Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 221 токтомуна) |
Коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын бюджетин ченемдик каржылоо шартында түзүү жана аткаруу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын бюджетин ченемдик каржылоо шартында түзүү жана аткаруу тартиби коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын чыгымдарын республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылоо механизмин аныктайт.
2. Коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын чыгымдар боюнча сметасын түзүү, бекитүү жана аткаруу мөөнөттөрү боюнча жалпы жол-жоболор Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бекиткен форма боюнча аныкталат.
2-глава. Коомдук саламаттык сактоо уюмдарын бюджеттик каржылоонун көлөмүн түзүү
3. Коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын бюджети республикалык бюджеттин каражаттарынан түзүлөт:
- аймактык бөлүмдөр үчүн - мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл, мамлекеттик санитардык көзөмөл, лабораториялык изилдөөлөр жана зоологиялык-паразитологиялык иштер боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн бюджеттик каржылоо ченеминин негизинде (мындан ары - кызмат көрсөтүүлөрдү бюджеттик каржылоонун ченеми);
- ведомстволук уюмдар үчүн - Кыргыз Республикасынын калкынын киши башына карата жана саны боюнча ченеми.
4. Кызмат көрсөтүүлөрдүн бюджеттик каржылоо ченемдери жана киши башына карата ченемдер боюнча бюджеттери түзүлгөн коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын чыгымдары "саламаттык сактоо системасында бирдиктүү берене менен берилген чыгымдар" беренеси боюнча каржыланат.
3-глава. Республикалык бюджеттин каражаттарынан ченемдер боюнча бюджеттери түзүлгөн коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын муктаждыгын эсептөө
5. Аймактык бөлүмдөр отчеттук жылдан кийинки жылдын 10-январына чейинки мөөнөттө баш ийүү тартибине жараша Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине (мындан ары - Департамент) жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар боюнча республикалык борборуна (мындан ары - Республикалык борбор) мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл, мамлекеттик санитардык көзөмөл, лабораториялык изилдөөлөр жана зоологиялык-паразитологиялык иштер боюнча иш-чаралардын саны жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин буйругу менен бекитилген "Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (дезинфекциялык станция) борборунун иши тууралуу отчет" № 18 формасы боюнча мамлекеттик статистикалык отчетто беришет.
6. Департамент жана Республикалык борбор отчеттук мезгилде жүргүзүлгөн иш-чаралар, текшерүүлөр жана лабораториялык изилдөөлөрдүн санына жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бюджеттик каржылоо ченемдерине жараша тиешелүү аймактык бөлүмдөр боюнча республикалык бюджеттин каражаттарына болгон жыйынды муктаждыкты эсептейт.
7. Аймактык бөлүмдөрдүн аккредитацияланган лабораториялык уюмдары үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн бюджеттик каржылоо ченемдери жана иш-чаралар, текшерүүлөр жана лабораториялык изилдөөлөрдүн саны боюнча уюмдун муктаждыгын эсептөөдө лабораториялык изилдөөлөр боюнча ченемдерге 1,1 өлчөмүндө жогорулатуучу коэффициент колдонулат.
8. Облустун координатору милдетин аткаруучу аймактык бөлүмдөргө уюмдун кызмат көрсөтүүлөрдүн бюджеттик каржылоо ченемдери боюнча эсептелген муктаждыгына облустун калкынын санына жараша бир тургунга бир сом өлчөмүндө эсептелген чыгымдар кошулат.
9. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарына ведомстволук уюмдардын муктаждыгы киши башына каржылоо ченеми жана калктын саны боюнча эсептелет.
10. Коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын келерки жылга республикалык бюджеттин каражаттарына болгон муктаждыгы жөнүндө жыйынды маалыматтар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жалпы бюджетинин долбооруна киргизилет жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бюджеттик уюмдар үчүн белгиленген формада жана мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берилет.
4-глава. Коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин бюджеттик каражаттар жана атайын эсептин каражаттары боюнча чыгымдарынын сметасын түзүү жана бекитүү
11. Бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдар сметасын түзүү жана бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аймактык бөлүмдөрдү келерки жылга каржылоонун жалпы контролдук көрсөткүчтөрү жөнүндө Департаментти жана Республикалык борборду кабарлайт.
12. Департамент жана Республикалык борбор отчеттук мезгилде жүргүзүлгөн иш-чаралар, текшерүүлөр жана лабораториялык изилдөөлөрдүн санына жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бюджеттик каржылоо ченемдерине жараша өзүнүн аймактык бөлүмдөрүнүн ортосунда каржылоонун жалпы контролдук көрсөткүчтөрүн бөлүштүрөт.
13. Аймактык бөлүмдөр үчүн келерки жылга контролдук көрсөткүчтөр уюмдун муктаждыгын жабуунун бирдиктүү ченеми боюнча төмөнкү формулада аныкталат:
КПi = Пi x р,
бул жерде:
КПi - i-аймактык бөлүмү боюнча келерки жылга контролдук көрсөткүчтөр;
Пi - бюджеттик каржылоонун i-аймактык бөлүмү боюнча уюмдун республикалык бюджеттин каражаттарына муктаждыгы;
Р - аймактык бөлүмдөрдүн жалпы муктаждыгын жабуунун бирдиктүү ченеми.
14. Тиешелүү аймактык бөлүмдөрдүн муктаждыгын жабуунун ченеми бюджеттик камсыздуулукту этабы менен теңдөө саясатын эске алуу менен жана республикалык бюджеттин мүмкүндүктөрүнө жараша төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Р = БП,
мында:
Р - аймактык бөлүмдөрдүн бюджеттик каржылоого жалпы муктаждыгын жабуу ченеми;
Б - аймактык бөлүмдөрдүн республикалык бюджеттен келерки жылга чыгымдары боюнча жалпы контролдук көрсөткүчтөр;
П - аймактык бөлүмдөрдүн республикалык бюджеттин каражаттарына жалпы муктаждыгы.
15. Финансылык тобокелдиги бар аймактык бөлүмдөргө каржылоонун тартыштыгына карата пайыздарда бюджеттен тышкары дотациялар белгиленет. Финансылык тобокелдик деп аймактык бөлүмдөрдүн иш жүзүндөгү түзүлгөн чыгымдарына салыштырмалуу ченем боюнча эсептелген бюджеттин дефицити түшүнүлөт.
16. Дотациялар натыйжалуу аймактык бөлүмдөрдүн бюджетинин өсүшүнүн басаңдашынын бирдиктүү пайызынын эсебинен жалпы бюджеттик чыгымдардын чегинде төмөнкү формула боюнча бөлүнөт:
ЕПС = ДПБэф,
мында:
ЕПС - натыйжалуу аймактык бөлүмдөрдүн бюджетинин өсүшүнүн басаңдашынын бирдиктүү пайызы;
Д - бюджеттин чегинде дотациянын суммасы;
ПБэф - натыйжалуу аймактык бөлүмдөрдүн бюджетинин өсүшү.
17. Департамент жана Республикалык борбор пайдалануунун багыттарын көрсөтпөстөн, бюджеттик чыгымдар боюнча жалпы контролдук көрсөткүчтөрдү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгилеген формада жана мөөнөттө аймактык бөлүмдөргө жеткирет.
18. Аймактык бөлүмдөр экономикалык классификациялоонун беренелери боюнча чыгымдарды бөлүштүрүү планын тиркөө менен "саламаттык сактоо системасында бирдиктүү берене менен берилген чыгымдар" беренеси боюнча бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдардын сметасын түзөт.
19. Кварталдар боюнча бөлүштүрүлгөн план аймактык бөлүмдүн жетекчиси тарабынан бекитилет жана тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгилеген формада жана мөөнөттө макулдашуу үчүн Департаментке жана Республикалык борборго берилет.
20. Бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдарды бөлүштүрүү планы аймактык бөлүмдөр үчүн саламаттык сактоого республикалык бюджеттин көлөмүн алардын ишинин натыйжалуулугуна жараша тактоодо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин демилгеси боюнча жыл ичинде өзгөрүшү мүмкүн.
21. Консолидацияланган эмгек акы төлөө фондуна жиберилүүчү каражаттар кепилденген эмгек акыны жана ресурстар жетиштүү болгон учурларда - кошумча эмгек акыны төлөп берүүнү камсыздоого тийиш.
22. Коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери каражаттарды жана финансылык жылдын аягында кредиттик карыздарды максатсыз пайдаланууга жол бербөөгө жеке жоопкерчилик тартышат.
23. Аймактык бөлүмдөрдүн чыгымдарынын бекитилген жыйынды сметасы жеке сметалык пакетин тиркөө менен Департамент жана Республикалык борбор тарабынан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгилеген формада жана мөөнөттө берилет.
24. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы бюджеттик каражаттар жана коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын өтүнмөсү менен атайын эсептин каражаттары боюнча чыгымдардын сметасына ылайык каржылайт.
25. Департамент жана Республикалык борбор бюджеттик каражаттар жана атайын эсептин каражаттары боюнча чыгымдардын сметасын аткаруу жөнүндө андан ары отчет түзүү үчүн өзүнүн аймактык бөлүмдөрүнүн чыгымдарын эсепке алат.
26. Бюджеттик каражаттар жана атайын эсептин каражаттары боюнча чыгымдардын сметасын түзүүдө тиешелүү аймактык бөлүмдөрдүн чыгымдарынын түзүмүн оптималдаштыруу боюнча пландалган иш-чаралар эске алынат.
5-глава. Коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын бюджетин тактоо
27. Тиешелүү аймактык бөлүмдөрдүн чыгымдар боюнча бекитилген сметасынын көлөмү көбөйгөндө же азайганда жаңы смета тиешелүү мезгилге каржылоонун такталган планы катары аныкталат. Чыгымдар сметасы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча Департамент менен Республикалык борбор тарабынан такталат.
28. Коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын чыгымдар боюнча сметасына өзгөртүүлөр төмөнкү учурларда киргизилет:
- бюджет бекитилгенден кийин жаңы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга же колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды өзгөртүүгө байланыштуу;
- республикалык бюджеттен кошумча акча каражаттарынын бөлүнүшүнө байланыштуу;
- ченемдик каржылоо шарттарында уюмдардын жалпы чыгымдарын эсептөөдө колдонулуучу көрсөткүчтөрдүн өзгөрүшүнө байланыштуу.
6-глава. Коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын бюджетин аткаруу
29. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын чыгымдарын, аларды пайдалануу багыттарын көрсөтпөстөн, "саламаттык сактоо системасында бирдиктүү статья менен берилген чыгымдар" беренеси боюнча каржылайт.
30. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы бекитилген сметалык чыгымдарга ылайык коомдук саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо үчүн кассалык планды аныктайт.
31. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы кассалык каржылоо планын бергенден кийин Департамент жана Республикалык борбор өзүнүн аймактык бөлүмдөрү боюнча пайдалануунун багыттарын көрсөтпөстөн каржылоонун көлөмүн бир сап менен бөлүштүрөт.
32. Аймактык бөлүмдөр бюджеттик каражаттарды алуучу болуп саналат жана тиешелүү түрдө Департамент жана Республикалык борбор тарабынан түзүлүүчү кассалык план ар бир аймактык бөлүмдүн каржылоосун өз-өзүнчө чагылдырат.
33. Департамент жана Республикалык борбор кассалык планды тариздейт, ал "IS: Казына. Бюджет" программасына киргизилет.
34. Бөлүнүүчү каражаттардын суммасы бюджетти аткаруу процессинде мыйзамда белгиленген тартипте киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жактырылган жылдык жана кварталдык сметалардын чегинде болушу керек.
7-глава. Эсеп жана отчеттуулук
35. Бюджеттик каражаттарды эсепке алуу жана отчет берүү белгиленген казыналык жол-жоболор боюнча жүргүзүлөт.
36. Аймактык бөлүмдөр квартал сайын финансылык жана бухгалтердик отчетторду түзүшөт ("Баланс", "Баланска тиркемелер", форма № 2 "Бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдардын сметасын аткаруу жөнүндө отчет", форма № 4 "Атайын эсептин каражаттары боюнча чыгымдардын сметасын аткаруу жөнүндө отчет") жана баш ийүү тартибине жараша Департаментке жана Республикалык борборго беришет.
37. Департамент жана Республикалык борбор аймактык бөлүмдөрдүн отчетторунун негизинде республикалык бюджеттин каражаттары жана атайын эсептин каражаттары боюнча жыйынды отчет түзөт жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгилеген формада жана мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине беришет.