Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
2023-жылдын 4-майы № 23/79
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 25-апрелиндеги №47 протоколун бекитүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине, шаардык кенештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 25-апрелиндеги №47 протоколуна негиз, Кызыл-Кыя шаарынын мэринин 2023-жылдын 12-апрелиндеги №01-8/621 катын, Муниципалдык менчик департаментинин 2023-жылдын 06-апрелиндеги № 02-6/611 жана 2023-жылдын 10-апрелиндеги № 02-6/624 каттарын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 25-апрелиндеги №47 протоколу бекитилсин, тиркелет – 3 барак.
2. Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын жана шаардык кеңештин бухгалтерине, шаардык кеңештин иш кагаздарын жүгүртүүчү кызматкерине 15% кошумча эмгек акысы 2023-жылдын 1-январынан төлөнүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин “катардагы жумушкер” штаттык бирдиги “Техникалык тейлөөчү кызматкер” (завхоз) штаттык бирдигине өзгөртүүгө макулдук берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Калматов |
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун
№47 П Р О Т О К О Л У
Кызыл-Кыя шаары | 25.04.2023ж. |
Катышкандар:
1 | Калматов Ж. | – Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасы |
2 | Токурова А | – комиссиянын төрайымы |
3 | Анаркулова Т. | – комиссиянын мүчөсү |
4 | Сапарова.М.К. | – комиссиянын мүчөсү |
5 | Кудайбергенов.А.Ж. | – комиссиянын мүчөсү |
6 | Самидинов.Г.А. | – комиссиянын мүчөсү |
Чакырылгандар:
1 | Курбанов Ж. | – Кызыл-Кыя шаарынын мэринин 1-орун басары |
2 | Алимов. К.Ж. | – Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кызыл-Кыя башкармалыгынын башчысы
|
3 | Шератов К.О. | – Кызыл-Кыя Тазалык МИнын директору |
4 | Салиев.И.М. | –ММД жетекчиси |
Күн тартиби:
1. Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы МП “Кызыл-Кыя Тазалык” ишканасынын жетекчиси К.О.Шератовдун 2023-жылдын 03-апрелиндеги «Кызыл-Кыя Тазалык» муниципалдык ишканасынын чыгымдарынын расшифровкасына 5,0 млн (беш миллион) сом акча каражаты жөнүндө каты.
2. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору И.Салиевдин 2023-жылдын 06-апрелиндеги №02-6/611 сандуу каты жана 2023-жылдын 10-апрелиндеги №02-6/624 сандуу каты жөнүндө.
3. “Кызыл-Кыя шаарынын БАМ участкасынын 14-кичи районунун Аэропорт аялдамасынын ылдыйындагы темир жол бойлогон аты жок көчөнүн тургундарынын атынан келген асфальт төшөө жөнүндө” каты.
4. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору И.Салиевдин 2023-жылдын 25-апрелиндеги №02-6/736 сандуу каты жөнүндө.
5. Кызыл-Кыя шаарынын “М..Гулматов” сейил багынын директору А.Каримовдун 2022-жылдын 19-декабрындагы №0036 сандуу ”Кызыл-Кыя шаарынын “М.Гулмат” борбордук сейил багынын жолдорунун ондоп-түзөө иш чарасына жана жарыктандыруу иштерине 1271,0 (бир миллион эки жүз жетимиш бир миң) сом акча каражатын, Кызыл-Кыя шаарынын ММДнын Активдер бөлүгүнө киргизип берүү жөнүндө” каты.
Күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап чыгып, туруктуу комиссия
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. «Кызыл-Кыя Тазалык» муниципалдык ишканасынын чыгымдарынын расшифровкасына 5000000 (беш миллион) сом 2022-жылдын калдыгынан бөлүнүп берилсин, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясына сунушталсын.
Макул- 5, каршы-жок, калыс-жок.
2. Кызыл-Кыя шаарынын Жусубалиев көчөсүндө инвесторлор тарабынан курулуп жаткан Наркологиялык оорукананын имаратынын курулушуна, жергиликтүү бюджеттен салым, 4117115 (төрт миллион бир жүз он жети миң бир жүз он беш) сом. Жол белгилерин орнотууга 735000 (жети жүз отуз беш мин) сом, 3111-активтер беренеси аркылуу аткарылсын. Көчөлөргө 2 комплект видео байкоо орнотууга 446055 (төрт жүз кырк алты миң элүү беш) сом, 3112-активтер беренеси аркылуу аткарылсын. Мэриянын имаратынын сырткы жана ички бөлмөлөрүн ремонттоого 3000000 (үч миллион) сомго смета түзүлсүн, 2221-беренеси аркылуу аткарылсын. Мэриянын имаратынын ичине 7 даана көзөмөл камераларын орнотууга, 61074 (алтымыш бир миң жетимиш төрт) сом, 3112-беренеси аркылуу аткарылсын. Асаналиев көчөсүндөгү базардын тушундагы жолдун ортосуна темир парапет орнотууга 1501000 (бир миллион беш жүз бир миң ) сом акча каражаты, 3111-беренеси аркылуу аткарылсын. Восток 2/1 жаңы конушуна 440м аралыкта таза суу куурларын тартууга 528000 (беш жүз жыйырма сегиз миң) сом, 3111-беренеси аркылуу аткарылсын. Жусубалиев көчөсүнө сел сууларын өткөрүүчү лотокторду курууга (Маяковская көчөсүнүн кесилишинен газпромго чейин) 2000000(эки миллион) сом, 3111-беренеси аркылуу аткарылсын. “Кызыл-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасына коммуналдык кызматтарды корсөтүү үчүн, түзүнөн жүктөөчү (фронтальный погрузчик) атайын техникасын сатып алууга, салым катары 2000000 ( эки миллион) сом акча каражаты бөлүп берилсин, 3112-беренеси аркылуу аткарылсын. Жалпысынан 14389400 (он төрт миллион үч жүз сексен тогуз миң төрт жүз) сом акча каражаты, 2022-жылдын калдыгынан бөлүп берилсин. Бул маселе Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясына сунушталсын.
Макул- 5, каршы-жок, калыс-жок
3. “Кызыл-Кыя шаарынын БАМ участкасынын 14-кичи районунун Аэропорт аялдамасынын ылдыйындагы темир жол бойлогон аты жок көчөнүн тургундарынын атынан келген асфальт төшөө боюнча маселеси, сметасы такталып, алты айдын жыйынтыгы менен каралсын.
Макул- 5, каршы-жок, калыс-жок
4. Муниципалдык менчик департаментинин 2023-жылга бекитилген чыгашалар сметасында 2023-жылы тармактар боюнча аткаруулучу иш-чараларындагы Кызыл-Кыя шаарынын “Машзавод” жаны конушундагы социалдык обьектисине технологиялык жабдыктарын орнотууга 388954 ( үч жүз сексен сегиз миң тогуз жүз элүү төрт) сом акча каражаты “3111” активтер беренесине каралып калгандыгына калгандыгына байланыштуу 2023-жылдын 2-кварталындагы “3111” активтер беренесине каралган акча каражатынан 2023-жылдын 2-кварталынын “3112” унаа каражаттарын сатып алуу беренесине 388954 ( үч жүз сексен сегиз миң тогуз жүз элүү төрт) сом акча каражатын жылдырып берүү боюнча маселеси, “3111” беренеден “3112” беренеге которууга уруксат берилсин.
Макул- 5, каршы-жок, калыс-жок.
6. Кызыл-Кыя шаарынын “М..Гулматов” сейил багынын директору А.Каримовдун 2022-жылдын 19-декабрындагы №0036 сандуу ”Кызыл-Кыя шаарынын “М.Гулмат” борбордук сейил багынын жолдорунун ондоп-түзөө иш чарасына жана жарыктандыруу иштерине 1000000 (бир миллион ) сом акча каражатын, 2022-жылдын калдыгынан бөлүнүп берилсин, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясына сунушталсын.
Макул- 5, каршы-жок, калыс-жок.
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы: |
А. Токурова |
мүчөлөрү: | Т.Анаркулова
М. Сапарова
Г.Самидинов
А.Кудайбергенов |