы тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар берген контролдук көрсөткүчтөрдүн негизинде Фондго акча каражаттарынын келип түшүүсүнүн болжолун даярдайт жана Фонддун Байкоочу кеңешинин кароосуна киргизет.
5-глава. Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду берүүнүн тартиби
1-§. Долбоордук өтүнмөнү берүүнүн тартиби
48. Долбоордук өтүнмөлөрдү кабыл алуу, ошондой эле келерки жылга долбоорлорду тандоо өткөрүүнүн шарттары жөнүндө маалымат учурдагы жылдын 1-июлунан кеч эмес жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-ресурстарда жарыяланат, маалыматтык такталарда жайгаштырылат.
49. Өтүнмөлөр өтүнмө берүүчүгө каттоо жөнүндө ырастоону берүү менен Фонддун дирекциясы тарабынан катталат.
50. Өтүнмө берүүчү ушул Типтүү жобонун талаптарына жооп берген долбоордук өтүнмөнү Фонддун кароосуна берет.
51. Фонддун кароосуна берилген жана муниципалдык менчик объектине тиешеси бар долбоордук өтүнмө жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет. Мамлекеттик менчиктеги объектке карата долбоордук өтүнмө тийиштүү мамлекеттик органдын чечими менен бекитилет.
52. Өтүнмө берүүчү долбоорго өтүнмөнү ушул Типтүү жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча тариздейт.
53. Келерки жылга долбоордук өтүнмөлөрдү кабыл алуунун чектелген мөөнөтү учурдагы жылдын 30-ноябрынан кечиктирилбестен белгиленет.
54. Фонддун дирекциясы келип түшкөн долбоордук өтүнмөлөргө өтүнмөнү толтуруунун толуктугу, техникалык документтердин болушу жана анын курулуш жана башка ченемдер менен эрежелерге (уруксат берүүчү документтер, техникалык спецификациялар, долбоордук-сметалык документациялар) шайкештиги предметине талдоо жүргүзөт.
Фонддун дирекциясы ФКУ талаптарына шайкеш келүү предметине ФКУ менен экономикалык долбоорлорду алдын ала макулдашат.
55. Фонддун дирекциясы өтүнмө берүүчүдөн маалыматты тактоого же кошумча документтерди суроого укуктуу.
56. Фонддун дирекциясы ар бир түшкөн өтүнмөгө өз корутундусун тиркейт, анда өтүнмөнүн жана анын тиркемелеринин ушул Типтүү жобонун талаптарына, ошондой эле курулуш жана башка ченемдерге жана эрежелерге шайкештиги көрсөтүлөт.
Экономикалык долбоорлор боюнча ФКУ корутундусун кошумча тиркейт.
57. Фонддун Байкоочу кеңеши өтүнмөлөрдү кабыл алып бүткөн күндөн тартып отуз күндөн кечиктирбестен долбоорлорду тандоо жана бекитүү боюнча жыйналыш өткөрөт.
58. Фонддун дирекциясы Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышы башталганга чейин беш күндөн кечиктирбестен алдын-ала изилдөө үчүн Фонддун Байкоочу кеңешинин бардык мүчөлөрүнө долбоорлор боюнча корутундуларды тиркөө менен долбоордук өтүнмөлөрдүн көчүрмөлөрүн жиберет.
59. Долбоорлорду тандоо Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү тарабынан өзүнүн жыйналышында критерийлер боюнча коюлган баллды саноонун негизинде ишке ашырылат.
60. Долбоорлор социалдык жана инфратүзүмдүк, экономикалык долбоорлор болуп классификацияланат. Долбоорлордун ар бир тобу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган өзүнчө критерийлер колдонулат.
61. Жеке менчик жер участогунун чектеринде мамлекеттик жана муниципалдык менчик объекттерин курууну, реконструкциялоону каржылоого жол берилбейт.
62. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү койгон балл боюнча рейтингдин негизинде Фонддун Байкоочу кеңешинин катчысы долбоорлордун тизмегин түзөт, алардын бюджети суммасын алып караганда пландаган жылга Фонддун бекитилген бюджетине дал келиши керек. Мындан тышкары, рейтингге кошумча резервдик долбоорлор камтылат, алардын бюджетинин суммасы Фонддун пландаган жылга бюджетинин 20%ынан ашпайт.
63. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлордун тизмегин бекитүү жөнүндө чечим кабыл алат, ал протокол түрүндө таризделет.
64. Фонддун Байкоочу кеңешинин долбоорлорду тандоо боюнча чечими мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле Фонддун уюмдаштыруучусуна жөнөтүлөт.
Экономикалык долбоорлорду каржылоо боюнча Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими мындан ары каржылоо үчүн ФКУга жөнөтүлөт.
65. Долбоорлордун рейтингин жана өтүнмө берилген долбоорлордун тизмегин өзгөртүү үчүн өзгөчө негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- долбоорлорду тандоо жол-жоболорун бузуунун ырасталган фактыларынын болушу;
- Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан тандоонун башка катышуучуларынын канааттандырылган дооматынын болушу.
66. Долбоорлордун бекитилген тизмегине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу чечим жыйналышка катышкан Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн 2/3 добушу менен кабыл алынат.
67. Тандоонун жыйынтыгы боюнча Фонддун аткаруучу директору тийиштүү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана ишкердик субъекттин атынан долбоордун аткаруучусу менен Фонддун каражаттарынын эсебинен долбоорду каржылоо тууралуу келишимге кол коет.
Эгерде долбоордун аткаруучусу болуп Фонддун Дирекциясы саналса, долбоорду ишке ашыруу мөөнөттөрү жана алардын балансына өткөрүп берүү боюнча тиешелүү мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишим түзүлөт.
2-§. Экономикалык долбоорлорду ФКУ аркылуу каржылоо тартиби
68. Экономикалык долбоорлорго кредит берүү үчүн.
Артыкчылыктуу багыттар:
1) инновациялык технологияларга негизделген өнөр жай өндүрүшүнүн бардык түрлөрү;
2) жеңил жана тамак-аш өнөр жайы;
3) электр энергетика;
4) айыл чарба продукциясын кайра иштеп чыгуу;
5) жыйноочу өндүрүштөр;
6) ар кандай экспортко багытталган өндүрүш.
Экономикалык долбоорлорго кредит берүү төмөнкүдөй критерийлерге ылайык ишке ашырылат:
1) жумушчу орундарын түзүү;
2) жергиликтүү сырьёну пайдалануу;
3) экспорттук потенциалды жогорулатуу жана импортту алмаштырууну камсыз кылуу.
69. Фонд:
1) ФКУ менен түзүлгөн финансылык макулдашуунун негизинде ишкердик субъекттерге кредит берүү үчүн каражаттарды бөлүп берет;
2) ишкердик субъекттерге кредит берүүдөн пайыздык кирешени финансылык макулдашууга ылайык ФКУдагы Фонддун эсебинде топтойт;
3) негизги карыздын кайтарып берилген суммасын жана пайыздык кирешени финансылык макулдашууга ылайык ишкердик субъекттерге кайра каржылоого жиберет.
70. ФКУ тарабынан финансылык макулдашуунун шарттары бузулса, Фонд макулдашууну колдонуу мөөнөтүн токтотуп турат жана Байкоочу кеңештин кароосуна киргизет.
71. ФКУ:
1) финансылык макулдашуунун негизинде ишкердик субъекттерге кредит берет;
2) финансылык макулдашууга ылайык пайдаланылбаган каражаттарды ФКУдагы Фонддун эсебине кайтарып берет;
3) зайымдык каражаттардын кайтарып берилүүсү, камсыздалышы, төлөнүшү жана мөөнөттүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартат;
4) кварталдык негизде Фондго каражаттарды пайдалануу боюнча отчёт берет.
72. Фонддун финансылык шарттары:
1) экономикалык долбоорлор үчүн:
- мөөнөтү 5 жылга чейинки инвестициялык иш үчүн - жылдык 2% кем эмес пайыздык ставка менен;
- мөөнөтү 3 жылга чейинки жүгүртүү капиталы үчүн - жылдык 2% кем эмес пайыздык ставка менен;
2) алыскы, жетүүгө кыйын, бийик тоолуу жана чек ара аймактарында ишке ашырылуучу экономикалык долбоорлор үчүн:
- мөөнөтү 7 жылга чейинки инвестициялык иш үчүн - жылдык 1,5% кем эмес пайыздык ставка менен;
- мөөнөтү 5 жылга чейинки жүгүртүү капиталы үчүн - жылдык 1,5% кем эмес пайыздык ставка менен;
- жеңилдетилген мезгил жана карыздарды жабуу мезгили ФКУ кредиттик долбоорлорду каржылоо шарттарына шайкеш белгиленет;
3) региондук (Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо) экономикалык долбоорлорго аяккы кредит берүү төмөнкүдөй шартта жүргүзүлөт:
- мөөнөтү 5 жылга чейинки инвестициялык иш үчүн - пайыздык ставкасы жылдык 6% менен;
- мөөнөтү 3 жылга чейинки жүгүртүү капиталы үчүн - пайыздык ставкасы жылдык 6% менен;
4) кредит берүүнүн көлөмү каржылоонун жалпы көлөмүнүн 30 пайыздан кем эмес болгон, алыскы, жетүүгө кыйын, бийик тоолуу жана чек ара аймактарында ишке ашырылуучу долбоорлор үчүн:
- мөөнөтү 7 жылга чейинки инвестициялык иш үчүн - жылдык 5,5% пайыздык ставка менен;
- мөөнөтү 5 жылга чейинки жүгүртүү капиталы үчүн - жылдык 5,5% пайыздык ставка менен;
5) жактырылган долбоорго финансылык каражаттар долбоорду аткаруучунун өтүнмөсүнүн негизинде транш менен кредит берүү келишимине ылайык бөлүнүп берилет.
3-§. Долбоордун аткаруучусунун милдеттери
73. Долбоордун аткаруучусу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) долбоордун аткаруучусу менен Фонддун ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык долбоорду ишке ашырууну камсыздоого;
2) жергиликтүү коомдоштукту долбоорду ишке ашырууга катышуу үчүн мобилизациялоону камсыздоого;
3) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык долбоор боюнча товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
4) зарылдыкка жараша жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан долбоордун аткарылышы үчүн техникалык көзөмөлдү камсыздоого;
5) мониторингдин жыйынтыктарынын негизинде долбоорду ишке ашыруунун бардык этаптарында долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу калкты маалымдоого.
74. Квартал сайын жана долбоор боюнча иштердин аякташынын жыйынтыгы боюнча долбоордун аткаруучусу Фондго белгиленген форма боюнча финансылык отчетту жана долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу отчетту берет.
Эгерде долбоордун аткаруучусу болуп Фонддун Дирекциясы саналса, квартал сайын жана долбоор боюнча иштердин аякташынын жыйынтыктары боюнча долбоордун аткаруучусу мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча мамлекеттик органга жана экономика маселелери боюнча мамлекеттик органга финансылык отчетту жана белгиленген форма боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу отчетту берет.
6-глава. Фонддун финансы каражаттарын түзүүнүн жана сарптоонун тартиби
1-§. Фонддун финансы каражаттарын түзүүнүн тартиби
75. Фонддордун финансы каражаттары төмөнкүдөй түзүлөт:
1) бюджеттик эсептер боюнча:
- Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине ылайык региондорду өнүктүрүү фонддору боюнча бөлүштүрүлгөн, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана кармоого чегерүүлөрдүн суммасын республикалык бюджеттин кирешесине эсептелген чегерүүлөрдүн суммаларынын эсебинен;
- мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен Тартипке ылайык республикалык бюджеттен бөлүнүп берилүүчү каражаттардын эсебинен;
2) атайын эсептер боюнча:
- ыктыярдуу демөөрчүлүк жардамдын эсебинен.
76. Өнүктүрүү фонддорунун салыктык эмес кирешелери боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берет.
2-§. Долбоорлорду ишке ашырууга Фонддун акча каражаттарын сарптоонун тартиби
77. Учурдагы жылга каржылоонун тийиштүү болжолдуу көлөмү менен долбоорлордун бекитилген тизмеги учурдагы жылдын 1-февралынан кечиктирбестен экономика маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилиши керек.
78. Мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Фонддун жылдык бюджетин бекитет, Фонддун өткөн жылдагы бюджетинин өтмө калдыктарын учурдагы жылдын бюджетине киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесин кабыл алууну камсыздайт.
79. Өзүнүн эсептеринде финансы каражаттары болгон учурда Фонд учурдагы айдын 5ине чейинки мөөнөттө каржылоону ачууга өтүнмөнү мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт. Эгерде өтүнмө учурдагы айдын 5инен кийин берилсе, анда каржылоого өтүнмөнү кароо кийинки айда жүргүзүлөт.
80. Фонддун кассалык чыгашалары, чыгашалардын сметасы 3111 "Имараттар жана курулмалар" беренеси боюнча түзүлөт, калыптанат жана каржыланат жана жөнөкөйлөтүлгөн казыналык жол-жоболор боюнча Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясында (2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет) белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
81. Бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсү болуп саналган Фонд тандап алынган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча акча-төлөм операцияларын аткаруу менен чыгымдарды бөлүнгөн каражаттардын чегинде жүргүзөт.
82. Тийиштүү жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген каражаттардын көлөмүнөн каражат түшүүлөр ашып кеткен учурда сметалык багыттарды тактоо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
83. Фонддун акчалай каражаттарын жүгүртүү жөнүндө отчеттор жана аларды эсепке алуу Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
84. Социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлорду каржылоо Фонддун аткаруучу директорунун атынан Фонд жана мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчисинин атынан долбоордун аткаруучусунун ортосунда кол коюлган эки тараптуу келишимдин негизинде ишке ашырылат.
Экономикалык долбоорлорду каржылоо Фонд, ФКУ жана ишкердик субъект тарабынан кол коюлган үч тараптуу келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
Эки жана үч тараптуу келишимдин типтүү формасын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет.
85. Долбоорлор боюнча төлөмдөргө мониторинг жүргүзүү жана контролдоо Фонд тарабынан ишке ашырылат. Фонд белгиленген тартипте төмөнкүдөй отчетторду берет:
1) сметанын аткарылышы жөнүндө мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
2) белгиленген тартипте долбоорлордун ишке ашырылышы жөнүндө экономика маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
86. Фонд тарабынан долбоорлорду каржылоо долбоорду ишке ашыруунун графиги боюнча аткарылган иштердин актысынын жана долбоордун аткаруучусу берген долбоорду каржылоонун планы боюнча аткарылган транштын актысынын негизинде ишке ашырылат.
87. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана кармоого чегерүүлөрдүн суммаларынын эсебинен түзүлгөн Фонддун отчеттук жылдын аягында өздөштүрүлбөй калган бюджеттик каражаттарынын калдыктары белгиленген тартипте республикалык бюджетке кайтарылат жана тийиштүү Фонддун каражаты катары кийинки отчеттук жылда бекитилет.
Учурдагы жылы Фонддун республикалык бюджеттен алып, өздөштүрүлбөй калган каражаттары пландалган жылга өтпөй турган каражаттар болуп саналат.
7-глава. Фонддун ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо
88. Фонддун ишинин натыйжалуулугуна мониторинг төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлөт:
1) Фонддун ишинин ушул Типтүү жободо жана Фонддун Уставында аныкталган эрежелерге жана жол-жоболорго шайкештиги;
2) каражаттарды максаттуу пайдаланууну сактоо жана анын бекитилген пландарга шайкештиги;
3) долбоорлорду жана кредит берүү программаларын аткаруунун натыйжалуулугун баалоо;
4) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо.
89. Фонддун дирекциясы мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун методикасын иштеп чыгат, ал Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен бекитилет.
90. Фонддун дирекциясынын сунуштоосу боюнча Фонддун Байкоочу кеңеши Фонддун мониторингдик тобунун курамын бекитет. Мониторингдик топтун курамына Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү кириши мүмкүн.
91. Мониторингдик топтун мүчөлөрү Фонддун документтерине жана маалыматтарына эркин жетүү укугуна ээ.
92. Мониторингдин жыйынтыктары отчет түрүндө таризделет, анда мониторингдин жыйынтыктары жана четтөөлөрдү жоюу боюнча сунуштар чагылдырылат.
93. Мониторингдик топтун отчету Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналыштарында жылына 2 жолудан кем эмес угулат.
94. Мониторингдин жана баалоонун жыйынтыктары боюнча Фонддун отчету ар жылдык негизде мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлөт.
8-глава. Өзгөчө шарттар
95. Фонддун дирекциясынын ишин камсыз кылуу, материалдык-техникалык камсыздоо, кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө үчүн операциялык чыгымдарга каражаттарды төмөнкүдөй тартипте бөлүп берүү каралат:
- 10000000 (он миллион) сомдон 20000000 (жыйырма миллион) сомго чейинки чегерүүлөр үчүн - Фондго түшкөн акча каражаттарынын жалпы көлөмүнөн 5% чейин;
- 20000000 (жыйырма миллион) сомдон 40000000 (кырк миллион) сомго чейинки чегерүүлөр үчүн - Фондго түшкөн акча каражаттарынын жалпы көлөмүнөн 4% чейин;
- 40000000 (кырк миллион) сомдон 60000000 (алтымыш миллион) сомго чейинки чегерүүлөр үчүн - Фондго түшкөн акча каражаттарынын жалпы көлөмүнөн 3% чейин;
- 60000000 (алтымыш миллион) сомдон 80000000 (сексен миллион) сомго чейинки чегерүүлөр үчүн - Фондго түшкөн акча каражаттарынын жалпы көлөмүнөн 2,5% чейин;
- 80000000 (сексен миллион) сомдон 100000000 (жүз миллион) сомго чейинки чегерүүлөр үчүн - Фондго түшкөн акча каражаттарынын жалпы көлөмүнөн 2,3% чейин;
- 100000000 (жүз миллион) сомдон 150000000 (жүз элүү миллион) сомго чейинки чегерүүлөр үчүн - Фондго түшкөн акча каражаттарынын жалпы көлөмүнөн 2% чейин;
- 150000000 (жүз элүү миллион) сомдон 200000000 (эки жүз миллион) сомго чейинки чегерүүлөр үчүн - Фондго түшкөн акча каражаттарынын жалпы көлөмүнөн 1,8% чейин;
- 200000000 (эки жүз миллион) сомдон ашык чегерүүлөр үчүн - Фондго түшкөн акча каражаттарынын жалпы көлөмүнөн 1,5% чейин.
9-глава. Кызыкчылыктардын кагылышы
96. Эгерде Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү, Фонддун дирекциясы Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоонун алкагында каралып жаткан кайсы бир долбоорго жеке кызыкчылыгы бар болсо, алар тиешелүү маселени талкуулоого, каралып жаткан учурда жана ал боюнча чечим кабыл алууда добуш берүүгө катышпашы керек.
|
| Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобого 1-тиркеме |
Региондорду өнүктүрүү фонддорунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү
№ | Кызматтардын аталышы | Базалык кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом менен) |
1 | Фонддун аткаруучу директору | 23000 |
2 | Фонддун адиси | 20000 |
3 | Фонддун бухгалтери | 16000 |
4 | Айдоочу | 14000 |
Эскертүү:
Эгерде Региондорду өнүктүрүү фондунун (мындан ары - Фонд) жылдык болжолдонгон бюджети 50000000 (элүү миллион) сомдон ашык болсо, анда Фонд бир адистин жана бир айдоочунун (автотранспорт бар болсо) кызмат ордун белгилөөгө укуктуу, ал эми бюджет 120000000 (жүз жыйырма миллион) сомдон жогору болсо - экинчи адисти белгилөөгө мүмкүнчүлүгү болот.
1. Кызматтык маяналар базалык кызматтык маяналарды коэффициенттерге көбөйтүү жолу менен белгиленет.
Базалык кызматтык маянага төмөнкүдөй коэффициенттер колдонулат:
- 1,2 чейин - Фонддун болжолдонгон жылдык бюджети 50000000 (элүү миллион) сомго чейин болсо.
- 1,3 чейин - Фонддун болжолдонгон жылдык бюджети 50000000 (элүү миллион) сомдон 100000000 (жүз миллион) сомго чейин болсо;
- 1,4 чейин - Фонддун болжолдонгон жылдык бюджети 100000000 (жүз миллион) сомдон 150000000 (жүз элүү миллион) сомго чейин болсо;
- 1,5 чейин - Фонддун болжолдонгон жылдык бюджети 150000000 (жүз элүү миллион) сомдон ашык болгондо;
1) Региондорду өнүктүрүү фондунун кызматкерлери эмгек өргүүгө чыкканда, аларга эки айлык эмгек акысынын өлчөмүндө ден соолугун чыңдоого жөлөкпул төлөнөт;
2) кызматтык маяналарга карата коэффициенттердин өлчөмү Региондорду өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин чечими менен белгиленет.
№ 1 таблица
Райондордун кирешелеринин көлөмү (ири кендерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү кармоого чегерүүлөр 10000000 (он миллион) сомдон аз) | Райондорду өнүктүрүү фонддоруна республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттардын суммасы | Райондук маанидеги шаарлар бар райондорду өнүктүрүү фонддоруна республикалык бюджеттен берилүүчү кошумча каражаттар |
Райондор боюнча кирешелердин орточо деңгээлинен төмөн | 30000000 (отуз миллион) сом | 5400000 (беш миллион төрт жүз миң) сом |
Райондор боюнча кирешелердин орточодон жогорку деңгээлине чейин | 20000000 (жыйырма миллион) сом | 5400000 (беш миллион төрт жүз миң) сом |
Райондор боюнча кирешелердин жогорку деңгээлинен жогору | 15000000 (он беш миллион) сом | 5400000 (беш миллион төрт жүз миң) сом |
4. Региондорду өнүктүрүү фонддоруна республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттардын көлөмү республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен бекитилет.
5. Бюджеттер аралык мамилелер башкармалыгы республикалык бюджеттен региондорду өнүктүрүү фонддоруна каражаттарды өтүнмөлөргө ылайык транштар менен каржылайт.
6. Региондорду өнүктүрүү фонду бекитилген чыгашалар сметасына ылайык региондорду өнүктүрүү фонддоруна республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен чыгымдарды өз убагында жана толук каржылайт.
7. Республикалык бюджеттен региондорду өнүктүрүү фонддоруна түшкөн каражаттардын калдыктары учурдагы жыл аяктагандан кийин республикалык бюджетке кайтарылат.".
|
| 2-тиркеме |
|
|
Региондорду өнүктүрүү фонддоруна республикалык бюджеттен каражаттарды бөлүштүрүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Региондорду өнүктүрүү фонддоруна республикалык бюджеттен каражаттарды бөлүштүрүү ушул тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесине, Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобого ылайык иштелип чыкты жана региондорду өнүктүрүү фонддоруна республикалык бюджеттен каражаттарды бөлүү тууралуу чечим кабыл алынганда иш-аракеттердин ырааттуулугун аныктайт.
2. Региондорду өнүктүрүү фонддоруна республикалык бюджеттен каражаттардын көлөмү жана багыты ар жылдык негизде, республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде бекитилет.
2-глава. Республикалык бюджеттен региондорду өнүктүрүү фонддоруна каражаттарды бөлүштүрүү
3. Республикалык бюджеттен каражаттар эки топ боюнча бөлүштүрүлөт:
1) Облустарды өнүктүрүү фонддору боюнча - бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган) тарабынан белгиленген ушул топ боюнча республикалык бюджеттеги каражаттардын көлөмүнөн тең үлүш менен, ири кендерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү кармоого чегерүүлөр түшкөн облустарды кошпогондо;
2) Райондорду өнүктүрүү фонддору боюнча - ар бир район боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул топ боюнча республикалык бюджетте белгиленген каражаттардын көлөмүнөн кирешелердин көлөмүнө жараша каражаттар бөлүштүрүлөт (активдерди, милдеттенмелерди жана атайын каражаттарды эсепке албаганда), буга № 1 таблицага ылайык ири кендерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү кармоого чегерүүлөр (10000000 (он миллион) сомдон ашык) түшкөн райондор кирбейт.
|
|
Экономикалык долбоорлор боюнча кредиттик линияны финансы-техникалык тейлөөгө укуктарды өткөрүп берүү боюнча Регионду өнүктүрүү фондунун, финансы-кредиттик уюмдун жана ишкердик субъекттин ортосундагы ТИПТҮҮ МАКУЛДАШУУ
Чогуу алганда мындан ары "Тараптар" деп аталуучу, бир тарабынан мындан ары "Фонд" деп аталуучу Регионду өнүктүрүү фондунун атынан (аты-жөнү) экинчи тарабынан мындан ары "ФКУ" деп аталуучу финансы-кредиттик уюм (аталышы) жана үчүнчү тарабынан мындан ары "ишкердик субъект" деп аталуучу ишкердик субъект (аталышы) төмөнкүлөр жөнүндө ушул Макулдашууну түзүштү:
1. Макулдашуунун предмети
1. Региондорду өнүктүрүү фонддорунун иш тартиби жөнүндө типтүү жобого ылайык Фонд экономикалык долбоорлорду андан ары каржылоо үчүн Фонддун бюджеттик эсебине түшкөн каражаттардын алтымыш пайыз өлчөмүндөгү финансы каражаттарын ФКУга бөлүп берет.
2. ФКУ экономикалык долбоорлорду каржылоо төмөнкүдөй шарттарды сактоо менен ички ченемдик актыларга ылайык жүргүзөт:
1) 5 жылга чейинки мөөнөт менен инвестициялык иш үчүн - жылына 6%дык ставка менен, бир зайымчыга кредит берүүнүн максималдуу көлөмү 30000000 (отуз миллион) сомдон ашпоого тийиш;
2) 3 жылга чейинки мөөнөт менен жүгүртүү капиталы үчүн - жылына 6%дык ставка менен, бир зайымчыга кредит берүүнүн максималдуу көлөмү 5000000 (беш миллион) сомдон ашпоого тийиш;
3) алыскы, барууга кыйын, бийик тоолуу жана чек ара аймактарында ишке ашырылуучу долбоорлор үчүн кредит берүүнүн көлөмү каржылоонун жалпы көлөмүнүн 30%нан кем болбошу керек:
- 7 жылга чейинки мөөнөт менен инвестициялык иш үчүн - жылына 5,5%дык ставка менен, бир зайымчыга кредит берүүнүн максималдуу көлөмү 30000000 (отуз миллион) сомдон ашпоого тийиш;
- 5 жылга чейинки мөөнөт менен жүгүртүү капиталы үчүн - жылына 5,5%дык ставка менен, бир зайымчыга кредит берүүнүн максималдуу көлөмү 5000000 (беш миллион) сомдон ашпоого тийиш.
Мында Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарында, өзгөчө статусу бар, татаал, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда, бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы аймактарында жашагандар үчүн долбоорлорду тандоодо кошумча артыкчылыктуу фактор болуп саналат.
3. Ишкердик субъекттерге кредит берүүгө арналган 30% өлчөмүндөгү бул каражаттар ФКУга төлөм, кайтарымдуулук жана мөөнөттүүлүк принциптеринде берилет.
4. Ушул Макулдашуу боюнча бардык төлөмдөр ФКУ тарабынан Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында (сомдо) жүргүзүлөт жана карызды жоюунун эсебине төлөөгө тийиш болгон сумма Фонддун алыш-бериш эсебине иш жүзүндө келип түшкөн күнгө карата карызды төлөө катары эсептелет.
5. Финансылык каражаттар бизнес-долбоорду жактыруу жөнүндө тастыктоочу документтерди тиркөө менен ишкердик субъекттин өтүнмөсүнүн негизинде транштар менен бөлүнөт, ар бир транш үчүн жогоруда көрсөтүлгөн шарттарда ушул Макулдашууга кошумча макулдашуу түзүлөт жана "Төлөм графиги" түзүлөт.
2. Фонддун милдеттенмелери
6. Кредит берүүнүн конкреттүү шарттарын көрсөтүү менен экономикалык долбоорду жактыруу жөнүндө тастыктоочу документтерди тиркөө менен ФКУга алардын өтүнмөсү боюнча каржылоону бөлүп берүү.
7. Фонд каражаттарды ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн шарттарга ылайык көлөмдө жана өз убагында которууга милдеттенет.
3. ФКУнун милдеттенмелери
8. ФКУ региондук бизнес-долбоорлорду (Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо) төмөнкү багыттарга жана шарттарга ылайык келсе, каржылоого милдеттенет:
1) инновациялык технологияларга негизделген өнөр жай өндүрүшүнүн бардык түрлөрү;
2) жеңил жана тамак-аш өнөр жайы;
3) электр энергетика;
4) айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү;
5) куроочу өндүрүш;
6) ар кандай экспортко багытталган өндүрүш;
7) жумушчу орундарын түзүү;
8) жергиликтүү сырьену колдонуу;
9) экспорттук потенциалды жогорулатуу жана импорттун ордун алмаштырууну камсыздоо.
9. ФКУ ушул Макулдашуунун негизинде төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
1) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечиминин негизинде ишкердик субъекттерге кредит берет;
2) негизги карызды жана пайыздык төлөмдөрдү Фонддун эсебине кайтарат;
3) экономикалык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт.
10. ФКУ карыз алынган каражаттардын кайтарылышы, камсыздалышы, төлөнүшү жана мөөнөтү үчүн жоопкерчилик тарат.
11. ФКУ квартал сайын Фондго каражаттардын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө отчёт берет.
12. Төлөм графигинде каралган төлөмдү жабуу үчүн ФКУ тарабынан которулган каражаттар жетишсиз болгон учурда, ушул Макулдашуу боюнча ФКУ тарабынан жүргүзүлгөн төлөмдөр биринчи кезекте негизги сумманы, андан кийин пайыздарды, ал эми соңунда айыптарды төлөөгө чегерилет.
13. Эгерде төлөм датасы иш күнү эмес же Кыргыз Республикасында майрам күнүнө туура келсе, мындай төлөм мурунку банк күнүндө жүргүзүлүүгө тийиш.
14. ФКУ тарабынан ушул Макулдашуунун талаптары бузулган учурда Фонд мыйзамдарда каралган тартипке ылайык ушул Макулдашуу боюнча карыздын толук суммасын, анын ичинде негизги карыздын суммасын жана башка тиешелүү төлөмдөрдү мөөнөтүнөн мурда жабууну талап кылууга укуктуу.
15. Финансылык каражаттарды пайдалануунун бүткүл мезгилинин ичинде ФКУ Фонддун биринчи суроо-талабы боюнча керектүү документтерди, ошондой эле ФКУнун региондук экономикалык долбоорлордун алкагында жүзөгө ашырылып жаткан финансы-чарбалык ишине таандык маалыматтарды берүүгө милдеттенет.
4. Талаш-тартыштарды чечүү
16. Бул Макулдашуудан келип чыккан же ага байланыштуу Тараптардын ортосундагы кандай болбосун талаш-тартыштар, карама-каршылыктар жана өз ара дооматтар сүйлөшүүлөр же доомат жөнөтүү жолу менен чечилет.
17. Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен чечилиши мүмкүн болбогон ар кандай талаш-тартыштар, карама-каршылыктар жана өз ара дооматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилүүгө тийиш.
18. Форс-мажордук жагдайлар (ал жеткис күчтөн таасири) болгон учурда ФКУ ушул Макулдашуу боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарууну форс-мажордук жагдайдын мөөнөтүнө токтотот. Форс-мажордук жагдайлардын келип чыгышынын фактысы Тараптардын ортосундагы акт же башка тиешелүү документ менен таризделет. Форс-мажордук жагдайлар токтотулгандан кийин ФКУ Фонддун алдындагы өз милдеттенмелерин толук жана мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө аткарууга милдеттенет.
5. Жалпы жоболор
19. Бул Макулдашуу ага Тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана ушул Макулдашуу боюнча ФКУ тарабынан карыз толук төлөгөнгө жана бардык милдеттенмелер толук аткарганга чейин күчүндө болот.
20. Финансылык каражаттардын транштарын берүүнү жол-жоболоштурган кошумча макулдашуулар, ошондой эле ушул Макулдашууга башка өзгөртүүлөр жана толуктоолор Тараптар кол койгондон кийин юридикалык күчкө ээ болот жана ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
21. Бул Келишимге бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор, алар жазуу жүзүндө түзүлгөн жана Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан кол коюлган учурда гана жарактуу болот.
22. Ушул Макулдашуунун шарттарын толугу менен же жарым-жартылай аткаруудан бир тараптуу баш тартууга жол берилбейт.
23. Ушул Макулдашуу бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч нускада түзүлөт, ар бир тарап үчүн бирден нуска берилет.
6. Тараптардын реквизиттери жана юридикалык дареги
24. Тараптардын реквизиттери жана юридикалык даректери:
Фонд: |
| ФКУ: |
_________________________________ _________________________________ _________________________________ |
| _________________________________ _________________________________ _________________________________ |
25. Тараптардын реквизиттери жана юридикалык даректери:
Ишкердик субъект: |
|
|
_________________________________ _________________________________ _________________________________ |
|
|
26. Кол коюлган күнү жана жери, ар бир Тараптан кол коюучу адамдардын аты-жөнү, Тараптардын мөөрлөрү.".