Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААР АЙМАГЫНЫН КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XVII сессиясы
2022-жылдын 17-октябры № 88/17-8
“Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын М.Сабиров 60а дарегинде жайгашкан административдик имаратын Сот департаментине өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесин, Кара-Көл шаардык кеңешинин 2022-жылдын 17-октябрындагы № 87/17-8 токтому менен бекитилген “Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктү ажыратуу тартибин” жетекчиликке алып, Кара-Көл шаарынын мэринин биринчи орун басары Э.С.Тажимырзаевдин 06.10.2022-ж. чыгыш №01-20-3418 сандуу кайрылуусун жана Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Турдуматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XVII сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Көл шаарынын мэринин биринчи орун басары Э.С.Тажимырзаевдин 06.10.2022-ж. чыгыш №01-20-3418 сандуу кайрылуусу жана Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Турдуматовдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын М.Сабиров 60а дарегинде жайгашкан административдик имаратын Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад областтык башкармалыгына мыйзам чегинде өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Кара-Көл шаардык мэрия (Т.Т.Конкобаев), муниципалдык менчик башкармалыгы (М.С.Курамаев) Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын М.Сабиров 60а дарегинде жайгашкан административдик имаратын Кара-Көл шаардык кеңешинин 2022-жылдын 17-октябрындагы №87/17-8 токтому менен бекитилген “Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктү ажыратуу тартибине” ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад областтык башкармалыгына өткөрүп берүү иш-чараларын жүргүзсүн.
4. Кара-Көл шаардык кеңешинин 01.09.2016-ж. №103/38-6 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
5. Кара-Көл шаарынын мэриясына (Т.Т.Конкобаев), шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (М.С.Курамаев) Кара-Көл шаардык сотуна имарат курууга берген жер тилкесин муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүп алуу боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Т.Т.Конкобаев), Кара-Көл шаардык мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгына (М.С.Курамаев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.К.Турдуматов) жүктөлсүн.
Төрага | К.Д.Батыркулов |