Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
2020-жылдын 13-марты № 177
Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин 30.01.2020-жылдагы №160 токтомунун 1-пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктун жана Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы М. Сарбагышевдин Республикада болуп жаткан санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2020-жылдын үчтүн айынын 1ине карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүндөгү 9106,1 миң сом өлчөмүндөгү калдык акча-каражаттарынын эсебинен, айылдарга соода сатык кылуу үчүн базарларды орнотууга каралган 1347,0 миң сом акча каражатынан, Республикабызда болуп жаткан эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, бюджеттин өзгөчө кырдаалдар чыгымына кошумча 350,0 миң сом өлчөмүндө акча-каражаты каралсын.
Караңыз:
Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин 2020-жылдын 30-январындагы № 160 “2020-жылдын үчтүн айынын 1ине карата Чоң-Сары-Ой айыл Аймагынын жергиликтүү бюджетинин калдык акча- каражаттары жөнүндө” токтому
2. Токтом массалык- маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Сарбагышевге жана ФЭБнун башчысы Ж.Учкемпировага милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Абдырахманов |