Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-майы № 221
Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо уюмдарында ченемдик каржылоону киргизүү чаралары жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 356, 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Коомдук саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо механизмин өркүндөтүү жана мамлекеттик финансылык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигиндеги коомдук саламаттык сактоонун ведомстволук уюмдарын каржылоонун киши башына карата ченеми (мындан ары - киши башына карата ченем), 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн бюджеттик каржылоонун ченемдери (мындан ары - кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо ченемдери), 4-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 356 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоодогу ведомстволук уюмдарынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн чыгашалары "саламаттык сактоо системасында бирдиктүү берене менен берилген чыгашалар" беренеси боюнча каржылана тургандыгы;
- 2019-2021-жылдар мезгили Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин аймактык бөлүмдөрүнүн бюджеттик камсыздалышын жабуунун бирдиктүү ченемин киргизүүгө чейин өткөөл этап болуп эсептеле тургандыгы;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Чаткал, Токтогул, Чоң-Алай, Жумгал жана Панфилов райондорунда, Кара-Көл, Сүлүктү, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр шаарларында жайгашкан аймактык бөлүмдөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык карантиндик жана өтө кооптуу инфекциялар борборунун Ат-Башы кара тумоого каршы бөлүмүнө алардын чыгашаларын жабуу үчүн бюджеттен тышкары дотациялар каржылоо тартыштыгынан төмөнкүдөй белгиленсин: 2019-жылы - 80 пайызга чейин, 2020-жылы - 70 пайызга чейин, 2021-жылы - 50 пайызга чейин;
- бул токтомдун күчү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин СПИД менен күрөшүүнүн жана алдын алуунун республикалык борборуна, СПИД менен күрөшүүнүн жана алдын алуунун облустук борборлоруна, "СПИД менен күрөшүүнүн жана алдын алуунун шаардык борбору" мекемесине, Бишкектеги ден соолукту чыңдоо борборуна жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Профилактикалык медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесине жайылтылбагандыгы;
- ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо ченемдери коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын каржылоо шарттары өзгөртүлгөндө кайра каралат, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча бекитилген бюджеттин чегинде эсептелип, Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш тарабынан бекитиле тургандыгы.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- коомдук саламаттык сактоо уюмдарында ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген киши башына карата ченемдин жана кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо ченемдеринин негизинде каржылоо механизмин киргизүүгө киришсин;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык карантиндик жана өтө кооптуу инфекциялар борборунун аймактык бөлүмдөрү үчүн 2022-жылдан тартып муктаждыктарын жабуунун бирдиктүү ченемин белгилесин;
- 2019-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө:
коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын учурда иштеп жаткан түзүмдөрүн кайра карап чыксын;
жаңы уюштуруу түзүмдөрү боюнча тиешелүү ченемдик базаны бекитсин;
коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын профилактикалык дезинфекция, дезинсекция жана дератизация бөлүмүнүн медициналык кызматкерлерин атайын эсептин каражаттарынын эсебинен кармоого өткөрсүн;
- 2019-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө:
коомдук саламаттык сактоо уюмдары жүргүзгөн иш-чаралар, текшерүүлөр жана изилдөөлөр жөнүндө маалыматтык-статистикалык базаны автоматташтырсын;
өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Коомдук саламаттык сактоо уюмдарына киши башына карата ченемдин жана кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо ченемдеринин негизиндеги каржылоо шартында төмөнкүдөй укук берилсин:
- өндүрүштүк зарылчылыкка жараша өз алдынча штаттык ырааттаманы түзүүгө, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу органдары бекиткен штаттык ченемдерде каралган кызмат орундардын ордуна башка зарыл болгон медициналык, администрациялык-башкаруучу жана чарбалык кызматкерлердин штатын эмгек акы төлөөнүн жалпы фондунун чегинде киргизүүгө;
- киши башына карата ченем жана кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо ченемдери боюнча эсептелген бюджеттин чегинде медициналык жабдууларды сатып алууга, транспортту кармоого жана коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин эмгегине дем берүү үчүн чыгымдардын багытталышын өз алдынча аныктоого.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигиндеги коомдук саламаттык сактоонун ведомстволук уюмдарын каржылоонун киши башына карата ЧЕНЕМИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 356 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигиндеги коомдук саламаттык сактоонун ведомстволук уюмдарын 2019-жылга каржылоонун киши башына карата ченеми бир тургунга 14 сом 50 тыйын (он төрт сом элүү тыйын) өлчөмүндө белгиленет, анын ичинде:
1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти - 1 тургунга 6 сом 30 тыйын (алты сом отуз тыйын) өлчөмүндө;
2) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар боюнча республикалык борбору - 1 тургунга 5 сом 80 тыйын (беш сом сексен тыйын) өлчөмүндө;
3) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору - 1 тургунга 1 сом 80 тыйын (бир сом сексен тыйын) өлчөмүндө;
4) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык иммунопрофилактика борбору - 1 тургунга 60 тыйын (алтымыш тыйын) өлчөмүндө.
|
| 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн бюджеттик каржылоонун ЧЕНЕМДЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 356 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кызмат көрсөтүүлөрдүн багыттары | Жылына кызмат көрсөтүүлөрдүн ченемдери, (сом) |
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлору | ||
1 | Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл | 3435 |
2 | Мамлекеттик санитардык көзөмөл | 2130 |
3 | Лабораториялык изилдөөлөр | 120 |
4 | Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлору облустун координаторунун функцияларын аткаруусу | бир тургунга 1 сом |
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Бишкек шаарындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору | ||
1 | Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл | 2900 |
2 | Мамлекеттик санитардык көзөмөл | 1800 |
3 | Лабораториялык изилдөөлөр | 100 |
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык карантиндик жана өтө кооптуу инфекциялар борборунун кара тумоого каршы бөлүмдөрү | ||
1 | Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл | 12100 |
2 | Зоологиялык-паразитологиялык жумуш (эпидемиологиялык отряддын, зоологиялык топтордун жана талаа дезинсекциясынын отряддарынын наркы) | 777000 |
3 | Лабораториялык изилдөөлөр | 685 |