Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААР АЙМАГЫНЫН КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 17-октябры № 87/17-8
“Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктү ажыратуу тартибин бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Турдуматовдун жана шаардык кеңештин мандат, регламент, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Т.Токтосуновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XVII сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктү ажыратуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кара-Көл шаардык кеңешинин аппараты бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинен каттоодон өткөрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Т.Т.Конкобаев), Кара-Көл шаардык мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгына (М.С. Курамаев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.К.Турдуматов), шаардык кеңештин мандат, регламент, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (А.Т.Токтосунов) жүктөлсүн.
Төрага | К.Д.Батыркулов |
Кара-Көл шаардык кеңешинин
2022-жылдын 17-октябрындагы
№87/17-8 токтомуна тиркеме
Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктү ажыратуу тартиби
1. Ушул тартип Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 34 жана 45-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 11, 19-беренелерине ылайык иштелип чыккан жана муниципалдык менчиктеги мүлктү сатып алуу-сатуу, менчиктештирүү же алмаштыруу жолу менен ажыратуу тартибин аныктайт.
2. Муниципалдык менчикте турган мүлктү ажыратуу Кара-Көл шаарынын тиешелүү чечиминин негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин макулдугу менен төмөнкү учурларда токтом кабыл алуу менен ишке ашырылат:
1) Муниципалдык менчиктеги мүлктү сатып алуу-сатууда;
2) Муниципалдык менчиктеги мүлктү менчиктештирүүдө;
3) Муниципалдык менчиктеги мүлктү алмаштырууда.
3. Кыргыз Республикасынын сот органдары тарабынан тиешелүү актылар чыгарылгандыгынын натыйжасында.
4. Кара-Көл шаарынын мэриясы Кара-Көл шаардык кеңешинин макулдугу менен кабыл алуучу мамлекеттик орган, мекеменин, ишкананын өтүнүчүнүн негизинде муниципалдык мүлктү өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
5. Муниципалдык мүлктү өткөрүп берүүдө тараптардын ортосунда кабыл алуу-өткөрүү актысы түзүлөт.
6. Ушул тартип Кара-Көл шаардык кеңеши тарабынан бекитилет жана өзгөртүү, толуктоолор киргизилет.
Жооптуу катчы |
К.И.Нурматова |