Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги онунчу сессиясы
2022-жылдын 5-июлу № 10-11
М. Бостонбаев жана Эшов атындагы орто мектебинин 1-4 класстын окучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4 класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндөгү 2020-жылдын 22- сентябрындагы №500 сандуу токтомун ишке ашыруу максатында.
Токтом кылат
1. М. Бостонбаев жана Эшов атындагы орто мектебинин 1-4 класстын окучуларынын тамактануусуна шарт түзүү үчүн мектептин ашканаларын капиталдык ремонттон өткөрүүгө 2022-жылдын бюджетинин билим берүү тармагынын 3111 беренесине 932000 (тогуз жүз отуз эки мин) сом акча каражаты №1 тиркемеге ылайык каралып макулдук берилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен белгиленген суммада акча каражатын өз мөөнөтүндө ажыратып камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эшматовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Тешебаевага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин “Бюджет экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы | З.Жороев |
Төөлөс айылдык кенешинин VII чакырылышынын
Кезектеги онунчу сессиясынын № 10-8 токтомуна
№ 1- тиркеме
| № | Бөлүм | Берене | Жумшалган жумуштардын аталышы | Сумма (мин сом) | ||
| 1 | 70629-ЖКХ бөлүмүнүн | 3112 | Толман, Айтамга, Кунгөй, конушуна таза суу үчүн КТП сатып алууга | -180,0 | ||
| 2 | 70629-ЖКХ бөлүмүнүн | 3112 | Толман айылына электро мамычаларын алууга | -160,0 | ||
| 3 | 70921 билим берүүдөн | 3111 | Бостонбаев мектебин эшик терезелерин алмаштыруу үчүн өздүк салымга | -592 | ||
|
| Жалпы |
|
| -932,0 | ||
| № | Бөлүм | берене | Жумуштардын аталышы | Сумма (Мин сом ) | ||
| 1 | 70921- билим берүү тармагына | 31 11 | 1-4 класстардын тамактануусуна шарт түзүү үчүн | +932,0 | ||
Төөлөс айылдык кеңешинин жооптуу катчысы |
О.Калмурзаев |
| |||||